АЗЫРКЫ КЫТАЙ АДАБИЯТЫНЫН ӨНҮГҮШҮ

Баасы: 540 COM

Китептин тили: Кыргызча

Убакыт зымырап учкан сайын замандар алмашат, доорлор өзгөрөт. Эл анын артынан ээрчийт, коомчулук кошо кетет. Антсе да доорлордун өзгөрүүсүнө, калктын кайдадыр багытталуусуна калемди курал сымал колдонгон жазуучулардын, дегеле баардык жазмакерлердин, маданият кызматкерлеринин  таасири чоң, ролу абдан зор. Анткени алар коомдун акылы, аң-сезими, абийири жана элге үлгү көрсөтүп, алга карай баштоочусу. Арийне, алар да пенде болгондорунан кийин жаңылышышат, туура эмес кадамдарга барышып, терс агымдардын жетегинде калышат. Ушундай түрдүү түшүнүктөгү жазуучулар ар кандай топторго бөлүнүшүп, түрдүү адабий агымдарды жаратышып, кай бири заман саясатына колдошсо, кээ бирлери ага каршы чыгышат. Мындан улам пикир келишпестиктер жаралып, ортодо күрөш жүрөт. Бирок, бул жараяндын да жакшы жагы бар; талаштан тактык жаралат, атаандаштык бир эле саясий же идеологиялык жактан эмес сапат жана сан жагынан да жүрүп, адабиятка жакшы салымын кошуп, өнүктүрөт. Байыркыдан бери көчүн бузбай улантып келе жаткан Кытай адабияты акыркы абдан тынчы жок болгону менен укмуштай өнүгүүгө жетишкен акыркы жүз жылдык доорунда жакшы эле ийгиликтерди жаратып, бир топ эле алга адымдады.

Ушул адабий өзгөрүүлөр менен өнүгүүлөрдү талдап чыгып, баяндап берүү абдан татаал иш болуп саналат. Өзгөчө азыркы адабият тууралуу кеп кылганда бул иш ого бетер оорлойт. Ушундай түйшүктү моюнга алган У Фухуэй колуңуздардагы китепте XX кылымдагы кытай адабиятынын тарыхын жаӊы көз карашта баяндап берүүгө далалат кылган жана ал максатын ийгиликтүү ишке ашыра алган. Автор XIX кылымдын аягынан XX кылымдын ортосуна чейинки адабий чөйрө менен адабий тилдеги өзгөрүүлөрдү, кино тармагы менен адабияттагы өз ара байланышты, ошондой эле чет элдик авторлордун кытай тилине которулган чыгармаларын изилдеген. 

Китеп адабиятчыларга жана кытай маданияты боюнча иш жүргүзгөн адистерге сунушталды. 

Байланышта болуңуз