Бэньти жана Чан У

Баасы: 600 COM

Китептин тили: Кыргызча

“Линь агай менен баарлашуу Бэньти жана Чан у: Экономикалык илим усулдарын окутуу маектери” эмгегинин баяндалышы окурмандар үчүн өзгөчө болушу мүмкүн. Анткени, анын өзөктүү бөлүгү окутуучу менен окуучунун ортосундагы сабак өтүү ыкмасы баарлашуу (диалог) формасында баяндалган.

Бул форма байыркы Кытайдагы педагогикалык практикада салтка айланган ыкманын бири болгон.

            Китептин автору Линь Ифу – кытайдагы белдүү экономисттердин бири, Чикаго университетинде  философия илимдеринин доктору, Кытай экономикалык изилдөөлөр Борборунун негиздөөчүсү катары төрт жыл бою Дүйнөлүк банкта жетектөөчү экономист болуп иштеген.

            Чыгарманын аталышы, философиялык мааниге ээ болуп, эки түшүнүктүн (кытай) транскрипциясынан келип чыгат да аны кыргызча сөзмө сөз которуу толук маанисин бере албай калышы күтүлөт.

        «Бэньти» бул--экономикалык изилдөөлөрдүн усулу менен өзөктүү жоромолдорун камтыса, «Чан у» бул – ушул мезгилге чейинки теориялар менен эле чектелип калбай, көрүнүштөрдү окуп-үйрөнүү муктаждыгын ачыктап жар салган илимий эмгек.

 

Байланышта болуңуз