“ЧЫГЫШ КАЗЫНАСЫНДА” МЕЙМАНДА АКЫН ЖАНА КОТОРМОЧУ КУБАНЫЧБЕК БАСЫЛБЕКОВ

Байыркы кытай поэзиясы

 

              Кыргыз элинде котормо жаатында кумурскадай эмгектенген Кубанычбек Басылбеков деген мыкты акын бар.

Мен анын ырлары менен  тээ өспүрүм кезде, 1975-жылдары республикалык “Учкун” альманахы аркылуу танышкам. О, ал кезде бул жыйнакка мен чыгарма жаратам дегендин баары эле чыга   алышчу эмес. Таланттын таланты тандалып, ал жок болсо тааныштын таанышы салынып атып анан аталган жыйнакка чыга алчубуз. Кээ бир таланты бар болгону менен мүнөзү тартынчаактар  бул жыйнактын астанасын аттай албай сүрдөп турушчу. Ал эми кай бир кур дымактуулар журнал редакциясына кирерин кирип алышып, алешем чыгармалары үчүн сын угушуп, желдери чыгып, кемсинтилгенсип  четте кала беришчү.  

Андыктан “Бул Басылбеков деген даражасы бийик, ырлары да түзүк, абройлуу жыйнакка жарыяланган шумдуктуу неме кандай киши болду экен?” деген ой ошол альманахтагы ырларын окуганымда көңүлүмө бир кылт эткен.

 Жылдар алмашты, 1999-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунда жоопту катчы, анан төраганын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп иштеп турганымда аны менен бетме-бет кездешип, жашоо-турмушка нааразы болуп кейип-кепчиген сөздөрүн угуп, көңүлүн жубатканым менен мен деле көпчүлүк жазуучу, акындардай эле жокчулуктан жүдөп-какаган, совет доору талкаланган бир алаамат учурга туш келген жагдайым бар  эле. Ошондой маалда бул киши менен материалдык дүйнөдөн безе качып, руханий ааламга чалкып, далай жолу чыгармачылык жөнүндө сырдашкан учурларым болду...

 

Жашы жетимишти таяп калган, адабият майданында тынбай иштеп жүрүп, кыргызга аябай кызмат кылган, айрым таланты тайыз плагиаттар менен кур дымактуулар тырмышып, жанталашып жүрүп илип кеткен өкмөттүк сыйлык, наамдардан куру жалак калган, мектепти орус тилинде аяктап, бирок, өз курбалдаштарындай кыргызчаны тили жаңы чыккан баладай балдырттап сүйлөбөй, кыргыздын байыркы жана кийинки сөздөрүн кыргыз мектептерин бүткөндөрдөн жакшы билип, котормо жанрынын устаты  катары таанымал болгон акын Кубанычбек Басылбековдун котормосуна таандык байыркы кытай адабиятынын айрым үлгүлөрү менен окурмандарды тааныштырууну туура көрдүк:

 

ТАН ЖАНА СУН ДООРУНДАГЫ КЫТАЙ ПОЭЗИЯСЫ

 

            618-жылдан баштап Кытайда 300 жылга созулган Тан династиясынын өкүмдарлыгы башталган.

            Династияны түптөгөн император Тай-Цзундун уулу өзүнүн ордун баса турган мураскоруна сак болуусун эскертип мындай деген:

“Кайык эл башкарган Өкүмдар, суу болсо карапайым эл болот, дарыя кайыкты көтөрө да алат, оодарып салганга да күчү жетет...”

Бийлик толугу менен императордун колунда топтолуп, байтакты миллион калкы бар шаар – Чанъянда жайгашкан.

Мамлекетте бардык өнөрдүн түрлөрү колдоого алынып, өркүндөп өскөн. Байыртадан калыптанып, каада-салтка айланып калган поэзия элдин жүрөгүндө негизги орунду ээлеп, канатын кеңири жайган...

Окуу жайларында сыноолордун эң маанилүүсүн поэзия ээлеген. Тан доорундагы адабиятчынын аң-сезими, дүйнөгө болгон көз карашы кеңейип, мурдагыдан тереңдеген. Акындын турмуш тажрыйбасы мамлекеттик кызматты аткаргандыктан, жашаган айылы, жакынкы шаарлардын турмушу менен гана жуурулушуп чектелбестен, жашоо-тиричилиги кең мамлекеттин алыскы жакынкы аймактарын толук камтып, баардык булуң-бурчун кыдырып, өз кызматын аткарган.

