Конфуцийдин белгилүү ойлорунан

Баасы: 250 COM

Китептин тили: Кыргызча

Колуңуздардагы басылмага Конфуцийдин “Төртилтик китебинен” (“Сышу”) тандалып алынган улуу ойлор киргизилди. Мында адам өз адеп-нысабын кантип башкара алары жана туура жүрүм-турумду кантип жетектесе болору жөнүндө кеп кылынат.  Анын байыркы кол жазмалары тил адистери тарабынан азыркы кытай тилине которулуп,  андан соң орус тилине чебердик менен оодарылган. Түп нускасындагы конфуцийчил улуу ойлор болушунча көбүрөөк сакталышы үчүн, ошондой эле китептин көлөмүн кичирейтиш максатында кол жазмага берилген түшүндүрмөлөр, талдоочу жана сындоочу пикирлер алынып салынып, котормо жөнөкөй жана түшүнүктүү болушу үчүн аракеттер жасалып, баа жеткис учкул ойлорду туура түшүнүп, эркин ой жүгүртүүсү үчүн окурманга толук эркиндик берилди. Конфуцийдин төртилтигинде адамдын коомдук жашоодогу адеп-ахлагына, туура жүрүм-турумуна көбүрөөк көңүл бурулган.

Колуңуздардагы эмгектин чордонун конфуцийчилик окуунун негизги төрт китеби: “Улуу окуу”, “Өзөк жөнүндө окуу”, “Сукбат жана Талкуу”, “Мэн-цзы” түзөт. Андыктан  бул  төртилтик маданияттуумун деген же ошондой болгусу келген ар бир адамга окууга милдеттүү эмгектер болуп саналышы керек. Ошого жараша бул эмгекке айтылуу ойчулдун элдик макалга айланчудай кептери түп нускадан түз алынып, жөнөкөйлөштүрүлүп берилди. Алардын өзөгүн адамдын коомдогу адеп-ахлактуу жашоосу боюнча айтылган насааттар ээлеп турат. Бул улуу устаттын эмгектерин окуп үйрөнүүнү оңойлотот, аларды туура түшүнүүгө жардам берет, ошондой эле конфуцийчиликтин дүйнөгө бийик дем менен белгилүү болушуна жана ар тараптуу таралышына жардам берет. Эгер бул китеп конфуцийчиликтин негиздерин жайылтууга жана адамдардын адеп-ыйманын, адамгерчилик сапаттарын көтөрүүгө салым кошсо биз үчүн  чоң ийгилик жана сыймык болуп саналат.

Китеп бардык эле кытай маданиятына жана тарыхына, кытай ойчулдарынын учкул сөздөрүнө кызыккандарга арналды.

Байланышта болуңуз