Цзинь Цаньжун:

 БАЙЫРКЫ “АЗЫРКЫ ЖЫЛДЫЗ” АЗЫР КАНДАЙ?

 

       XXI-кылымдын башында Кытайдын өнүгүшү  эл аралык коомчулуктун кызыгуусун көпкө  жана туруктуу жаратты. Анда ар түрдүү көз караштар жана коомдук пикирлер топтолуп, тынымсыз сындаган жана колдогон үндөр жаңыра баштады. Байыркы “азыркы жылдыз” кайрадан бүткүл дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурду.

      Азыркы учурда Кытай дүйнөнүн сценасынын борборуна жетүү процессинде экенин четке кагууга болбойт. Кытай “карапайым элдик актёрдон” “экинчи пландагы актёрго” айланды. Андан кийин “экинчи ролду ойногон мыкты аткаруучуга”, мындан кийин “негизги каарманга”, ал эми келечекте, мүмкүн, “борбордук каарманга” айланат.

       Батыш мамлекеттердин экономикасы төмөндөө абалында турганда, эл аралык финансы кризиси бүт дүйнөнү көлөкөсү менен каптаганда Кытайдын экономикасы чындап эле дүйнөлүк экономиканын  эң күчтүү кыймылдаткычы болуп он жылдан ашуун  тездик менен өсүүсүн токтоткан жок. “Кытайда жасалган” деген белгиси мамлекеттик чек ара сызыгын басып өткөндөн кийин жана дүйнөнүн баардык мамлекеттерине күч менен суу оргуштагандай болгондо, өнүккөн мамлекеттер көбүнчө “кытай моделин” талкуулап жатканда “гармониялуу Кытай” дүйнөлүк дипломатиянын “зыяратынын” жаңы чекитине айланды. Кытайдын “кыялдар фабрикасы” дүйнөлүк инвесторлор үчүн жердеги бейишке айланды. Дал ошондо  “Кытайдын жоопкерчилиги” дүйнөлүк чекитке жылды. Бул четке кагууга мүмкүн болбогон факт.

 

ДЕГЕН ЭМНЕ?

 

      Кытай эл аралык коомчулуктун өнүгүшүнүн тенденциясынын алдыңкы концепциясын чагылдырган; “Тынчтык менен жашоо”, “Ар кандай көз караштын болушуна карабастан  жалпылыкты издөө”, “Тынч, коопсуз жана жакшы коңшулаштык менен гүлдөө”,  “Тынч өнүгүү”, “Гармониялуу дүйнө” концепциясынын сунуштады.

       Бул Кытайдын эл аралык тартипти колдоо ишиндеги демөөрчүлүгүн жана жооптуу мамилесин чагылдырат. Иш жүзүндө Кытай, өзүнө өзгөчө эл аралык жоопкерчиликти алат. Дүйнө жүзүнүн баарына жана татаал аймактуу маселелерге тийиштүү болгон эң маанилүү суроолорду ак ниеттүүлүк менен натыйжалуу аныктоого жана туура жол табууга умтулат. Кытай дүйнө жүзүндө тынчтыкты жана өнүгүүнү колдоо боюнча чыныгы көйгөйлөрдү чечүүгө баардык күчүн кошот.

                Өзүнө алган жоопкерчилик тууралуу айта турган болсок, анда Кытайдын өнүгүшү милдеттенме системасын чагылдырат, тактап айтканда,  эл аралык системанын чегинде жаткан бүтүн стратегиянын өнүгүшүн, тескерисинче аны талкалап кайра түзбөйт. Эгерде, Кытай өзү үчүн башка системаны кабыл алса, анда азыркы эл аралык тартип келечекте өтө эле туруксуз болот. Ошентип,  Кытайдын азыркы эл аралык системага кириши  бүткүл дүйнө жүзүндө  тынчтыктын орношуна жана өнүгүшүнө салым кошот десе болот. Кытайдын өнүгүшү ошондой эле анын башкаруу жоопкерчилигин иш жүзүнө ашырып, Кытай 30 жыл аралыгында 400 миллион адамга абсолюттук жакырчылыктын чегинен  чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Ошол эле учурда ал коомдун орточо байларына фундамент тургузду. Бул социалдык кубулуштун  иш жүзүндө адамзат коомунун калыбына келүүсүнөн алып карай турган болсок, анда бул жаңычылдык (новатор) мүнөздүн салымы менен турмуш жүзүнө ашты. Бул да Кытайдын дүйнөгө кошкон салым болуп эсептелет. 

 

“ДҮЙНӨДӨГҮ ТЫНЧТЫК ҮЧҮН...”

