“БЕГИМАЙ...” ДЕП ЗАР КАКШАГАН АКЫН ЖАНА КОТОРМОЧУ

ТАШТАНБЕК ЧАКИЕВ БИЗДЕ МЕЙМАНДА

Жакында “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясына караштуу биздин редакцияга КР Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү, КР Саламаттыкты сактоо министринин тил жана котормо иштери боюнча Кеңешчиси, КР Маданиятынын мыкты кызматкери, акын жана котормочу Таштанбек Чакиев  мейманга келип, редакция жамааты менен поэзия, тил жана котормо маселеси боюнча өзүнүн оюн бөлүшүп, компаниядагы редакция тарабынан даярдалып, жарыкка чыккан китептер менен таанышты.

Ашыктыктын торуна түшкөн, поэзиянын кулу,  акын Таштанбек Чакиев бизге куру кол келбептир, анын Грузия жазуучулар Союзунун эл аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы, Галактион Табидзе атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Владимир Табидзе баш сөз - каалоо жазган, “Сүйүү лабиринти” же “Бегимай ыр түрмөгүн” окуган редакциядагы кесиптештер “ахалап-охолоп”, айтарга сөз таппай, өңү сарылар кыпкызыл болуп, өңү каралар агарып, бою узун мага окшогондор кыскарып, бою кыскалар узарып, эргип-сергип, рух дүйнөсүнө ар кимиси өзүнчө эле чабыттап биринин сөзүн бири укпай бажактап калышты...Анда эмесе, Таштанбек “күйгөндөн” айткан 42 сабак “Бегимай ыр түрмөгүнө” кезек берели:

 

11.

Жер үстүндө деңиздин салкынысың,

Жүзүң айдай, пенденин артыгысың.

“Жүрөкзада боло бер!” – дегениң го?!

Аппак жоолук башыңа салыныпсың.

Жоолук салып алдайбы, Бегим мени,

Жоодураган көздөрү айтат нени?

Мен өлүүгө даярмын, Кудай акы,

Тийген күнү эрдиме эриндери!

Сулуу Бегим, мейли, каргап-шилегин,

Мейли алда, сендик менин тилегим.

18.

Байлам жоолук башыңда өңү сары,

Бал татыган курагың, өмүр жазы.

Башкаларга өзүңдү ыраа көрбөй,

Балакеттин башталды минтип бары.

Ошол күндөн ушул күн ооруп келем,

Көргөн түштү өзүң-деп жоруп келем.

“Пейли жакшы азамат кемибейт!”-дейт.

А мен сени өзгөдөн коруп келем.

Мен өзүң – деп жашап жана өлөрмүн,

Сага арналсын, жалгыз сага көрөр күн!

20.

Барбы? –деймин Кудайдын өчү менде,

Жаратыптыр өзүңдү кылып пенде.

Тиешелүү периге ажарың бар,

Болбойт ишен, ал-чырай, Бегим жерде.

Анан антип сүйбөсүн сени Таштан,

Кантип коёт ырдабай, жазбай дастан!?

Ырайым эт акынга сулуу бегим,

Ырларымды канатсыз, жайдак жазсам.

Ошол себеп собол таштайм тегиңе:

Сени сүйүү – бакыт эмей эмине?

32.

Мен сени кыялдардан жаратканмын,

Ыр жазгам анан туйбай таң атканын.

О Бегим, кыз кыялың көрсөтөсүң,

Билбейсиң, акын неге зар какшаарын.

Жашооңдун сырлары аз акын туйбас,

Жашоодо пикирлер аз акын муйбас.

О Бегим, бир жарк этип күлүп койгун,

Убакыт токтоп калсын тыным албас.

Бегимай тагдырымды байлайм сага,

Сен айткын тапсаң эгер – башка айла!

Акын Таштанбек Чакиевдин бул “Бегимай” 42 ыр түрмөгүнүн айрымдарынан гана шилтеме  келтирдик.

Жыйнак 3 тилде – кыргызча, орусча, түркчө жарыкка чыгып, орусчага В. Саришвили, түркчөгө К. Куламшаев которгон экен.

Окурмандар жаш акынга кошулуп, “күйүп-жанса” деген тилек менен сунуштадык.

Даярдаган

Абдымамбет САРИЕВ.

Байланышта болуңуз