Тан адабиятына кайрылганыбызда биз алгачкы сөздү лириалык поэзияга беребиз. Ал мурункулардын жетишкендиктерин улантып, өнүктүрүп, өзү болсо айтып бергис бийиктиктерге жетише алган.

Тан доорундагы поэзиянын башында 4 көрүнүктүү акындардын ичинен эң татыктуу орунду Ван Бо (649-676) жана Лу Чжаолинь (637-689) ээлейт. Аларга улай Ло Биньван (640-684) менен Ян Цзюн (650-692) да мыкты чыгармаларын жараткан...

Эми, Манаста айтылгандай, “буларды мындай таштайлы...” да, булардан кийинки акындардын чыгармаларынан баштайлы:

Ли Бо

(701-762)

 

Ли Бо жаш кезинен элге жардам берүүнү алдына максат кылып, муну өзүнө башкы жол катары тандап алган. Окуучулук сынактардан өткөн эмес, үйдөн чыгып кетип элден четте жашаган, көп саякаттап даост жалгыздыгына кызыккан. Кырк жаштан ашып калганда аны император Ордосуна чакыртып, Ханьлинь наамын ыйгарган. Ал наам азыркы биздин академиялык даражага тете.

“Өлбөс-өчпөс, асмандан чагылгандай атылып чыккан” деп ал жөнүндө анын улуу замандашы, акын Хэ Чжичжан айткан.

 Ли Бо өзүнүн пикиринде да, кылган ишинде да айтканынан кайтпаган адам болгон...

Ал өзүнүн замандаштарынын арасында таң каларыктай өзгөчөлүктөрү менен айырмаланчу. Ал өзүнүн акындык дараметине, сейрек учурай турган шыгына, буюруп койгон тагдырына ишенген... Көп акындар ийгиликсиз ишине кайгырып, күнүмдүк турмушта кезикчү майда-чүйдө келишпестиктерге капаланышса, ал жаштайынан андай нерселерден алыс болуп, акындыктын жалынында кайнап-ташып, ичине дүйнө жүзүн камтыгандай жашап. Жалгыздыктан корккон эмес.

Ли Бонун жараткан көркөм элестериинин күчү замандаштарын абдан таң калтырган. “Калемди ылдый шилтеп шамал менен нөшөрлөрдү сүрдөтөт. Ал эми ырды жазса - ак көңүл жана таш боор арбактардын зээнин кейитип айлатат” деп ал жөнүндө Ду Фу жазган.

Жолоочулуктун түбөлүктүү жолунда ал өзү ошолорго тете келген зор балбан, асман менен жердин, жылдыздардын ортосунда өлбөстөр менен жашаган бир керемет (кыргыздагы олуя сыяктуу).

Ал календер (дервиш-даос) дагы эмес жана да бака-шака түшкөн элдин ичинде жоголуп кете турган жөнөкөй адам да эмес эле. Чогулган көпчүлүктүн ортосунда кайсы тарапты караба, ал көзгө даана көрүнүп турчу. Ал ошол эле учурда жашап жаткан дүйнөнү толук көрүп, эч нерсе анын көз жаздымында калган эмес. 

762-жылы Ли бо өзүнүн жакын тууганы Ли Янбиндин үйүндө дүйнөдөн кайткан. Ал тууганы акындын 900дөн ашуун ырын чогултуп, топтоп койгон.

Эгерде тан адабиятынан бизге Ли Бонун эле ырларынын баары жеткенде, ошол кездеги жогорку адамгерчиликтин поэзиясынын деңгээли тууралуу кеп кылууга сөзсүз татымак. Анткени, ошол доордогу поэзиянын айырмасы – карапайым элдин турмушун жакшы билгендикте болгон...

Ли Бонун тандалган лирикаларынан Александр Гитович кытай тилинен орус тилине которсо, аны кыргыз тилинде сүйлөтүүгө акын, котормочу Кубанычбек Басылбековдун эмгеги зор болду.

ЛУШАНЬ* ТООСУНДАГЫ

ШАРКЫРАТМАГА КАРАП ЖАТАМ

Уясына күн кызарып,

Батып барат алыста.