 

       Дипломатиялык мамилелердин көз карашы менен караганда, азыркы учурда Кытай белгилүү бир тармактарда өзүнө эл аралык жоопкерчиликтин көптөгөн санын өзүнө алып жана тийиштүү коомдук  милдеттерди аткарды. Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү катары дүйнө жүзүндөгү тынчтыкты коргоо боюнча өзүнүн жоопкерчилигин конструктивдүү жүргүзөт жана терең, ар тараптуу караштырат; БУУ жүргүзгөн тынчтыкты колдоо акцияларына активдүү катышат, регионалдык туруктуулукту жана тынчтыкты камсыз кылат; Чечкиндүүлүк түрдө ядролук куралдануу системасын жайылтпоонун эл аралык системасын колдойт, ядролук куралсызданууну сунуштайт; тынчтык сүйлөшүүлөргө, консультациялык диалогдорго,  түндүк корея жана иранга тиешелүү ядролук чоң маселелерди адилеттүү жана бирдей негизде чечүүдө  жигердүү ортомчулук кылат жана көмөк көрсөтөт. Кытай каршылашуу диалогун алмаштырууга, чыр-чатактарды чечүүдө өжөр түшүнбөстүктү тынч жол менен алмаштырууга, кара күчтү диплома-тияга алмаштырууга умтулат; Атайын элчилерди бекитет, Жакынкы Чыгышта тынчтык процессин илгерилетүүгө өбөлгө түзөт жана ар тараптуу макулдашат, аймактык чыр-чатактарды четтетүүгө күчүн жумшайт, гуманитардык кризисти жөнгө салууга салымын кошот.

      Кытай дүйнөдөгү эң чоң өнүгүп жаткан мамлекет катары башкалардын абалын түшүнөт. Ал чогуу прогресстин жолуна туруу үчүн көптөгөн өнүгүп келе жаткан  мамлекеттерге жакырчылыктан чыгууга өз алдынча жана чоң кубаттуулук менен жардам берет. Ошондуктан Кытай башка өнүккөн мамлекеттердин абалына ылайык эл аралык ар тараптуу кырдаалда  алардын мыйзамдуу укуктары үчүн күрөшөт экономиканын өз ара толуктоосун иш жүзүнө ашырат; дүйнөнүн өтө эл начар өнүккөн мамлекеттери үчүн бажы алымдарынан жана карыз милдеттеринен бошотуу, жардам жана кредиттерди берүү саясатын өткөрөт; алар менен чогуу бир жолдо болуп, алынын жетишинче элдин камкордугу үчүн күрөшөт;  адамдардын укук тармагындагы абалын оңдойт жана жакшыртат; жакырчылыкты жоюу менен өзүнүн өнүктүрүүдө болгон жоопкерчилигин  иш жүзүнө ашырууга умтулат.

 

ДҮЙНӨЛҮК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ РЕФОРМА ҮЧҮН

 

       Кытай рынокту түзүүчү мамлекет катары көптөгөн батыштык эмес өлкөлөрдүн  өткөөл экономикасы менен чогуу ички реформаларды  жигердүү сунуштайт, экономикалык курулушта өтө чоң ийгиликтерге жетет; Эл аралык мамилелердин системасына жана механизмине катышат: (Мисалы, Чоң Сегиздиктин  негизинде түзүлгөн G8+5 жана G 20 (Чоң Жыйырма).

     Кытай чечимдерди кабыл алуунун эл аралык  механизмин жана эл ара-лык  коомчулуктагы батыш лидерлик үндү түздөн түз жана акырындык менен өзгөртөт. Албетте, Кытайдын эл аралык статусу жана таасири өстү. Кытай эл аралык системанын прогрессивдүү куруучусу катары эл аралык мамилелердин механизмине  жигердүүлүк менен катышат. Ошондой эле эл аралык келишимдерге кошулат жана аларды ишенимдүүлүк менен аткарат. Азыркы учурдагы эл аралык мамилелерди реформалайт жана аны коргойт.

     Бүткүл адамзатка чакырык таштаган жалпы көйгөйлөргө, тактап айтканда, климаттын өзгөрүшүнө, терроризмге, эпидемияга, экологиялык көйгөйлөргө жооп катары  Кытай бүткүл дүйнө менен тилектештик кызыкчылыкта жөнгө салуу жана чечимдерди кабыл алуу ыкмаларын табууга аракеттенет. “Кытайдын өнүгүшү дүйнө жүзүнөн ажырагыс, ошондой эле дүйнөлүк гүлдөө жана туруктуулук Кытайдан бөлүнгүс” тенденциясынын ашырылышы барган сайын колдоого алынууда.

