ДУНХУАҢДЫН ТАРЫХЫ

Баасы: 444 COM

Китептин тили: Кыргызча

«Кытай баалуулуктары» сериясы:

ДУНХУАҢДЫН ТАРЫХЫ

 

Авторлор: Жай Жиенхоң, Лиу Жинбао

Кытай тилинен которгон: А. Темиркан кызы

Редактор: К.С. Аркабаев

ISBN  978-9967-9207-0-5

 

Кытай – абдан узак тарыхы бар мамлекет. Аны өлкөбүздүн аймагындагы байыркы эстеликтер менен археологиялык табылгалар тастыктап турат. Өзгөчө анын батышы менен чыгышын бириктирген Хыси далисиндеги Дунхуаң шаарына жакын тоодо жайгашкан «Могао» үңкүрлөр комплекси Кытайдын өткөн тарыхый доорлорунан көптөгөн маалыматтарды берет. Андагы будда ишенимине таандык айкелдер, сүрөттөр, кол жазмалар жана башка тарыхый табериктер өткөн чакты изилдеген илимпоздорго жакшы колдонмо болуп бере алат.

Колуңуздагы «Кытай баалуулуктарынын тарыхы» сериясына таандык «Дунхуаңдын тарыхы» аттуу эмгегибизде, аты айтып тургандай, Дунхуаң шаарынын тарыхын кызыктуу жана ырааттуу баяндап берүүгө белсендик, өзгөчө «Могао» үңкүрлөр комплексинде жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөргө таянып, андагы тарыхый эстеликтер жөнүндө так жана түшүнүктүү түрдө аңгеме курууга аракеттендик. Ошондуктан, урматтуу окурман, бул китептен Кытайдын узак тарыхы боюнча пайдалуу маалыматтарды алып, дүйнөлүк маданий мураска айланган «Могао» үңкүрлөрүнүн кооздугун, укмуштуулугун, сырдуулугун сезип, Дуңхуан шаарынын көп кылымдык тарыхы менен таанышасыз.

Байланышта болуңуз