БАХТИНДИН КҮЛКҮСҮ

Баасы: 490 COM

Китептин тили: Кыргызча

БАХТИНДИН КҮЛКҮСҮ

(Пьесалар)

 

 

Автор: Лао Ма

Которгон: Д. Насиров

Редактор: К. Аркабаев

ISBN 978-9967-9106-5-2

 

Чыгармачылыгында жеңил юморлуу кара сөзгө ыктаган кытай жазуучусу Лао Ма бул ирет драма жанрында калем сыноо менен Кытай өлкөсүнүн чегинен чыгып, башка элдердин чыгаан инсандары тууралуу сөз кылган. Тагыраак айтканда, дүйнөгө кеңири белгилүү орус окумуштуусу Бахтиндин, байыркы грек ойчулу Сократтын жана чех жоокери Швейктин образдарын ачып бергенге далалат жасаган, ошондой эле алар жашаган өзгөчө доорлордун демин сездирип, көркөм элесин көз алдыга келтирүүгө аракеттенген. Окурмандарга жакшы таанымал бул каармандардын өзгөчө мүнөздөрүнө, бөлөкчө жашоолоруна автор башка өңүттөн көз жүгүртүп, аларды тарыхый каарман катары ачык-айкын сүрөттөгөн.  Автордун мындай максаттарынын ишке ашканын зирек окурман пьесанын алгачкы барактарын окуганда билет, баамчыл театр күйөрманы бул боюнча коюлган оюнду көрө  баштаганда эле көзү жетет.

Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналды.

Байланышта болуңуз