ОРГУШТАГАН ОЙЛОР МЕНЕН ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН ОРТОСУНДА

Баасы: 720 COM

Китептин тили: Кыргызча

Марксизм тууралуу окуу XIX кылымдын аяк ченинде пайда болсо да, ал XXI кылымдын салты менен талабына да жооп берет. Китептин түзүүчүлөрү Оуян Кан менен Чжан Минцан муну далилдешти. Алардын ойлору боюнча, Карл Маркстын окуусун буга чейин калыптанып калган ой-пикирлердин ыңгайынан айырмаланган, жаңыча көз караштар өңүтүнөн карап чыгуу керек. Китепте башкы орунду “тажрыйба” түшүнүгү жана ага байланышкан маселелер ээлейт. Окурмандардын кеңири катмарына арналган.

Белгилүү бир ойчул менен ал жашаган доордун ортосунда ар дайым бузулгус, эки тараптуу байланыш болот. Философ өз мезгилинин ыргагында жашайт; анын ойлору доор рухун чагылдырат; ойчулдун тагдыры менен анын окуусу болсо муундар тагдырын чагылдырат. К.Маркс 1818-жылы 5-майда Триреде туулуп, 1883-жылы 14-мартта каза болгон. Азыркы замандын адамдары менен Марксты жүз жылдан ашык аралык бөлүп турат. Адамзат тарыхына жөнөкөйлөтүп көз чаптырчу болсок, убакыттын бул аралыгы өтө эле аз. Бирок, эгерде анын мазмунуна терең үңүлүп карасак, бул мезгил адамзатынын тарыхындагы эң маанилүү өзгөрүүлөрдүн, ыкчамдык менен өнүгүүнүн жана абдан терең кайра куруулардын мезгили болуп чыгат. Бул салыштырмалуу аз убакыт аралыгында тарыхый майданда адам тирилигинин тажрыйбадагы түп тамырынан өзгөрүүсү болуп өттү, бул дүйнөгө болгон көз караш, ой жүгүртүү жана коомчулуктун ойлонуу форматындагы алга жылууларды шарттады. Ошондуктан биз Маркстын өмүрүн жана анын философиясын изилдөөдө бул айырмачылыктарды көңүлгө албай коё албайбыз; мындай болбогондо, мезгил менен байланыш үзүлүп, сокур ишенимге жетелетип калуубуз ыктымал.

Китепте башкы орунду “тажрыйба” түшүнүгү жана ага байланышкан маселелер ээлейт. Окурмандардын кеңири катмарына арналган.

Байланышта болуңуз