Кытай чайы тууралуу баян

Азыр биз дасторконубузду чайсыз элестете албай калдык. Каржалып турган каатчылык жылдарында дагы дасторконубузга кара нандан кийин эле чай коюлчу. Азыркы түркүм даамдан үстөлдөрдүн бели ийилген той-мааракелерде дагы конокторго биринчи эле жыты буркурап, буусу көтөрүлгөн кызыл чай сунулат. Аны ичпесек башыбыз ооруп, суусунубуз канбайт, бир нерсе жетишпей жаткансып коңултактайбыз. Айтор чайга биз көнүп бүткөнбүз, байкабай эле бала чагыбыздан бери эле сүйүп калганбыз.

Антсе дагы көптөрүбүз чай тууралуу, анын тарых-таржымалы жөнүндө биле бербейбиз. Чайдын түпкү мекени Индия же Цейлон деп билебиз, Грузияга чай өзү эле өсүп калгандай түшүнүктө келебиз. Мен дагы чайды жакшы көргөнүм менен анын эмне деген өсүмдүк экенин көп биле берчү эмесмин.

СӨЗ БАШЫ

 1793-жылдын сентябрь айында Чыгыш Кытай 58 жыл бою ийгиликтүү бийлик жүргүзүп келген император Цаньлунун 83 жашка чыккан туулган күнүн майрамдады. Императордун узак жашоосун тилеген каалоолор жана куттуктоолор падышачылыктын бүткүл аймагы боюнча жаңырып турду.

  Буга чейин дипломатиялык корпусту жетектеп келген британдык элчи Джорж Маккарти императорду “куттуктоо” тапшырмасы менен Кытайга жөнөтүлдү. Элчинин Кытайга келишинин башкы максаты Чыгыш менен Батыш монархия өкүлчүлүктөрүнүн  алгачкы жолугушуусун ийгиликтүү өткөрүү эле.

 Бул дипломатиялык  миссиянын баардык чыгымдарын 1600-жылы түзүлгөн Ост-Индия компаниясы мойнуна алган болучу. Анткени, бул компания 1664-жылы королго баалуу белек катары – эки фунт жана эки унций кытай чайын тартуу кылган эле. Дал ушул кезден тартып, Асман алдындагы өлкөдөн Улуу Британияга чайдын түз ташылып келүүсүнүн тарыхы башталган.

 Ошондон жүз жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин, тагыраак айтканда, 1785-жылы Улуу Британиянын жетекчилиги тарабынан кытай чайынын импорттолушу 1050 фунтка жеткендиги  белгиленген.

Англиялык адабиятчылар: “Чай ишенимдин пайда болуусуна жол ачат. Ал адегенде шектенүүнү пайда кылат, бирок, акыр аягында чындык баары бир эле жеңип чыгат” деген SIaIey пикирин карманышкан. 

Чыгыштын сыйкырдуу жашыл жалбырактары тууралуу Британ аралдарында уламыштар айтылып жана ага шыктанган, финансылык гана эмес аскерий жактан күч-кубаты толуп, ташып турган Ост-Индия компаниясы  жаңы бийиктикке жетишип: “бир колуна кылычты, экинчи колуна сооданын эсеп-кысап китебин” алып иш жүргүзүүгө киришти. Дал ошол мезгилден тартып  баары эңсеп, тилеген каалоо-тилек турмуш жүзүнө ашып, колониялык Индияга кытай чайы эгиле баштады

Кеменин бортуна түшкөндө эле Джорд Макартини элчиликтин милдети жана Дайцин  тарапка багыт алуунун негизги максаты өз өлкөсүн чай менен камсыз кылуу  экендигин, өзү бул маселени жөнгө салышы керектигин толук түшүнүп, билген.

Ост-Индия компаниясынын 1792-жылдын 8-сентябрындагы көрсөтмөсүндө: “Кытайдан жалпыга белгилүү товарларды: чай, пахта жана жибек кездемелерин ташып келебиз. Бул товарлардын ичинен биринчиден чай азыгы  өзгөчө мааниге ээ. Ташылып келе турган чайдын чоң көлөмүнө жараша анын баасы да абдан чоң суммага барабар. Эгерде, биз аны Индиянын аймактарына өстүрө турган болсок, бул көзгө көрүнөрлүк чоң пайда алып келет” деп баса белгиленген.

 Ошол Кытайга болгон жүрүшүндө британиялык делегациянын милдети анын башчысы Жорж Маккартинин Кытай императоруна тизе бүгүп чөгөлөбөй койгондугуна байланыштуу аткарылбай калган эле. Бирок, ошондогу дипломатиялык  ишке жумшалган ыгым-чыгымдар Индияга жогорку сапаттагы кытай чайынын көчөттөрүн алып келип отургузуу аркылуу толукталган . Тагыраак айтканда, андан кийинки жүз жылдыкта дипломатиялык бул миссиянын чыгымы  көп эселеп толукталган.

 Джорж Маккартинин дипломатиялык корпусу Пекинден мекенине карай сапар тартаарында Ханчжоуга кайрылып, андан ары кургактык менен Чжецзян, Цзянси, Гуанчжоуга чейин барган. Дипломаттар Чжецзян жана Цзянси провинцияларынын чектешкен жерлеринен өздөрү менен кошо алып кетиш үчүн чай бадалдарынын көчөттөрүн тамыры менен көөлөп алышкан.

