УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН АРХЕОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ

Баасы: 540 COM

Китептин тили: Кыргызча

Тарых бул – учу-кыйырсыз океан болсо, археология мына ошол океан түбүн изилдеген илимдин эң кызыктуу бир тармагы болуп эсептелет.

Улуу Жибек жолу - б.з.ч. II кылымдын ортосунан Орто кылымдардын ортосуна чейин өкүм сүргөн эл аралык соода (негизинен жибек жана фарфор) жана маданий-карым катнаш жолунун аталышы. Бул жол Чыгышта - Кытай, Батышта - Рим жана Византия дөөлөттөрүн, түндүктө - Чыгыш Европаны жана Сибирь аймагын, түштүктө - Түндүк Индия аймагын (айрым кылымдарда) баш коштурган.

Кыргызстан аймагы да Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан.

Соода кербендери Кыргызстандагы Ош, Өзгөн, Баласагын, Суйаб, Барскан, Кочкор-Башы, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдардагы шаарлар аркылуу өткөн.

Бул китептен сиздер Улуу Жибек жолунун тарыхы аркылуу ошол замандарда жол боюнда жайгашкан мамлекеттердин тарыхын, маданиятын, каада-салтын, искусствосун, экономикасын, саясатын, архитектуралык курулушун, тарыхый инсандарын, мамлекет өкүмдарларынын ишмердүүлүгү ж.б. сапаттары тууралуу кытай окумуштуусунун дарстар топтомдорунан тааныша аласыздар.

Кытай цивилизациясы Европа, Азия, Африка сыяктуу үч чоң материктин байыркы цивилизациясы менен аябай эрте карым-катнаш баштап, өз ара таасир этип, ич ара алакада болгон. Бул байыркы цивилизациялар ортосундагы карым-катнаш жолдорунун азыркыга чейин жалпы мүнөздүү аталышы жок. 1877-жылы германиялык географ Фердинанд фон Рихтгофен (Ferdinandvon Richthofen) өзүнүн белгилүү «Кытай» аттуу китебинде алгачкы жолу “Seidenstrassen” (Жибек жолу) аталышын атайт (көрсөтөт). Анын Улуу Жибек жолуна берген классикалык илимий аныктамасы: «Жибекти соодалоо үчүн Батыш аймагына  болгон каттамдар биздин заманга чейинки 114-жылдан биздин замандын 127-жылына чейин Кытай менен Эки суу аралыгы (Борбордук Азиядагы Амударыя менен Сырдарыянын ортосундагы аймак) аймагын, ошондой эле Кытай менен Индияны байланыштырган. Китеп кытайтаануу иштери менен алектенгендер үчүн жана тарыхка кызыккан бардык окурмандарга арналган.