“АПЕНДИ ЧАЛЫШТАР” АДАМ ЖЫЛМАЮУ МЕНЕН ОКУГАН КИТЕП

Орус калемгерлеринин арасында Василий Шукшин аттуу менин сүйүктүү жазуучум бар. Өзгөчө анын эл арасында жүргөн апенди чалыш адамдардын жоруктарын сүрөттөгөн аңгемелерин тамшануу менен сүйүп окуйм. Бир-экөөсүн которуп дагы койгом. Ал тууралуу мен эмнеге кеп салып жатам? Анткени жакында Шукшиндин орус “чудиктериндей” болгон  бир кызык жоруктарга барган кытайлар  тууралуу жазган  кытай жазуучусу Лао Манын “Апенди чалыштар” аңгемелер жыйнагын элибиздин чыгаан акын кызы Назгүл Осмонова экөөбүз биргелешип котордук... Ошентип ал жылмаюусуз окулбаган китеп биздин “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниябыз тарабынан жарык көргөнү  турат. “Апенди чалыштар” деп аты эле айтып тургандай китеп азил менен юморго бай. Анда эмесе сөздү узартпастан биз ошол кызык аңгемелердин бирөөсүнө сиздердин назарыздарды бурмакчыбыз.

                                                                                                                     КУБАНЫЧБЕК АРКАБАЕВ.

ЛАО МА: Менин тапанчам бар

Райондук бөлүмдүн куралдануу боюнча офицери, аскердик даражасы жагынан экинчи рангадагы капитан кеңсебизде мени менен сүйлөшүп отурду:

-  Сиздин бул тапанчаңызды биз сактап беребиз!

- Тапанча? Каяктагы тапанча? – деген мен таңгалуудан жана чочуудан улам чакчая түшкөн көздөрүмдү ага кададым.

- Сайы 54чү өлчөмдөгү револьвер, - деп токтоо айткан ал дивандын жан жаккы жөлөнгүчүн таяна берип, тамекисинин күлүн күл түшүргүчкө чертти.

- Сиз эмне тамашалап жатсызбы? Менин каяктан револьверим болмок эле? – деп аргасыз түрдө басмырт үндө күлүп жиберип, ордумдан тура калып, колумду жайып жибердим.

 

- Былтыр Сизге револьвер жөнөтүлгөн, - деп дале болсо ал ишенимдүү жана токтоо түрдө сүйлөдү.

- Былтырбы? Мен эл ичинде жүргөн жөнөкөй адаммын, эмне үчүн Сиздер мага курал жөнөтүшүңөр керек?

- Сиз элдин жөнөкөй адамы эмессиз, Сиз жетекчи түзүмдүн курамындасыз, мындан башка дагы Сиз элдик кошуундун запастагы кызматына жооп бересиз, - деп капитан мага атайылап эле “Сиз” деп баса айта кайрылып даражамды көтөрүп жаткансыды.

- Мен болгону курулуш компаниялардын ишине жоопкер кишимин,  аскер адамы эмесмин. Мага жаныма курал алып жүргөндүн эмне кереги бар? – деп мен дале болсо жагдайымды түшүнөр деген үмүттө чыйпылыктап жибердим.

- Ооба, Сиз жаныңызга курал алып жүрбөшүңүз керек, ошондуктан биз аны сактап берели деп жатабыз, - деп ал чын жүрөктөн түшүндүрө баштады.

- Бирок, менде тапанча жок да. Анан кантип аны мага сактап бере аласыңар? Убара болуунун кереги жок, - деп көшөрдүм мен.

- Регламент боюнча Сизде курал бар, - деди ал сөздөрүн таптап сүйлөп. – Иштеген кызматыңыз боюнча жана жоопкерчилиги жогору ордуңузга жараша Сиз жаныңызга курал алып жүрүшүңүз керек. Тартип ушундай жана Сиздин артыкчылыгыңыз да ушунда. Сиздин компанияңыздын кызматчылары запастагы офицерлерден болуп саналышат. Ошондуктан Сиздерде сөзсүз курал болушу керек. Мен туура эле түшүндүрүп жатамбы?

- Түшүнүктүү эле айтып жатасыз, бирок мен кандайдыр каңырыш угуп жаткансып атам, - деп мен катуу толкунданганымдан улам кулагымдын учуна чейин кызарып кеткенимди сездим. – Кептин баары Сиз айтып жаткан револьверди эч качан көрбөгөнүмдө болуп жатпайбы. Түшүнөсүзбү?

