Баасы:
950 COM
Китептин тили: Кыргызча
Кытай – бул тарыхы, маданияты, искусствосу, табияты, ал тургай ашканасы да таң калтырган өлкө. Кытайлар адатта чөкөлөр менен тамактанышат, бул болсо чоң чеберчиликти талап кылат. Кытай тамактарын даярдоо үчүн колдонулган азыктар да өзгөчөлөнөт. Булар жылан эти, акула канаттары, ар кандай майда жаныбарлар жана курт-кумурскалар.
Өлкөнүн ар бир аймагында тамак жасоонун ар башка маданияты бар. Кытайда чоң суроо-талапка ээ кесмени мисал кылсак, анын 1000ден ашуун түрү бар, ал эми колуңуздагы китепте 365 түрү тандалып, жасоо ыкмасы сүрөттөлгөн. Анда эмесе, Кытай ашканасындагы кесме жасоо чеберчилигине саякатка чыгалы.