Китептин тили: Кыргызча
«Кытай көркөм өнөрү» сериясы:
ЧОПО АЙКЕЛДЕРИ
Автор: Чжао Веньчэн
Которгон: А. Темиркан кызы
Редактор: К. Аркабаев
ISBN 978-9967-9151-9-0
Ар бир улуттун өзүнө таандык маданияты бар. Батыш маданияты, ааламда шуу сыяктуу терс таасирлер кытайдын салттуу маданиятына болуп көрбөгөндөй коркунуч туудурууда. Мындан улам көп кылымдардан бери өнүгүп келаткан элдик өнөрлөр жок болуу коркунучунда турат. Мына ушундай кырдаалда Кытай өлкөсү элдик өнөрлөрдү сактап калуу үчүн бир топ иштерди жасоодо.
Колуңуздагы “Кытай көркөм өнөрү” сериясы боюнча чыгарылган китептер – ошол иштердин бири. Бул элдик өнөрлөр элдин эзелкиден берки тарыхын, рухий байлыгын, бийик мүдөөсүн, асыл ой-тилегин камтып турат, ошондой эле улуттун кооздукка суктанып умтулуусун, кала берсе, карапайым адамдардын күнүмдүк жай турмушун, майрамы менен арманын да айкын чагылдыра алат.