КЫТАЙ: ЖАҢЫЧЫЛ ЖОЛ МЕНЕН ЖАШЫЛДАНДЫРУУНУ ӨНҮКТҮРҮҮ

Баасы: 475 COM

Китептин тили: Кыргызча

КЫТАЙ: ЖАҢЫЧЫЛ ЖОЛ МЕНЕН ЖАШЫЛДАНДЫРУУНУ ӨНҮКТҮРҮҮ 

Автор: Ху Аньган

Которгон: Ж. Токторбаева

Редактор: А. Сариев

ISBN 978-9967-9067-7-8

 

Адамзаттын өнүгүү процессинде, басып өткөн тарыхый жолунда эң чоң жыйынтыктарды алып келген үч ири өнөр жай революцияларынын жаратылыш ресурстарын өтө эле көп пайдаланып, ылдам өнүгүү менен адам баласына ар кандай терс таасирлерди алып келгендиги, учурда адамзатка коркунуч туудурган климаттын өзгөрүү маселеси, таза суунун, таза абанын жетишсиздиги, жаратылышка зыян келтирүүнүн себептери, жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн азаюусу, элди жакырчылыкка алып келген табигый кырсыктардын көп болушу, оор кесепети сүрөттөлөт.

Бул китепте кытайдын инженерия, философия илимдеринин доктору, бир нече белгилүү университеттерде сабак берген, кытай илимдер академиясынын мүчөсү, Гарвард университетинин атайын чакырылган профессору, дүйнөгө атагы чыккан окумуштуу, китептин автору профессор Ху Аньгандын, тарыхы  байыркы, аянты чоң, калкы эң көп болгон Кытайдын жашыл революцияны турмуш жүзүнө ашыруудагы иштөө механизмдерин чечмелеп,  дүйнөлүк окурмандарга жеткирүү тилеги  айкындалат.

Илимий эмгек Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясына караштуу «Чыгыш казынасы» редакциясында даярдалып, жарыкка чыгарылып, окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналды. 

Байланышта болуңуз