ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРГӨН КЕМЕНГЕРЛИК

Баасы: 602 COM

Китептин тили: Кыргызча

с –

КЫТАЙДЫН БЕШ ЖЫЛДЫК ПЛАН ТҮЗӨ БИЛҮҮСҮ

 

        

Авторлор: Ван Шаогуан, Янь Илун

Которгон: Д.Насиров

Редактор: К. Аркабаев

ISBN 978-9967-9106-2-1

 

Жер жүзүндөгү жүздөгөн мамлекеттер келечекте аткарар иштерин долбоорлоого ар кандай мамиле кылышат. Кээ бирлери ага үзүлүп түшпөй үстүрт мамиле жасашса, айрымдары келечек пландарын тыкыр иштеп чыгышып, аны улуу максатындай санашып, чоң милдет катары сезишет. Беш жылдык план түзүүнү СССРден үйрөнүп, ага ушул кезге чейин аздек мамиле кылган Кытай мамлекетинин мисалында алсак, экономиканы алдын ала пландоо эң эле пайдалуу иш экени кашкая түшөт...

Колуңуздардагы эмгекте Гонконг университетинин профессору Ван Шаогуан жана Цинхуа университетинин доценти Янь Илун Кытайдын беш жылдыктарга бөлүнгөн пландуу өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүнө илимий жана тарыхый мерчемден баа беришип, экономиканы эң жакшы билген окумуштуулук деңгээлден көз жүгүртүшөт. Кытайдын кийинки тарыхында орчундуу орун ээлеген беш жылдык пландардын түзүлүү, иштелип чыгуу жана ишке ашыруу жараяндары талданат. Авторлор Кытайдын демократиялык чечим кабыл алуудагы үлгү болчу жактарын, илимийлигин жана борборлоштурулган өзгөчөлүгүн бөлүп көргөзүшөт. Ошондой эле бул китепте ККП БКнын ичиндеги чоң саясат «ашы» бышырылган «ашкана» тууралуу кеп салынат.

Китеп Кытайдын экономикалык түзүлүшүн окуп үйрөнүп жаткан атайын адистерге жана студенттерге арналды.

Байланышта болуңуз