Бир жарым миллиардка жакын жараны бар улуу кошунабыз Кытай ушунча элин каатчылыкка каржалтпай багып, жумуш менен камсыз кылып, ал тургай экономикалык жактан дүйнөлүк санакта экинин бири дегидей кудуретке жетишип гана тим болбостон келечектен үмүт эткен асыл тилектерин орундатыш үчүн аалам боюнча алгалап бара жатат. Буга мисал 2013-жылы Кытай мамлекетинин жетекчилери тарабынан байыркы Улуу Жибек жолун заманбап мүнөздө кайра жандандырууну көздөгөн “Бир алкак, бир жол” долбоору дүйнө элине сунушталды (бул долбоор жөнүндө кийин кеңири кеп кылабыз). Европанын тээтиги түпкүрүндө жайгашкан мамлекеттер менен тыгыз кызматташууну көздөп жаткан Кытайдын бул экономикалык долбоорунун жарыгы дүйнө жүзүнө (жакынкы кошунасы бизге дагы) жакшы эле тийгени калды жана тийип жатат десек да болот. Аталган долбоордун ичинде маданий алакалашууларга кеңири орун берилген. Анткени элдин маданий деңгээли көтөрүлбөсө экономика канчалык көкөлөбөсүн ал кыйшаган мунарага окшоп калат. Биз кеп кыла турган эмгек дагы Кытай жетекчилиги сунуштап жаткан ошол “Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагында жаратылган...
Биздин “Чыгыш маданияты жана искусствосу” компаниябыз жогоруда учкай айтып өткөн максат-тилектерибизди ишке ашырып, маданий алакалашуулардагы айрым өксүктөрдүн ордун толтуруу максатында, ал тургай аты айтып тургандай бир эле Кытай элинин эмес бүткүл Чыгыштын маданиятын калкыбызга тааныштыруу үчүн түзүлгөн.
Мен ушул “Чыгыш маданияты жана искусствосу” басма компаниясы ачылгандан бери редактор болуп иштеп келе жатам. Ушул жети-сегиз айдын ичинде Улуу Кытай өлкөсү тууралуу бир нече эмгектер менен таанышып, алардын үстүндө кызыгуу менен иштедим. Булардын эң биринчиси Хун Цзычендин орус тилинен которулган “Азыркы кытай адабиятынын тарыхы” илимий эмгеги болду. Аты айтып тургандай азыркы Кытай адабияты тууралуу кеп салган, анын тарыхына болгон билимди байыткан, жакында эле басмадан чыгарылып, сыясы кургай элек бул китеп кытай адабиятына кызыккан, дегеле ушул өлкө тууралуу билгиси келгендерге жакшы белек болуп бере аларына ишенебиз.
Китеп 1949-жылдан 2000-чи жылга чейинки кытай элинин адабият дүйнөсүндөгү орчундуу окуяларды, жазуучулардын ишмердигин, алардын чыгармаларынын жарыяланышы менен сындалышы сыяктуу көптөгөн иш-чаралар тууралуу сөз кылып, азыркы кытай адабиятын изилдөөчүлөрү менен окуп үйрөнүүчүлөргө жакындан жардам берүүчү окуу куралы болуп бере алат. Жогоруда көрсөтүлгөн убакыт ортосунда Кытай мамлекетинде орчун окуялар менен үлкөн өзгөрүүлөр болуп өткөн. Ошонун баары Кытай адабиятына жана аны жараткан жазуучулардын тагдыры менен чыгармачылыгына чоң таасирин тийгизген. Сөзүм куру болбоосу үчүн мен төмөндө бул эмгектен айрым үзүндүлөрдү келтире кетмекчимин.
