КЫТАЙ ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫНЫН НЕГИЗГИ БААЛУУЛУКТАРЫ

Баасы: 385 COM

Китептин тили: Кыргызча

Сиздердин алдыңыздарда кытай элинин салттуу баалуулуктарына арналган китеп турат. Сиздер бул эмне деген баалуулуктар экенин, алардын кандайча пайда болуп жана кандай жол менен өнүккөндүгүн, алар кытай эли үчүн эмне үчүн абдан маанилүү экендигин жана батыш баалуулуктарынан эмнеси менен айырмаланарын биле аласыздар. Кытай цивилизациясынын философтук негиздери кытай элинин дүйнөгө, жашоого болгон көз караштарында чагылдырылат. Батыштагы азыркы убакта пайда болгон механикалык көз караштардан айырмаланып, классикалык кытай философиясында үзгүлтүксүздүк, динамизм, мамилелердин тыгыз, бири-биринен көз каранды жана статикалыкка караганда бүтүндүгүн, обочолуулугун, материалдык жана объективдүү менен субъективдүүнү бөлүштүрүүгө басым жасалган. Кытайдын органикалык холизминин негизинде Ааламда баары бири-бири менен байланышта жана бири-бирине көз каранды, ар бир нерсе, анын бар экенин көрсөтүп жана анын наркы башка нерселер менен мамилеси аркылуу билинет, ошондуктан адам жаратылыш менен, адам адам менен жана маданият маданият менен жанаша мамилелерди куруусу абзел деп айта алабыз. Мындай көз караш байыркы кытай маданиятына идеологиялык колдоо берген, ошондой эле анын баалуулуктарынын  философиялык негиздерин калыптандырган. Кытай цивилизациясынын философиялык негизи эмнени туюндурат?

Улуттун насил-нарк баалуулуктарын түшүнүү анын маданиятын түшүнүү үчүн ачкыч эмеспи. Китеп Кытайга кызыккан окурмандарга арналат.

Байланышта болуңуз