Жердеги асман же “Чай үчилтиги” кантип жазылган?

 

Автор тууралуу

Кытай жазуучусу Ван Сюйфэн 1955-жылы аскер кызматкеринин үйүндө төрөлгөн. Болочок жазуучу он экиге толгондо атасы чай суусундугунун ордосу болгон Ханчжоу шаарына кызматка жөнөтүлгөн. Бул кооз жерде, Сиху менен Юэху көлдөрүнүн, Гушань, Баошишань жана Фэйлайфэн тоолорунун жана ибадатканалар менен тоопканалардын жака-белинде дүйнөгө көк чайдын эң мыкты түрүн берген уч-кыйырсыз чай плантациялары жайгашкан. Бул табигаттын сулуулугун кытай акындары ырга салып, императорлор Сиху көлүнүн жээгинде эс алышкан, а кытай тилинде “Сучжоу менен Ханчжоу - жердеги асман” деген учкул сөз пайда болгон. Мына ушундай чай плантацияларынын арасында бой тарткан Ван Сюйфэн бала чагынан эле чай суусундугу тууралуу баарын билип эс тартат.

Устаттын жолун улап

1991-жылдын апрелинде Кытай улуттук чай музейи уюшулат. Музей ачылгандан тартып ушул жерде иштеген Ван Сюйфэн Чжецзянь агрардык университетинин чайды изилдөө факультетинде дээрлик кырк жыл бою профессор болуп иштеген Чжуан Ваньфан менен таанышат, чай маданияты тууралуу көптөгөн эмгектерин жазат жана кытай чай өстүрүү мектебинин негиздөөчүлөрүнүн биринен болуп калат. Ал Кытайдагы чай тарыхын окуп-үйрөнүп, поэтикалык чай коомдоштугуна мүчө болот. Чжуан Ваньфан болсо Ван Сюйфэн үчүн устаты да, адабий сынчысы да болуп калат. Анын колдоп-кубаттоосу болочок жазуучу үчүн күч-кубат, дем-шык берет.

 

- Ажайып сулуу кыз, бул сага, эгерде кабыл алсаң?

Цайча аябагандай таң калды, ушу жыйырма жашка чыкканча аны эч ким “ажайып сулуу” деп айткан эмес. Чындыгын айтканда, аны “баарынан сулуу” деп айтуу ылайыксыз. Бирок, ал муну түшүнгөн жок, анын оюнча Булан биринчилерден болуп кыздын сулуулугун байкады. Цайча толкунданып ыйлап жибере жаздап, анын колундагы карайып калган түйүндү көрсөтүп сурады: 

- А бул эмне?

Дэча ага ханчжоу жергиликтүү тилинде сүйлөп түшүндүрдү. Бул - алардын юньнань чайы. Эгерде сен муну алсаң, анда бул жигитке турмушка чыгууга макул болосуң. Эгерде макул эмес болсоң, анда албагын.

Булан эмне жөнүндө сөз болуп жатканын алардын бети-башынын кыймылынан түшүндү. Ал өзүнүн чын ниетин көрсөтүш үчүн алдыга бир кадам таштап колун көтөрүп Цайчанын бетине чай түйүндү кармай берди. 

Вэн Цайча аябай тынчсызданып, дөңсөөдөгү кыздарды карады, алар таң калышканынан жана сүйүнгөндөрүнөн ызы-чуу түшүштү. Ошондо ал ушул эки чым көң чайды жулуп алды, дөңсөөдөгү бака-шаканы угуп, сүйүнүп, уялып, артты көздөй үйгө октой учуп келе жатып, ошол учурда дарбазадан чыгып келе жаткан Иньшуанды бекем кучактап алды. Бир нерсе түшүндүрүүгө анын чолосу жок болчу, кыз өзүнүн кичинекей бөлмөсүнө учуп кирди. Айылдык кыздын ар кандай баалуу буюмдары сакталуучу кутучасын ачып аларга ушул эки чай чагымын кошту...”

Назгүл Осмонова

Байланышта болуңуз