1- бөлүм
Адабияттага бурулуш
§1. XX- кылымдын 40-чы жылдарындагы адабий чөйрө
ХХ - кылымдын кыркынчы жана элүүнчү жылдарынын ортосундагы он жылда кытай коомунда кескин өзгөрүүлөр болду. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки тымызын жүргүзүлгөн кансыз согушта дүйнө жүзү бири-бирине каршы турган эки чоң лагерге бөлүндү. Ал эми 40-жылдын аягындагы Кытайдагы жарандык согуш саясий бийликтин алмашуусуна алып келди жана тарыхый зор окуяларды жаратты... Адабият коомдук саясат менен тыгыз байланышта болуп, бийликтин саясий куралына айланып, адабий чөйрө сырттан жөнгө салынып турган 40-50 - жылдардагы коомдук төңкөрүш кытай адабиятынын калыптанышына жана өз-ара жигердүү байланышка өтүүсүнө таасир этти...
...Жыйырманчы жылдан баштап үлгүлүү болууга жетишкен жана адабиятты бириктирген солчул адабият жаңы доорду басып өттү, жазуучуларга Мао Цзэдундун адабий идеологиясы негизги программалык өрнөк болуп калды...
...1937-жылдан баштап күчөгөн Япония менен болгон согуш Кытайды ар кандай саясий абалдагы бир нече бөлүктөргө бөлдү. Алар: Гоминьдан өкмөтүнүн астындагы аймактар, япондор басып алган жерлер жана Кытай компартиясына баш ийген эркин аймактар (япон-кытай согушу учурунда аларды “японияга каршы базалар” деп аташкан). Ар башка аймактарда жашаган жазуучулар жана алардын алдындагы доордук жана улуттук мүдөөлөрү бирдей болгонуна карабастан өздөрүнүн чыгармаларында ар түрдүү коомдук жашоону жана маданиятты чагылдырышкан. Согуш көптөгөн адамдардын жашоосун коркунучка алып келип, ал көпчүлүк жазуучулардын негизги темасы болду жана алардын көркөм адабияттык тажрыйбасын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берди...
...Ал эми гоминьдан ээлик кылган жерлерде жана азаттык албаган аймактарда жагдай башкача болгон. Кээ бир жазуучулар өздөрүнүн чыгармаларында чыныгы окуяны чагылдырышып социалдык теманы улантышкан. Бул тай жазуучуларына тиешелүү, анткени алар үчүн коомдук милдет баарынан жогору турган. Бирок, аскердик жол болбостуктар жараткан көйгөйлөр кээ бир жазуучуларды коом менен адам жашоосунун ортосундагы карама-каршылыктарды сезүүгө мажбурлады. Ошондой эле аскердик соккуга кабылган заманбап жана өнүккөн кытай коомунун көйгөйлөрү жөнүндө да алар көп ойлонушту. Ал эми согуш учурунда элдин жана улуттун кайгысы, интеллигенциянын адилетсиз азап чегүүсү жазуучуларды көркөм адабияттын деңгээлин көтөрүүгө мажбурлады. Кыркынчы жылдардагы жазуучулар бир гана стилистиканы эмес, ошондой эле философиялык жана эстетикалык жактан өздөрүнүн өзгөчө усулун түзүштү...
...Япон баскынчыларына каршы согуштун акыркы жылдары жана ал аяктаган соң жазуучулар Кытай өлкөсү өнүгүүнүн жаңы багытына бара жаткандыгын көрүштү. Адабий дүйнөнүн ар кандай агымдары жана бирикмелери ар түрдүү адабияттык, социалдык идеяларга таянышып, ошондой эле согуш мезгилиндеги адабияттын өнүгүшүн жалпылап жыйынтыктоо менен өздөрүнүн иштеринде келечекке багыт ала башташты...
...Мунун себеби Кытайдын согуштан кийинки абалында адабияттын өнүгүшү тез эле “Кытайдын ак жана кара тагдыры” деп аталган саясий күчтөрдүн кагылышуусуна аралашты. Түзүлгөн шартка байланыштуу саясий күчтөр адабиятты мажбурлап болсо дагы өз максаттарына кызмат кылдырууга умтулушту, мындан улам кайсы бир тандоону жасабаган жана кандайдыр бир партияга кошулбаган жазуучуларга кыйын болду.
