Апенди чалыштар

Баасы: 550 COM

Китептин тили: Кыргызча

“Апенди чалыштар” китеби өзүнө бир нече чакан, бирок абдан кызыктуу аңгемелерди камтыйт. Тили жатык, баяндоосу элестүү автор азыркы замандагы орчундуу маселелерге, чоң-кичине көйгөйлөргө, адамдардын пейилине, алардын өз ара мамилелерине, турмушка жана заманга карата көз караштарына  изилдөө жүргүзөт. Анын жеңил мыскыл аралаш өзгөчө жазуу ыкмасынын шарапаты менен жаркын образдар ачылган, күтүүсүз жоруктар баяндалган, күлүп да, күйүп да окулчу окуялар чебер сүрөттөлгөн. Мындан улам бул аңгемелер абдан кызыктуу мазмунга, терең мааниге ээ болушкан. Чындыкка таянып айкын сүрөттөлгөн окуялар, элестүү каармандар окурманды кайдыгер калтырбайт, аргасыздан жылмайтат, ошондой эле кыжырлантат, аларды жаныбыздагы жашоодо болуп жатканын эстетет, баш ийкете ынантып, баш чайката өкүндүрөт. Жеңил мыскыл жана азилдин жардамы менен жазуучу турмуштагы ойдон чыгарылбаган окуяларды чебердик менен чагылдырып бере алган. Окуялардын көп түрдүүлүгүнөн, каармандарынын ар кылдыгынан коомдогу өзүнүн башкача жүрүш-турушу жана өзгөчө ойлору менен айырмаланган адамдын сүрөтү ачык жана даана көрүүгө болот.

Китеп окурмандардын кеңири катмарына арналды. Бул аңгемелерден кытай элинин кулк-мүнөзүн эле эмес, сөзсүз түрдө жер жүзүндөгү башка улуттардын да кылык-жоруктарын көрө аласыздар. Анткени өсүп чыккан тамырлары ар башка калктар болсо да адамдардын жоруктары кандайдыр окшоштуктарга ээ. Бул кыска, бирок нуска ошондой эле кызыктуу аңгемелерди окуу менен сиздер өзүңүздөр үчүн көп жакшы жана пайдалуу дүйнөнү ача аласыздар.

Байланышта болуңуз