Азыркы кытай адабиятынын тарыхы

Баасы: 720 COM

Китептин тили: Кыргызча

Кытай - көп миңдеген жылдык тарыхы бар чоң мамлекет. Анын өткөн карт тарыхын каза берсең түбүнө жетпейсиң, сөз кылып бүтпөйсүң. Бул учурларда анын жылдызы жаркырап бирде бийик көтөрүлсө, кай бир мезгилдерде паска түшүп турган. Антсе да ал азыркы доорго татыктуу түрдө келип жетип, азыр кийинкилерге аңыз болчу экономикалык жана маданий кайра жаралуусунун эң бийик тепкичи менен көтөрүлүп бара жатат. Бул өнүгүүгө жетишүүнүн башкы себеби Кытайдын социализм жолун тандап алуусу болду. Анда көп адашып, жаңылыштыктарды кетирсе да талбаган эмгектин жана изденүүлөрдүн арты менен акыры жакшы ийгиликтерди жарата алды. Бардык тармактардай эле адабият да жашап жаткан доорунан сырт кала албайт. Андыктан ал дагы социализм дооруна өткөн 1949-жылдан бери ар түрдүү абалдарда болду, изденди, кемчиликтерди кетирди, артыкчылыктарын көрсөтө алды, ийгиликтерди жаратты. Акын-жазуучулар, дегеле көркөм адабият майданындагылар ушул учурда социалисттик кытай адабиятын жаратуунун далбасасында болушту.

Мурунку учурлардан бөлүп көрсөтүү үчүн адабияттын ушул дооруна өткөн кылымдын 80-жылдарынан бери изилдөөчүлөр “Азыркы Кытай адабияты” деген шарттуу аталыш берүү менен изилдеп келишет.  Колуңуздардагы кытай адабиятчысы Хун Цзычэндин “Азыркы кытай адабиятынын тарыхы” аталышындагы илимий эмгекте өлкөнүн социалисттик доорго өткөнүнөн берки адабияттагы кубулуштар изилденет, талданат жана башка адистердин ой-пикирлери, бүтүм чыгаруулары, сындары, баа берүүлөрү окурман менен тең бөлүшүлөт.

Бул китеп 80-жылдардан бери кырк жолудан ашык кайталанып басылды, колуңуздардагысы болсо анын эң акыркы оңдолгон варианты жана азыркы кытай адабияты боюнча эң жаңы окуу куралы болуп саналат. Андыктан ал  он биринчи беш жылдыктын жогорку билим берүү боюнча мамлекеттик маанидеги планына киргизилген. Жогоруда айтканыбыздай китеп 1949-жылдан 2000-жылга чейинки адабият дүйнөсүндөгү орчундуу окуяларды, жазуучулардын ишмердигин, алардын чыгармаларынын жарыяланышы менен сындалышы сыяктуу көптөгөн иш-чараларды өз ичине камтуу менен сөз кылып, азыркы кытай адабиятын изилдөөчүлөрү менен окуп үйрөнүүчүлөргө  жакындан жардам берүүчү окуу куралы болуп бере алат. Адабияттын тарыхына болгон билимди  байыткан жана аны изилдөө эмгектерине орчундуу салым кошо ала турган бул китеп азыркы кытай адабиятынын тарыхы боюнча жогорку деңгээлдеги эмгек болуп саналат.

Байланышта болуңуз