1945-жылы октябрь айында Бүткүл кытайлык чыгармачыл адамдардын душмандарга каршы биримдиги Борбордук Комитеттин жетекчилиги астында Бүткүл кытайлык чыгармачылык биримдиги деп аталды. Кийинки жылдары жазуучулар Чжан Даофандин жетекчилиги астында жана Гоминьдан өкмөтү менен бекем кызматташкан Бүткүл кытайлык жазуучулар биримдигин уюштурушту. Айтылган эки биримдиктин түзүлүшү согуш учурундагы адабий чөйрөдөгү “биримдиктин” аяктаганын айкындайт. Ушул мезгилде Гоминьданга таандык болгон “Чыгармачылыктын демилгечиси” мезгилдик басма “Сунь Ятсеньдин үч принцибине ылайык көркөм өнөрдүн жаралышын тездетебиз” деген ураан менен солчул адабиятка каршылык көрсөттү. Бирок, гоминьдан бийликтери менен жанашкан адабий күчтөр өздөрүнүн түзүлүшүнүн күчтүү теориясын түзө алышкан жок жана баалуу көркөм адабият жарата алышпады. Ошондуктан алар чыгармачылык чөйрөгө өзгөчө таасир беришкен эмес...
...Ошол мезгилдеги саясий каардуу кырдаалда айтылган жазуучулар менен солчул адабиятынын идеяларынын ортосундагы айырмачылыктар, карама - каршылыктар жашыруун болгон жана четке кагылган. Кээ бир жазуучулар атайылап солчул адабияттын теориясына жана өндүрүшүнө кошулушкан. Ал эми башка “орто авторлордун” ою боюнча коомдук жана саясий багытты тандоо алардын чыгармачылык ишине эч кандай таасир этпейт болчу. Алардын ой жүгүртүүсүндө жана чыгармачылыгында кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп өткөнүнө карабастан солчул адабияттын идеясын толугу менен кабыл алгылары келишкен эмес. Алар саясий мүнөздөгү суроолорго жана көркөм өнөрдүн жекелигине башкача көз карашта болушкан...
§2. Солчул адабият чөйрөсүнүн тандоосу
Кыркынчы жылдардын акырында адабият чөйрөсүндө искусствого карата ар түрдүү идеологиялык көз караштагы жазуучулардын жана адабият күчтөрүнүн көптөгөн топтору болсо дагы адабияттын багытын көзөмөлдөө боюнча бир гана солчул адабиятчылардын так максаты жана мүмкүнчүлүгү болгон. Кытай адабиятынын күчүн салмактап көргөндө солчул адабият эң таасирдүү топ болуп калды, анын күч алуусу отузунчу жылдары эле башталганын байкаса болот. Ушул учурда солчул чыгармалардын авторлору жана жетекчилери адабияттын максатын тандоодо аны коомдук – саясий багыт менен айкалыштыруу керектигин ачык түшүнүштү. Алардын кытай-япон согушу бүткөндөн кийинки негизги максаты болуп Яньань адабият чөйрөсү бекиткен жаңы чыгармачылык мүдөөнү элге жайылтуу болгон...
...1944-жылы май айында ККП БК фракциясынан Хэ Цифан, Лю Боюй Адабият форумунун мүдөөсүн жана “Баяндамадагыларды” иш жүзүнө ашыруу үчүн Чунциньге келишти. Жакын арада Гоминьдан районундагы солчул адабиятчылардын канатына Яньань адабиятынын идеологиясы жана багыты маалым болду, алардын көпчүлүгү аны кабыл алышты...
...Кыркынчы жылдардын аягында солчул адабиятчылардын канаты “жаңы адабият багытын” гоминьданьдык бийлик орношкон райондорго жайылта башташкан...
...40-чы жылдардагы жазуучулар жана адабият топтору категорияларга бөлүнүшкөн... Солчул адабият чөйрөсү үчүн адабият күчүн бөлүү критериясы болуп жаңы адабияттын тарыхтын кырдаалына жараша өнүгүшү жана адабият концепциясы, азыркы адабият доорунун саясий талаптары эсептелет. Ушул эле учурда бул категориянын негизи болуп 30 – 40-чы жылдардагы СССРдеги сталиндик- ждановдук саясий жана чыгармачылык багыт да эсептелет...