      Жетилген державалар рационалдуу жана өз принциптерин бекем кармана алышат. Алар,  “өзүн өзү жакшы билүү”  менен “душманды жакшы билүү” деген эмне экенин  гана түшүнүшүп, өздөрүнүн пикири болбой бирөөнүн артынан сокур ээрчий албайт. Дүйнө жүзү менен тыгыз байланышта болуу аркылуу гана аны салыштырмалуу акыйкаттуу кылса болот. Албетте, державалар өздөрүнүн милдеттерин аткарып жаткан  мезгилде  жоопкерчиликтин образын, манерасын жана ыкмасын иш жүзүнө ашырууда  алар мындар ары жакшыртылууга муктаж. Ошондой эле жеке эл аралык милдеттерди аткаруунун жалпы мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу керек.

 

УЛУУ ДӨӨЛӨТТҮН МЕНТАЛИТЕТИ...

 

      Биринчиден, дөөлөттүк (державалык) менталитетти чечүү жана түзүү керек.  Маанай билимди аныктайт, билим жүрүм-турумга таасир этет. Азыркы учурда Кытайда жарандык маанай  жөнгө салуу жана адаттануу (адаптация) этабында болууда. Мына ушундай учурда державанын менталитетин  түзүү өтө зарыл. Бирок Улуу дөөлөттүн менталитети деген эмне? Жок эле дегенде, бул суроого көз жүгүртүп, анын төмөндөгү тараптарын түшүнүү керек: Мисалы, дөөлөттүн менталитети оптимизмдин чоң бөлүгүнө ээ болуш керек; өзүнө бек турган, анан дагы чоң жоопкерчиликтүү сезими болушу керек; Кытайдын Дүйнө жүзүнө карата көп объективдүү  жана рационалдуу ыкмаларга жетүүгө шыктуулугу болуусу керек; Жеңиштин жана жеңилүүнүн алдында кайраттуу жана бекем ишеним менен турууга жөндөмдүү болуусу керек; умтулууну жана кеңири рухту, дөөлөттүн статусун иш жүзүнө ашыруу керек;  “доордун улуттук одоно уят” комплексинен кылдаттык менен кутулуу ыкмасын издеген “көкүрөгү сокур” бой көтөрүүсүн, атайылап өз кадыр-баркын ылдыйлаткан Кытайды көрсөтпөстөн, кытай элинин биримдүүлүгүн, интеллектисин, кайраттуулугун жана даанышмандыгын, ошондой эле Кытайдын ачык, толеранттуу, өзүнө ишенген жана Мекенди бекемдөөнүн үстүндө эмгектенгенин дүйнө жүзү көргөнгө жол ачуу керек; албетте, мында өзүн өзү басып, жөнөкөйлөтүү менен өзүнө өзү ишенүүнүн эки чегинин ортосунда олку-солку болбогон Улуу дөөлөткө ылайык болгон туруктуу борборду табуу керек.

       Ошондой эле Улуу дөөлөттүн менталитети  кыйын мезгилдин, тобокелдиктин жана чагымчылдыктын келерин түшүнүүсү керек. Улуу дөөлөттүн менталитети бой көтөрүмдүү жана мактанчаак болбостон  өзүнүн кемчилигин жана жетишсиздигин  билүүсү керек. Ошондой эле өзүн түздөп жакшыртуусу керек, ичке муздун үстүндө кетип бараткандай же жанар тоонун чекесинде отургандай сезимди ар бир минут сайын сезиши керек, ушундайда гана биз кошоматтыктын жана күчтүн талкалоосуна туруштук бере алабыз. Дөөлөттүн менталитети сыноолорго, көйгөйлөргө, кыйынчылыктарга туруштук бере алган, кыйын кезде жакшы нерсе жөнүндө ойлонгон, ал эми  тынчтык кез менен ырахаттанып жатканда кыйын кезге кабатыр болгон улгайган жарандык психикага ээ. Мындан башка дагы, Улуу дөөлөттүн менталитети өзүнө жигердүүлүк менен милдеттенме алгандыгында, алсыздарга жардам бергендигинде, бүткүл дүйнө жүзүндө тынчтыктын жана элдердин бактысы үчүн тең укуктуулукту жана адилеттүүлүктү орнотуу үчүн демилгесин көтөргөндүгүндө камтылган.