- Ооба, мен түшүндүм. Бирок Сиз аны көргөнсүзбү же көргөн эмессизби айырма жок. Ал 54калибрдеги револьвер чынында эле Сизде бар. Андыктан аны ок атуучу куралдарды сактоонун адмнистративдик чаралардын так эрежелери боюнча коопсуз жайда кармай туруубуз үчүн өткөрүп беришиңизди талап кылабыз. Сиздин муну туура түшүнөрүңүзгө үмүттөнөм, - деп капитан дивандан туруп, катаал көз карашын мага кадады.

- Бул эмне дегениңиз? Менде андай курал чынында эле жок. Сиз буга ишенгиңиз келсе бөлмөнү бүт тинтип чыгыңыз. Ок атуучу куралдарды алып жүрүү же кайдадыр кармоо мыйзамга каршы келерин баардыгы жакшы билишет. Анан мен револьверди кайсы максатта катат элем? – дедим мен айлам кете.

- Сиз абдан туура айтып жатасыз. Жөнөкөй жарандар курал алып жүрө албай турганын билген райондук ок атуучу куралдарга көзөмөл жүргүзүү бөлүмү баардык ок атуучу куралдарды өзүнө алып сактамай болду, - деген капитан “Какайгыла!” деген буйрукту уккан сымал бет маңдайымда зымпыйып турду.

- Бирок менде тапанча жок, чын эле сиз менин айтканыма түшүнбөй турасызбы? – менин чыдамым кеткенинен күлөрүмдү же ачууланарымды билбей калдым.

- Мен эмес, Сиз мени түшүнбөй турасыз. Теориялык жактан чынында эле Сизде 56 калибрдеги револьвер бар. Бирок, Сиз аны жаныңызда алып жүрө албаганыңызга жана үйдө сактай албаганыңызга байланыштуу биздин карамагыбызга өтүп, жогорку органдардын көзөмөлүндөгү курал сактоочу жайга тапшырылат, - деп сабырдуулук менен түшүндүрдү капитан.

- Коё туруңузчу, коё туруңузчу, оюмду пештеп алайын. Менин бул кызматты аркалап, жооптуу ишти жасап жатканыма байланыштуу менин куралым болушу керек экен да...

- Болушу керек эмес, а чынында эле Сизге курал берилген, - деп ал менин сөзүмдү бөлүп жиберди.

- Болуптур анда, курал менде бар деп эсептейли, - деп мен айлам кеткенде кол шилтедим.

- Эсептебей эле ал Сизде чындап эле бар, - деп ал кайрадан чорт кесе айтты.

- Болуптур, эсептеп отурбай эле мен сизге багындым! Мурда колума кармамак тургай эзели көрбөсөм, укпасам  дагы менин чындап эле тапанчам бар. Бүгүн Сиз ошол бар, бирок жок куралды алып кеткени келдиңиз, ушундайбы? – дедим мен акыры айлам кеткенде.

- Так ошондой, - деп капитан жылмайганга аракет кылды.

- Андай болсо револьверимди алып кетиңиз, - деп сөз тапканыма жеңилдей түшүп кол жайдым мен.

- Мындай кылганга болбойт. Ок атуучу куралдын сакталышы турмак, болбогон маселе болсо дагы бекитилген эреже боюнча чечүү керек. Ошондуктан бул жерде өзгөчө сагырак иш кылышыбыз абзел, - деп ал ого бетер катаалына тартты.

- Жакшы болот. Ошол бекитилген эрежени айтыңызчы. Мен аны: “Револьве-ер кел!” деп чакырам. Сиз болсо муну угарыңыз менен “мен сени сактаганы алып кетип жатам” дейсиз. Муну ушундайча ишке ашыралыбы? – деп сурадым мен анын дагы бир балээнин башын чыгарарынан сактанып.

- Бул оңой иш эмес. Балдардын оюнуна да окшошпойт, - деп капитан чөнтөгүнөн бир барак ак кагаз алып чыгып, - бул куралды сактоого өткөрүп бергениңиздин ишеним кагазы. Этегине кол коюп коюңуз.

- Болуптур. Колумду коёюн, - деп мен калемсабымды колго алдым.

- Андай болсо мына бул эки тилкат акчаны алганымды тастыктаган документтер, - деп капитан кайрадан чөнтөгүнөн эки барак алып чыкты.

- Булар эмне? – деп мен түшүнө бербей аларга үңүлдүм.

- Ок атуучу куралды сактатканыңыз төлөнгөн акчаңызды алганымды тастыктаган тилкаттарым дейм. Биринчиси былтыркы жыл үчүн, экинчиси болсо кийинки жыл үчүн алдын ала төлөнгөн акча үчүн берилди.

Мен дароо эле каржы бөлүмүнө кайрылып капитанга талап кылган акчасын төлөтүп бердим.

Ушундай жол менен мен ок атуучу куралдын ээси болуп калдым.

Байланышта болуңуз