...Жазуучуларды ушул сын-сыпат боюнча үч топко бөлүшөт: революциялык жазуучуларга (солчул канаттын жазуучулары), прогрессивдүү жазуучулар (орто топтун жазуучулары) жана реакциячыл жазуучулар. 1947 - жылдан кийин, Коммунистик партия Гоминьданьды аскердик тирешүүдө жеңип алгандан кийин, ушул категорияга бөлүү майда – чүйдөсүнө чейин иштелип чыгып “рух күчүнө” айланды...
...БПК БК ички согуш башталганда гоминьдандыктар бийлик кылган райондордогу прогрессивдүү жазуучуларды жана солчул адабияттын өкүлдөрүн Гонконгго жөнөтүүнү уюштурушту. 40-чы жылдын акыркы мезгилинде Гонконг солчул канаттын маданий борбору болуп калган...
...Го Можонун макаласында “реакциячыл чыгармачылык” “капиталис-тик” жана “феодалдык” болуп экиге бөлүнөт деп айтылат. Ал акырындык менен беш түскө ылайыктуу болгон аталышты алып калат - кызыл, сары, көк, ак, кара. Ал эми “ырайымсыз соккунун” объектиси болуп гоминьдандык чиновниктер менен байланышта болгон жазуучулар Чжу Гуанцянь (ал Гоминьдандын БК текшерүү палатасынын мүчөсү болгон), Пань Гунчжань, Шэнь Цуньвэнь сыяктуулардын эротикалык, фантастикалык, детективдик адабияты, ошондой эле алардын чыгармачылык теориясы менен сугарылган чыгармалары кирет...
§3. Мао Цзэдундун адабият идеологиясы
Мао Цзэдундун адабият идеологиясы, ошондой эле анын 50 – жылдан кийинки чыгармачылык жана саясий багыты бир гана аймакка таркатылбастан кытай мейкиндигинин баардык тарабында бекитилди. Өзгөчө марксисттик классиктердин адабияттын теориялык иштери боюнча Мао Цзэдундун өзгөчө тандоосу жана оңдоолору 30-жылдардын аягындагы 40-жылдардын башындагы солчул кытай адабият кыймылынын теориясы анын чыгармачылык ишинин өзөгүн түздү...
ХІХ - кылымдын аягынан баштап Кытайдын алдында турган жаңы заманбап улуттук мамлекетти курууга байланышкан суроолор, ошондой эле калкты мобилизациялоо жана революция учурундагы саясий бийлик үчүн болгон күрөштү чагылдырган чыгармалар Мао Цзэдундун жана ал жетектеген партиянын алдында туруп адабият мамилелерин ойлонуштурууга негиз болгон.
Кытай адабиятынын солчул канатынын теоретиктери марксистик адабияттын теориясын азыркы кытайдыкы менен бир бүтүндүк катары карашкан, ал эми Мао Цзэдундун чыгармачылык ишмердигин марксистик теориянын негизги бир бөлүгү жана ушул теоретикалык түзүлүштүн “өнүгүшү” деп эсептешкен...
...Чжоу Ян 1944-жылдын март айында Яньаньда түзүлүп чыгарылган “Чыгармачылык жана марксизм” китебинде Маркстын, Энгельстин, Плеха-новдун, Лениндин, Сталиндин, Горькийдин, Лу Сюньдун, Мао Цзэдундун чыгармачылык маселелерге карата болгон ой-пикирлерин келтирген.
...Ушул жаңы искусствону (адабиятты) түзүү үчүн Мао Цзэдун демилге көтөрүп бир канча кыймылдарды колдоп чыгып, эски искусствонун (адабияттын) өкүлдөрүнүн теориясын, түзүлүшүн аябагандай сынга алган. Мына ушундайча ал жаңы адабиятты түзүүгө орун даярдады. 1942-жылы ал Яньаньда адабияттын жана искусствонун стили тууралоо кыймылын жетектеп, 50-жылдары “У Сюнь жөнүндөгү легенда” фильмин, Ху Шинин саясий, философиялык жана адабияттык көз карашын сындаган кыймылдардын демилгечиси болгон...
