Бейпил дүйнө

Баасы: 650 COM

Китептин тили: Кыргызча

Бул окуя 1975-жылы Сундун чоң үй-бүлөсү жашаган Эки-Суу айылында башталат. Бирок алардын жашоосун бактылуу деп айтууга болбойт эле – үй-бүлө мүчөлөрү эптеп күн көрүп, биринин артынан бири келген ийгиликсиздиктерге туш болушат. Үй-бүлөнүн кичүү уулу Шаопин тагдырын өзгөртүүнү каалайт: аны жаңы турмуш өзүнө тартып, алыстан шаар чырактары балбылдап, кыялын ишке ашыруу үчүн талыкпай, жан аябас эмгек кылууга даяр.
Бул кыйын жолдо Сунь Шаопин туңгуч сүйүүнүн бийик, жалындуу бактысын жана биринчи жоготуунун ачуу даамын, жашоодогу өйдө-ылдый, кубаныч менен кайгыны башынан өткөрөт, бирок аны тагдыр кайда алып барбасын, башкы нерсени – кайраттуулук, боорукердик, жан аябастык жана үй-бүлө, туулган жер менен рухий байланышты эч качан жоготпойт.
Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

Байланышта болуңуз