КЕЛЕЧЕККЕ КӨЗ КАРАШТАН АРАКЕТКЕ КАРАЙ

Баасы: 500 COM

Китептин тили: Кыргызча

«Бир алкак-бир жол»:

КЕЛЕЧЕККЕ КӨЗ КАРАШТАН АРАКЕТКЕ КАРАЙ

 

Автору: Чжао Кэцзинь

Которгон: А. Малабекова

Редактор: А. Сариев

ISBN 978-9967-9067-9-2

 

«Бир алкак – бир жол» долбоору – бул Кытай мамлекетинин экономикасы жаңы өлчөмдөргө кирип келе жаткан кырдаалда  мамлекет башчыларынын демилгелеп  алып чыккан жаңы стратегиялык мүнөздөгү мүдөөсү болуп саналат.

Аталган долбоор өлкөнүн башка мамлекеттер менен кызматташуусунда жаңы үлгүдөгү эл аралык мамилелерди түзүү идеяларын жеткирүүчү каражат болуп, тынчтык жолу аркылуу жетектөөнү үйрөнүп, дүйнөлүк деңгээлдеги жалпы жыргалчылыкты камсыз кылууга багыт алгандыгы баяндалган.

Окурмандар мындан «Бир алкак – бир жол» долбоору деген эмне? Муну эмне үчүн жаратуу керек? Кандай жол менен куруп-түзүү процессин алдыга жылдыруу зарыл?- деген бир катар суроолорго жооп алышат.

 Эмгек партиялык жана өкмөттүк уюмдар, ишканалар, иликтөөчү борборлор, университеттер жана коомдогу ар түрдүү чөйрөлөр үчүн түшүндүрүү маселеси боюнча маанилүү окуу куралы боло аларын эске сала кетүү абзел.

Байланышта болуңуз