Дунхуаң тануу илими. Он сегиз лекция

Баасы: 675 COM

Китептин тили: Кыргызча

Бул китепте - «Дүнхуаң таануу» илими негизинен Кытай Эл Республикасынын аймагындагы Дүнхуаңда жайгашкан Цаңжиңдуң үңкүрүнөн табылган иш-кагаздарды изилдөөчү илим катары каралат.

Дүнхуаңдагы археологиялык иштердин илгерилөөсү, айрыкча Дүнхуаң үңкүрлөрүнүн коргоого алынып, изилдениши, Дүнхуаң рейкаларынын, Турпан жана Орто Азияга таандык көп сандаган иш-кагаздарынын жерден казылып алынуусу, Кытайда жана башка өлкөлөрдө сакталып турган Дүнхуаң жибек картиналары сыяктуу искусство чыгармаларынын жарыялануусу, «Дүнхуаң таануу» илиминин изилдөө чөйрөсүн кеңейтүү зарыл деп эсептеген окумуштуулардын көбөйүүсүнө түрткү берген. Анткени “Дүнхуаң таануу” илиминин маани-мазмуну бай жана ар тараптуу.

Анын изилдөө объектиси дагы деле Дүнхуаң, Турпан жана башка түндүк-батыш жерлеринен табылган маданий эстеликтер, колжазмалар болуп эсептелет. Булардын бардыгы болбосо да көпчүлүгү Дүнхуаң менен Турпанда жазылган. Ал эми  айрымдары болсо Чан-аньда, Лоянда, Хэсиде же Орто Азия өлкөлөрүндө жазылып, анан Дүнхуаңга же Турпанга жеткирилген.

Дүнхуаң менен Турпан, Тан мамлекетинин Жибек жолунун боюнда жайгашкан шаарлары болуп, ар түрдүү цивилизациялардын элементтерин кабыл алышкан.

Бул лекциялар жыйнагы “Дүнхуаң таануу” илимине кызыккандарды тааныштырып, тарыхтан сырткары тил, көркөм өнөрчүлүк, адабият, дин жана башка тармактардан да кабар берет.

Байланышта болуңуз