БАТПЕРЕК

Баасы: 245 COM

Китептин тили: Кыргызча

«Кытай көркөм өнөрү» сериясы:

БАТПЕРЕК

 

Автор: Рен Сяошу

Которгон: Д. Насиров

Редактор: К. Аркабаев

ISBN 978-9967-9151-6-9

 

Ар бир улуттун өзүнө таандык маданияты бар. Батыш маданияты, ааламдашуу сыяктуу терс таасирлер Кытайдын салттуу маданиятына болуп көрбөгөндөй коркунуч туудурууда. Мындан улам көп кылымдардан бери өнүгүп-өөрчүп келаткан элдик өнөрлөр жок болуу коркунучунда турат. Мына ушундай кырдаалда Кытай өлкөсү элдик өнөрлөрдү сактап калуу үчүн бир топ иштерди жасоодо.

Колуңуздагы Кытай көркөм өнөрү» сериясы боюнча чыгарылган китептер – ошол иштердин бири. Бул элдик өнөрлөр элдин эзелкиден берки тарыхын, рухий байлыгын, бийик мүдөөсүн, асыл ой-тилегин камтып турат жана улуттун кооздукка суктанып умтулуусун, кала берсе, карапайым адамдардын күнүмдүк жай турмушун, майрамы менен арманын да айкын чагылдыра алат.

Бул китепте кадимки балдар асманга учуруп ойногон батперектердин пайда болуу тарыхы, өнүгүшү, аны жасаган чеберлер жөнүндө сөз болот.

Байланышта болуңуз