Кытай өзгөчөгүлү бар социализм

Баасы: 370 COM

Китептин тили: Кыргызча

Дүйнөдө “капиталисттик” жана “социалисттик” деген аталыштагы эки коомдук түзүлүш бар. Алар жүз жылдан ашык убакыттан бери өз ара атаандаштыкта жашап келишет. Убагында В.И. Лениндин жетекчилиги астында социализмдин негиздөөчүсү болгон Советтер Союзу падышалык Орусиянын элдерин сокочон кабыл алып, космоско спутник учурган бийик деңгээлге чейин көтөрүп ийгиликке жетишкен (ушул далил деле социализм өнүгүүнүн туура жолу экенин татыктап турат). Бирок өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын башында туура эмес жүргүзүлгөн саясат менен башкаруудан жана башка орчундуу себептерден улам Советтер Союзу кулап, ордуна капиталисттик маанайдагы көптөгөн мамлекеттер пайда болду. Ушундан соң дүйнө Советтер Союзу менен бирдей түзүлүштөгү Кытайдын да ошондой кыйын тагдырга учурашын күттү. Бирок, Кытай мамлекети экономикалык ийгиликтерге жетишип, тескерисинче дүйнөдөгү өндүрүшү өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы сабына чыгып, ийгилик жаратуу менен дүйнөнү таңгалдырды. Ошондон кийин Кытай өлкөсү жашап жаткан  “Кытайдын өзгөчө социализми” деген аталыштагы коомдук түзүлүшкө кызыгуулар күчөдү.  

Ошентсе да дале болсо ушул убакка чейин дүйнө эли үчүн “Кытайдын өзгөчө социализми” деген термин түшүнүксүз болуп келе жатат. Ошондуктан биз “Кытай өлкөсүнө гана таандык өзгөчө социализм деген эмне?”, “Эмне үчүн Жер планетасындагы аянты боюнча үчүнчү орунда турган Кытай өлкөсү өзүнө гана тиешелүү жолду тандап алып, анда кантип ийгиликтерге жетише алды?” деген сыяктуу акыркы кезде бизге көп берилген сууроолорго  жооп таап берүү үчүн ушул эмгекти жараттык.

Кытай өзгөчөлүгү бар социализм жолу улуу кытай улутун кайра жарата турган туура багыт экенин тарых далилдеп койду.  Бул китепте биз ушул идеяны ишке ашыруу канчалык маанилүү экенин тастыкташ үчүн өлкөнүн илимий жана идеологиялык чөйрөлөрүнүн  жалпы түшүнүгүн негиз кылуу менен өткөнгө, учурга жана келечекке көз жүгүрттүк.

Андыктан бул эмгек жамааттык изилдөөлөрдүн корутундусу болуп саналат десек жаңылышпайбыз. 

Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналды.

Байланышта болуңуз