Шаркыратма, тоолорго мен,

Көз чаптырам алыска.

Шаркыратма боюн таштайт,

Көк мелжиген аскадан.

Саманчынын жолу жерге,

Кулагансып асмандан.

ЛУШАНЬ ТООСУНУН

БЕШ ЧОКУСУНА КАРАЙМЫН

Карап турум Беш Карыя чокуга*

Сугум түшүп, Лушань тоонун өзүнө.

Бийик чоку көтөрүлүп асманга,

Асман гүлдү элестетет көзүмө.

Чокудан мен баарын тегиз көрмөкмүн,

Ажайыпты, жаратылыш ажарын.

Ушул жерден өмүр жолум аяктап,

Алаар жанды, алып кетсин ажалым.

СУУНУН ШАРЫ

 

Шылдырап аккан суу бетин,

Ай аймалайт эркелеп.

Түштүктөгү көлдүн уктап,

Жаткан кези мемиреп.

Айткысы бар лотос мага,

Бир кайгылуу нерсени,-

Мени дагы кайгы курчап,

Маанайы пас болсун деп.

ЦЗИНТИНШАНЬ ТООСУНДА

ЖАЛГЫЗ ОТУРАМ

 

Жылып жатат булуттар,

Саратанда эс алууну самашып.

Соңку тобу куштардын

Түнөгүнө карай шуулдайт шамалдай.

Мен тоолорго карасам,

Алар дагы турат мени карашып.

Тиктешебиз далайга –

Мен тоолордон, тоолор менден жадабай.

КЫЗЫЛ КАРАГАЙ

 

Үйдүн түштүк жагында,

Өсөт кызыл карагай.

Бутактары жоон, бекем,

Жалбырактуу аябай.

Учу көккө умтулуп,

Жел жүргөнгө ыргалат.

Шуулдап анын ырлары,

Күнү-түнү ырдалат.

Көрпөлөнүп тамыры,

Жашыл түстүү бүтүндөй.

Ийнелери кулпурат,

Кара-кызгылт түтүндөй.

Өсө берсин көрктөнүп,

Далай жашка барганча

Бийик өсүп. Учтары

асман тиреп калганча.

КЫШТЫН КҮНҮ ТООДОГУ ӨЗҮМДҮН

ЭСКИ ТУРАГЫМА КАЙТЫП КЕЛЕМ

 

Талып калган көздөрүмдөн,

Сүртө электе жашымды,

Кызмат кийимин, чечип, күбүп

Жол чаңынан арылып.

Жалгыз аяк жолду эбак

Тоскон жүзүм шактары.

Асман тиреп, заңкайышат

Тоолор карды жамынып.

Жалбырактар бүткөн түшүп,

Тоңуп калган жер-таштай.

Калың өскөн бамбуктар бүт

Токой болгон чытырман.

Табиятка окшоп, жылбай

Бир ордунда булуттар.

Күнү бүтүп, дарак куурап

Кулап, сууга жыгылган

 

Жаагын жаппай ит арсылдайт

Чыга калып айылдан.

Тамдын боору ным баскандан

Кара жана көк-жашыл.

Кыргоол учуп чыгат анан

Ашканадан ураган.

Төбөсүнөн үйдүн маймыл

Ыйлап, сүртөт көз жашын.

Жалбыраксыз бутактарга

Конуп алган чымчыктар.

Айбанаттар жолу өтөт

Карагайдын жанынан.

Китептерди аңтарсам мен

Каптап күбө көпөлөк.

Төшөк астын, жерди тешип,

Чычкан чыгат карыган.

Туура жашаш керек мага,

Балким эстүү болормун.

Ойлоп жатам мен табият

Өмүр, өлүм жөнүндө.

Эгер мындан бөлөк жакка

Дагы кетер болсом мен

Өлгөндүгүм дурус болор

Ыраазы болуп өмүргө.

ТООДОГУ ХРАМ

Чокуга, тоолорго чыкканда

Бош калган храмга түнөймүн.

Жымыңдап жаткан жылдызга

Колдорум сунсам жетчүдөй.

Үнүмдү катуу чыгарбай

Акырын гана сүйлөймүн.

Антпесем, асман тургунун

Чочутуп аным кетчүдөй.

 (Уландысы бар).

Даярдаган

Абдымамбет САРИЕВ.

Байланышта болуңуз