Китептин тили: Кыргызча
Өз убагында кыйроолорго дуушар болгон Кытай идеологиялык ачыктыктын аркасында бүгүнкү өнүгүүгө жетише алды. 1978-жылы жолдош Дың Сиаопиң өзгөчө кайраттуулук жана илимий мамиле менен ар кандай тоскоолдукту жеңип, коомдук өнүгүүдөгү туңгуюктан алып чыккан, ошону менен бирге ой жүгүртүүнү азаттыкка чыгаруу жана реалдуу фактылардын негизинде иштерди чечүү боюнча улуу жолду баштаган.
Ачыктык жана реформа саясатын ишке ашырууда Кытайдын жолу оңой болгон жок. 40 жылдын ичинде айылдан шаарга, эксперименттен иш жүзүндө алга жылууга, экономикалык тутумду реформалоодон терең өзгөрүүлөргө чейин Кытай дүйнөдөгү экинчи экономика болуп, жемиштүү натыйжаларга жетишти. КЭР «мезгил менен бирге кадамдоо доорунан» «лидерлик доорго» чейин чоң секирик жасагандан бери, кытай улуту «бутка туруп» жана «баюудан» «күчтөнүүгө» чейин чоң өсүштү көрсөтүүдө.