ЖИБЕКТИН ТАРЫХЫ

Баасы: 444 COM

Китептин тили: Кыргызча

«Кытай баалуулуктары» сериясы:

ЖИБЕКТИН ТАРЫХЫ

 

Авторлор: Мао Хуивей, Жао Фың

Кытай тилинен которгон: А. А. Малабекова

Редактор: К.С. Аркабаев

ISBN  978-9967-9207-3-6

 

Адамзат жаралып, акыл-эске ээ болгондон бери эле кийим-кечеге муктаж болуп келет десек жаңылышпайбыз. Алгачкы кездерде адамдар суук аба ырайынын айынан кийинүүгө аракет кылган. Ошентип, көп доорлор өткөндөн кийин, жаныбарлардын терисинен кийим кийген жашоосу оңолуп, акыл-эси өскөн сайын, кийиминин  жылуу эле болуусуна эмес, анын ички ыңгайлуулугуна, сырткы көркөмдүүлүгүнө көбүрөөк маани берип, бара-бара башка да ыкмаларды өздөштүрө баштаган. Ушундай миңдеген жылдарды карыткан изденүүнүн натыйжасында адамзат жаныбарлардын тыбыты менен жүнүнөн кийим токуп, кийиз жасоону, өсүмдүктөрдүн буласынан кездеме согууну өздөштүргөн. Ал эми тыт дарагынан алынган жибек кездемеси кытай элинин адамзаттын кийим кийүү маданиятына кошкон зор салымы болуп саналат.

Биз колуңуздагы китепте алгач Кытайда жаралып, кийин бүткүл адамзаттын асыл энчисине айланган ажайып кездеме – жибектин өздөштүрүлүү, өнүгүү жана кооз сайма түшүрүлгөн азем кийимге айлануу тарыхын баяндап берүүгө аракеттендик.

Байланышта болуңуз