...Ошондой эле “Баяндамадагы” анын адабияттык идеологиясынан айырмаланган “Ху Шинин тобуна” айыптаган жана 1956-1957-жылдардагы адабият чөйрөсүндөгү “экстремисттерге” каршы кыймылды түзгөн. Ал эми 60-жылдары ал он жылдык узак убакытка созулган Улуу маданият революция кыймылын баштады.
Мао Цзэдундун адабият идеологиясынын негизги маселеси болуп адабияттын социалдык – саясий натыйжалуулугу (функциясы) болуп саналат. Мао эркин мүнөздөгү жана деңгээлдеги адабияттын болушун кабыл алган эмес. Ал “азыркы учурда дүйнө жүзүндөгү баардык массалык маданият жана адабий чыгармалар кандайдыр бир тапка тиешелүү жана белгилүү бир саясий багытка баш ийет. Ал эми искусство искусство үчүн, таптан сырткаркы искусство, саясатка туура келген же каршы турган искусство чынында эле жок” деп эсептеген. “Партиялык чыгармачылык иш – бул белгилүү революциялык учурдун урунттуу чечимдерине баш ийген революциялык миссия” деген. Бул концепцияга таяна турган болсок, анда ал Троцкийдин: “Искусство өзүнүн усулуна жараша өнүгүп, өз жолу менен кетиши керек” деген дуалистик (же плюралистик) ой – жүгүртүүсүн сөзсүз түрдө сынга алышы керек эле.
Мао Цзэдундун адабият идеологиясында саясат менен адабияттын өз –ара байланышы - бул солчул адабият үчүн актуалдуу болгон өтө жөнөкөй жана түз маселе: адабияттын максаты болуп белгилүү саясат эсептелет. Адабият – бул саясий күчтөрдүн өз максаттарына жетүү үчүн болгон айласыздыктын бир жолу. Ошентип, 40-жылдардагы Яньань адабиятынан баштап адабий чыгармачылык менен адабияттык кыймыл чыныгы саясаттын милдеттери менен жалпы багыты гана дал келбестен толугу менен белгилүү бир иш-чараларды уюштуруу саясаты менен бирикти. Бирок, Мао Цзэдун ада-бият саясий күрөштүн куралы болсун деп талап койгону менен ал бул курал “морт” болбош керек деген. “Искусство чыгармаларына көркөмдүк жетишпесе, анда ал саясий көз караш жактан канчалык жаңычыл болсо да алсыз”.
Ошондуктан ал бир гана туура эмес саясий көз караштагы адабиятка каршы турбастан ал “эч кандай көркөм балуулугу жок бир гана туура саясий багытты болжогон маанисиз бош ураандарга” да каршы болгон...
“Жаңы маданиятты (адабиятты)” жаратуу “маданий мураска” бирдиктүү мамилени иштеп чыгууну талап кылды. Мао Цзэдун ушул жаңы маданиятты жаратууда адамдын тарыхындагы рух менен болгон байланышты үзбөө керек деп эсептеген. “Жаңы демократия жөнүндө” дегенде “өнүккөн чет элдик маланиятты өзүбүздүн руханий ашыбыздын негизи катары чоң өлчөмдө кабыл алышыбыз керек”, ал эми “Кытайдын мыкты байыркы маданиятын” иреттеш керек, бул “улуттук маданиятты өнүктүрүүнүн жана улуттук өзүн-өзү сыйлоо сезимин көтөрүүнүн милдеттүү шарты” экендиги айтылган...