 

ЖООПКЕРЧИЛИК

 

      Мамлекеттик кубаттуулуктун гүлдөшү жана күчөшү сөзсүз эле кичинекей жана өтө алсыз мамлекеттерди кысымга алат дегенди түшүндүрбөйт. Ошондой эле актуалдуу тенденцияларга ылайыкташууда өз пикири жоктугун түшүндүрбөйт, ал эми дүйнөлүк системага интеграциялоо – Батыштын алдында чөгөлөө эмес, өз алдынчалык көз карандысыз үндү,  жаркыраган жеке өзгөчөлүктөрдү, өз позициясынын так орду болушу керек.

                Экинчиден, ички башкарууга көбүрөөк күч-аракетин жумшоо зарыл. Эл аралык мамилелердин бүтүндөй тарыхына көз чаптырып, биз мурда бир да мамлекет өздөрүнүн ички башкаруу көйгөйлөрүн иретке келтирүүдө жана чечүүдө мамлекеттин кубаттуулугуна карама-каршы келген эл аралык жоопкерчиликти өздөрүнө албаганын көрөбүз. Ал эми Кытайды карай турган болсок, анда ал өзү үчүн жеке иштерин  ийгиликтүү аткарып жатат – бул  өтө чоң жоопкерчилик, ошондуктан Кытайдын дөөлөттүүлүк жоопкерчилигинин ички талабы  жеке реалдуу күчтүн өнүгүшүндө жана бекемделишинде камтылган.

     Өнүгүү процессинде болгон көптөгөн маселелерди  биринчи кезекте чечип гана эл аралык жоопкерчиликти өз мойнуна  алуу үчүн жакшы реалдуу күчкө жана харизмге ээ болуу керек. Кытайдын экономикалык өнүгүшү өтө тездик менен алдыга жылганына карабастан ошол эле учурда экономикалык түзүлүштөрдөгү рационалдуулук эмес сакталууда, башкарууда кризис үзгүлтүксүз болууда, жакырчылык көйгөйүү күчөөдө, моделдердин жогорулашына илимий тармактар жетишпөөдө, социалдык карама-каршылыктын комплекси пайда болууда, кирешени бөлүштүрүүдөгү айырмачылык жана кедей менен байдын ортосундагы айырма чоңоюуда, ошондой эле ресурстардын жетишсиздиги менен айлана-чөйрөнүн булганыш көгөйлөрү пайда болууда.

      Ички башкаруу маселесин ийгиликтүү жөнгө салуу мамлекет менен коомду резонанска жана өз ара жоопкерчиликке келүүгө мажбурлайт, мамлекеттин жашоо күчүн жана ден-соолугун колдойт, эл аралык жоопкерчиликти  өз мойнуна  алуу үчүн негиз жана шарт болот. Ал өчүрүп, күйгүзүүчү катары жетекчилердин эркине көз каранды болбойт, элдин кызыл кандуулугунан толкунданбастан “ички себептерде булак жатат” деген философиялык логикага таянат.

 

ЭЛГЕ КАМКОРДУК

 

      Азыр Кытайда  калктын картаюу тенденциясы тездөөдө, калктын кирешесинин акырындык менен кыскарышына байланыштуу экономикалык өсүштүн темпи кандайдыр бир деңгээлде ылдыйлап жатат. Ошондуктан ички башкаруу тармагында кыйынчылыктардын болушу мүмкүн. Ушул себептен кээ бир тармактарга  тийиштүү финаНсылык каражаттарын жана максаттуу иш аракеттерин жөнөтүү керек. Мисалы, айлана-чөйрөнүн булганышы жана климаттын өзгөрүшү маселелерин башкаруу тармагында зарыл чаралар болуп, жогорку деңгээлде булгантуучу ишканаларды, жогорку деңгээлде кубаттуулукту колдонгон жана өтө көп  булганууну чыгарган, өнүгүп келе жаткан интеллектуалдуу жана инновациялык моделдеги ишканалардын өнүгүшүнө, жабдууларына  каражат жумшоо керек. Албетте, ушундай процесстерде ИДӨ менен салыктын бир бөлүгү жоголуп кетиши мүмкүн, ошондой эле жумушсуздуктун басымы күчөшү мүмкүн. Ушундай учурда, өйдөдө айтылган стратегиялык кыйын абалда болуп жана сырткы сынга кабыл болууда биз ой-пикирибиздин баарын прогресске жетишүүгө бурушубуз керек. Эч ким менен тең тайлашпай, көрүнүү үчүн умтулбай төмөнкүлөрдү билишибиз керек:  Бир гана “жөндөмдүүлүгүбүздү жашырып жана өз кезегибизди күтүп” “баардык иште ийгиликке жетишсек” болот. Топтолгон өнүгүү жеткиликтүү масштабга жеткенде, негизинен, болгон маселелерди ийгиликтүү чечсе болот.

(уландысы бар)

Байланышта болуңуз