Баасы:
600 COM
Китептин тили: Кыргызча
Каармандары Чоң Баш уул, Кичине Баш ата жана Алжапкыччан апа болгон бул чакан аңгемелер жыйнагында атасы менен уулунун күнүмдүк кызыктуу окуялары чебер сүрөттөлүп, балдардын таза, кыялкеч дүйнөсүнө сүңгүйбүз. Китепте 80 аңгеме бар. Башкы каармандар үй-бүлөдөгү ата-эне менен баланын ордун көрсөтүп, алардын бардык иш-аракеттеринде, өз ара мамилелери менен маектешүүлөрүндө тарбиялык мазмун камтылып, үй-бүлө психологиясы чагылдырылган.
Балдарга арналган аңгемелерден турган бул жыйнак Кытайда жогору бааланып, аңгемелердин негизинде атайын мультфильм тартылып, 2002-жылы Борбордук телекөрсөтүү станциясынын Балдар каналынан көрсөтүлгөн.