...Эгерде “жаңы маданиятты (адабиятты)” кимдер куруу керек экендигин карай турган болсок, анда бул дагы бир жолку парадоксалдуу маселе. Албетте, Мао Цзэдун ошол учурдагы жазуучуларга карата аябагандай эле терс пикирде болгон. Мао Цзэдун алар феодалдык жана капиталистик билим алышкандыктан жумушчулардын, жоокерлердин жана дыйкандардын жашоосунан алыс деп эсептеген. Ошондуктан алардын көпчүлүгү “буржуазиялык интеллигенция” табын колдошот жана “жан дүйнөсүнүн тереңинде буржуазиялык интеллигенциянын падышачылыгын курууну тилешет”.
Ошондуктан “Баяндамада” жумушчулар менен дыйкандардын “колдору кир, буттары чылага батканы менен алар капиталисттик жана буржуазиялык интеллигенттерге караганда таза” деп айтылат. Буржуазиялык интеллигенттердин ичинен өздөрүн көрсөткүсү келип ар кандай аракеттерге баргандарга, искусство менен адабият чөйрөсүндөгү “партия менен дүйнөнү буржуазиялык интеллигенцияга ылайыктап өзгөр-түүнү талап кылгандарга” Мао Цзэдун кылдаттык менен мамиле жасаган...
...Ал “кул – эң акылдуу, аристократтар – эң акылсыз” деп аларды “эркин ой жүгүртүп, чечкиндүү болорун” айткан. Бирок, чындыгында бул стратагиялык чаралар күткөндөй натыйжа берген жок: жумушчу-дыйкандардан чыккан жазуучулардын чыгармачылык деңгээли ойлогондой болбой жана алардын кээ бирлери “буржуазиялык маданияттын” бузукулугуна жана азгырыгына туруштук бере алышкан жок.
§4. Жаңы адабият багытынын бекемделиши
40-жылдын аягында 50-жылдын башында саясий бийлик алмашкан учурда жазуучулардын бир бөлүгү Кытай мейкиндигин таштап Тайваньга, Гонконгго жана АКШга өтүп кетишти. Алардын арасында Ху Ши, Лян Шици, Су Сюэлинь, Чжан Айлин, Сюй Цзе бар эле. Жазуучулардын көпчүлүгү көз карандысыздыктын, күчтүү улуттук мамлекеттин жана жаңы доордун келишин тилешти. Ал эми чет жакада жүргөн Лао Шэ, Цао Юй, Бянь Чжилинь сыяктуу жазуучулардын бир бөлүгү Кытайга кайтып келишти...
Ар кайсы аймактарга чачыранды болуп кеткен авторлор менен маданият ишмерлери чогултулду: “жаңы жана эски бошотулган райондордон келген чыгармачыл топтор, жаңы чыгармачылык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, эски чыгармачылыктын өзгөрүшүн колдогондор жана шаардык, айылдык, аскер ишмерлери бириктирилди...”
Адабият тарыхын изилдеген кийинки эмгектерде Бүткүл Кытай чыгармачылык өкүлдөрүнүн курултайы “азыркы адабияттын” башаты болуп эсептелди. Мао Цзэдун гоминьдан бийлиги таркаган райондордогу жана 40-жылдарды бошотулган райондордогу адабий кыймылдар менен жеке авторлордун ишин териштирип карап жана жыйынтыктап Яньань сунуштаган адабий багытты азыркы адабияттын негизги багыты катары бекитти...
Урматтуу окурман!
Мен жогоруда “Азыркы Кытай адабиятынын тарыхы” китебинен аз болсо дагы маалымат берип, үзүндүлөрдү келтирдим. Албетте, ондогон жылдар бою жазылган, эбегейсиз зор өлкөнүн адабият тарыхын камтыган олчойгон китеп үчүн бул аздык кылат. Андыктан ушул эмгек тууралуу биз дагы да кийинки макалаларыбызда кеңири кеп кылабыз деп ойлойм. Анткен менен кытай адабиятынын тарыхына кызыккан жарандарыбызга биз Кытай адабиятчысы жана сынчысы Хун Цзычендин ушул “Азыркы кытай адабиятынын тарыхы” аталышындагы китебин сунуштамакчыбыз. Аталган эмгек өлкөбүздүн китеп дүкөндөрүндө сатылууда.
Редактор К. Аркабаев.