Абалап иттер, суу жылжыйт,

Шабдаалылар жамгырга сугарылган.

Токойдон сейрек көрөсүң марал, бугуну,

Коңгуроо үнү бийиктен эми угулбайт.

Көгүлтүр туман артынан бамбук бой керет,

Шаркыратма чокуларга илинген...

Ким айтат мага жан досум кайда кеткенин?

Карагай алды турамын жалгыз дирилдей...

 

Атактуу кытай акыны, мөлтүр тунук ырлары кылымдарды аралап биздин күндөргө келип жеткен Ли Бо сегизинчи кылымдын алгачкы жылында, башкача айтканда, 701-жылы туулган. “Бир жолу акындын апасы түшүндө Тайбо жылдызы көкүрөгүнө кулаганын көрөт, ошентип ал кош бойлуу болуп, Ли Бо ысымдуу уулдуу болот. Ли Бо беш жашында кисти кармап сүрөт тартат, он жашында ыр жазып, адабий стилге ээ болот, он төртүндө атак-даңкка бөлөнөт”. Кытай элинин улуу акыны Ли Бо тууралуу уламыш ушундай дейт.

Анчалык бай эмес соодагер атасы уулунун билим алуусуна эч кандай көмөк көрсөтө алган эмес. Андыктан Ли Бо өз жашоосун өзү куруп, натыйжада император сарайына чейин аты угулат. Ал жерде абдан жакшы таасир калтырат. Бул 742-жыл эле.

 

Көгүлтүр туман артынан батыш өрттөнөт,

Караймын тоонун учтарын, карайм шаркыратманы.

Шаркыратма,

Булут арасынан тоолуу токойго карап учкансыйт -

Саманчынын Жолу асмандан кулап түшкөндөй.

 

Дүйнөнүн сыры дал ушул жерге төгүлгөн.

 

Бийик тоодо, унутулган тоопкана,

жымыңдаган жылдыздарга сунсам колум жетчүдөй.

үндү катуу чыгаруудан коркомун: пендечилик сөздөрүм,

асман тургундарынын тынчтыгын бузуп кетчүдөй.

 

Ли Бо Конфуций сыяктуу эле “бардык таза жана нукура нерселерди баалашкан, таланттуулар тынчтыкта жайбаракат таланттарын таптаган жана жер жүзүндө илимдүү адамдар күзгү асмандагы жылдыздардай көп болгон” мезгилге куса болгон. Ал кезде жер бетинде акылмандык жашаган: көрөгөч өкүмдарлар элин согуштан оолак башкарып, аялдар бактылуу, эл жыргап жашаган.

Аксарайда императордун колунда кызмат кылган Ли Бо мунусун мамлекетке чоң пайда алып келүүгө жумшоону ойлойт. Бирок өкүмдар болгону керек убакта  көңүлүн ачар таланттуу адамды жанында кармоону гана каалагандыктан, Ли Бо өкүмдардын эрмектеринин бирине айланат. Ушинтип арадан эки жыл өттү. 744-жылдын жазында ал аксарайды таштап чыгып кетет. Имиштерге ишенсек, ал өкүмдардын алдына барып ыр окуудан баш тартканы үчүн аксарайдан айдалган. Кандай деп айтышса да, акын эркиндиксиз жашай албайт эмеспи, өкүмдардын жылуу ырайы келечектеги улуу акын үчүн түк керексиз нерсе эле.

 

Атак-даңктын, байлыктын жок кереги,

Убакытты токтотсом дейм мен эми!

 

Эркиндикти сүйүү кытай акындарынын каны менен кошо жаралып, эне сүтү менен калыптанган.

Кийинчерээк Ли Бо өмүрүнүн акырына чейин Кытайды кыдырып турмуш кечирет. 744-жылдын күзүндө жер кезген саякаттарынын биринде Ли Бо Лоянда отуз үч жаштагы Ду Фуну кезиктирет, бул эки алп акындын достугунун башталышы эле...

(Эмки баяныбызда ушул эки улуу акындын достугу тууралуу айтабыз)

Даярдаган: Назгүл Осмонова