СИ ЖОҢСҮНДҮН МУРАСЫ

Баасы: 800 COM

Китептин тили: Кыргызча

Кытай мамлекетинин тарыхында Коммунисттик партиянын өзгөчө орду бар. Дал ушул партия же партиянын пайдубалын түптөгөн партиялык кызматкерлер Кытай мамлекетин бардык жагынан артта калган коомдон дүйнөнүн алдынкы ири державасына айланта алды. Албетте, бул жол оңой болгон жок, партия идеалдарын бекем карманган, мекенге жан-дили менен берилген бул кызматкерлердин тагдыры да ошого жараша оомал-төкмөл болду.

Колуңуздагы эмгекте Компартиянын чыныгы кызматкери, өз элинин мекенчил уулу, КЭРдин учурдагы Төрагасы Си Жинпиңдин атасы Си Жоңсүндүн баскан жолу, партиялык ишмердүүлүгү тарыхый маалыматтардын коштоосунда баяндалат. «Өмүр бою күрөш, түбөлүк бакубаттыкта жаша. Күн сайын күрөш, ар күнү жыргалчылыкта жаша» – бул Си Жоңсүндүн эң белгилүү сөздөрүнүн бири.

Китеп кытай таануучуларга жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

Байланышта болуңуз