1793-жылы 23-декабрда Джордж Маккартни Гуанчжоу шаарынан Ост-Индия компаниясы үчүн мындай деген баяндама жазган: “ Генерал-губернатор (Ал Гуандун жана Гуанси (Чан Линь) провинцияларына жаңы гана дайындалган) аябай кең пейил экен, мен анын жардамы менен чай дарактарынанан  уруктарды чогулттум, чайдын түрдүү жаш көчөттөрүн тамыры менен казып алдым, Индияга алып келип айдоого ылайыктадым.

Эгерде биз жергиликтүү уруктарды кытайдын аймагында эмес өзүбүз ээлик кылган башка жерлерге өстүрсөк анда бул ишибиз компаниянын оюндагыдай болуп, чоң үмүтүбүз акталат эле. Мен ар түрдүү өсүмдүктөрдү да жыйнадым, эгерде биз аны эгип, жакшылап өстүрсөк сөзсүз келечекте мол түшүмгө ээ болуп, кубанычка батмакпыз”.

1794-жылы февралда Джорд Маккартни Бангладештеги генерал-губернатор Суэрге мындай деп кат жиберди: “Ланьпуэр районундагы жердин кыртышы чай өсүмдүктөрүн отургузганга аябай ылайыктуу деп дыйканчылыкты жакшы билгендер айтып жатышат. Гуандун жана Гуанси (Чан Линь) провинцияларынын азыркы генерал-губернатору өзүнүн бийлигине ылайык мени менен бирге Чжэцзян провинциясына да барып келди. Ал чай өстүрүлгөн райондорду кыдыртып, бир канча чай дарактарын ээн-эркин тандап алуума шарт түзүп, жакшы меймандостугун көрсөттү. Мен атайын чай көчөттөрүнө ылайыктуу жашиктерди тандап, ага отургузулган көчөттөр куурап калбасын деп топурак толтуруп даярдап койдум”. 

Ошондон тартып Ганг-Калькутта дарыясынын дыйканчылыкка ылайыктуу аймактарына чайдын көчөттөрү отургузула башталган...

 

Кытайда өз өкүмүн атадан балага өткөрө ийгиликтүү жүргүзгөн падышалык Батышка шабдалы көчөтүн жөнөткөндөрүндө, бул үчүн ыраазычылык иретинде кайналы дарагын алабыз деп  ойлошкон да эмес. Бирок, башка  бир өсүмдүктүн буркураган жыпар жыты экинчи  бир өсүмдүктүн жыпар жыты менен аралашып, элдин башын айландырып, көзүн тумандатып жиберди. Ошентип, бул өсүмдүктөрдүн Чыгыштан Батышка карай агылган жаңы тарыхы башталды.

1813-жылдан 1833-жылга чейин Кытай чайы англиянын апийимине бирге төрт эсебинде алмашылып турган. Кызгалдак гүлүндөй болуп түркүн түстө кулпуруп, кабыл алгандын акыл-эсин тумандаткан апийим менен кара жана көк түрү бар, даамы жагымдуу, ичкендин жанын жай алдырып сергиткен жыттуу чай өсүмдүктөрү зор империялардын алакаларын чыңдап, ортолорундагы опсуз сооданы жүргүзүп, өз заманын чайпалтып турду. Чай жалбырактары батышты көздөй агылса, ошол эле учурда апийим Чыгышты көздөй ыкчам ташылып турду.

Булардын өлкөлөр аралык жүгүртүлүшү чыгыштын жана батыштын акындарына таптакыр жакпай аларды чыгармаларында элестүү түрдө ачык чагылдырып киришкен. Бул тууралуу Хуаэрлэ  ырга мындай деп кошкон:  “Бул суусундук мээ сергитип, кубанычка батырган, бал тилдүү эх, айырмасыз денин саткан катындан” десе Ханчжуолук кытай Гун Цзычжэнь минтип жазган: “Жүздөгөн шайтан  оттору алтын күз бетин каптады, көзүнөн жашы төгүлүп, кедейдин байкуш балдары аскерге кетти айласыз, оёзго булар чоң болсо жарашпай  калат дейсиңби? Жазгы уйкудан ойгонуп кетпесе экен ханьшибиз ” деп жаны кейиген автор Гуандун уездин жана ал аркылуу тараган апийим тууралуу жазган. Жергиликтүү жашоочулар апийим тартууга аябай берилип кетишип, ханьши майрамында от жакканга  тыюу салган эзелки салт дагы апийимдин жанында эч нерсеге арзыбай калгандыгын ырга салган.

 Ал эми кочкул-жашыл түстөгү, жумшак, көңүлдү көтөрүүчү, керемет күчкө ээ чай  Батышка кеңири тарай баштады. Дал ошол учур Тянцзинь, Шанхай, Ханчжоу, Фучжоу, Сямэнь, Гуанчжоу жана башка кытайдын шаарлары  өздөрү өндүргөн чайлары менен аябай сыймыктанган мезгил эле... 

К. Аркабаев.