Кытай Коммунисттик партиясы Кытайды кантип өзгөрткөн

Баасы: 650 COM

Китептин тили: Кыргызча

Кытай Коммунисттик партиясынын алдындагы Борбордук партиялык мектептин проректору, профессор Се Чуньтаонун бул жаңы китеби Кытайдын жаңы тарыхына арналган. Анда 1949-жылдан бери, КЭР түзүлдү деп жарыяланган учурдан тартып азыркы учурга чейин өлкөдө болуп өткөн саясий, экономикалык, маданий өзгөрүүлөр жана мына ушул өзгөрүүлөрдө Коммунисттик партия кандай роль аткаргандыгы кеңири чагылдырылган. Китепте конституциялык укуктан тартып куралдуу күчтөргө чейин, социалдык камсыздоо жана турак жай тармагынан тартып тышкы саясат жана эл аралык соодага чейинки тармактардагы реформалардын багытын аныктаган партиялык документтерге талдоо берилген.

Басылма Кытайдын заманбап тарыхына кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

 

Байланышта болуңуз