Кытайдын кызыл акчасы тууралуу кызык китеп даярдалды

Кытай экономикасы азыр өнүгүүсү боюнча дүйнө жүзү боюнча экинин бири болуп турган кези. Ал эми бул өлкөнүн соода тармагы эчен жылдан бери эч кимди алдына чыгара элек. Ушинтип соода менен экономиканын алга кетүүсү Кытайдын элдик валютасы юандын да белин бекемдеп, анын дүйнө жүзү боюнча колдонулган күчтүү акчалардын катарына кошту десек болот.

Бирок, биз дүйнөдө биринчи орунда турган ошол сооданын жүгүрүп турган каны болгон Кытай юаны жөнүндө көптү биле бербейбиз. Ушул өксүктү толтуруп, юандын таржымалына, дегеле кытайлардын акча бирдиктеринин тарыхына саресеп салып, аны элибизге тааныштыруу максатында биздин “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниябыз “КЭР валютасынын тарыхы боюнча окуу куралы” аталышындагы баалуу китепти кытай тилинен которуп, жасап-түзөп басмага даярдады.

Мен сөзүмдү узартпастан анын баш сөзүн (аннотациясын) сиздердин назарыңыздарга сунуштай кетмекчимин.

Редактор К. Аркабаев.

КЭР элдик валютасынын тарыхы боюнча окуу куралы

Автору Чэнь Юйлу

Бул китепте деңиз үлүлүнүн кабыгын алмашуу каражаты катары пайдаланган байыркы убактан алтын тыйын жасаганга жетишкен кезге чейинки акча таржымалы чечмеленет жана жыгач акчадан азыркы американын жашыл долларына чейинки банкноттордун жакшырып өнүгүүсү тарыхый көз карашка таянуу менен баяндалат, ошондой эле кытайдын элдик акчасы юандын жана эл аралык валюта түзүмдөрүнүн акча-каражат саясатындагы түп-тамырдан берки өзгөрүүлөрүнө  саресеп салынат, мындан башка дагы дүйнөлүк экономиканын  өнүгүүсү тууралуу жана анын акча жүгүртүүсү жөнүндө кеңири кеп кылынат. Андыктан кытайдын элдик валютасынын өнүгүшүнөн жана аны жүгүртүү системасынан улам жаралган көптөгөн суроолорго жооп  таап берген бул китеп акча илимине кызыгуучуларга окуу куралы катары жакшы кызмат кылып бере алат.

 Бул китеп экономикалык негизден маданий түзүлүшкө дейре сөз кылат, каржы дүйнөсүнүн эл аралык жалпы көрүнүшүнөн баштап ички чөйрөгө чейинкини айтып берет жана кытай валютасынын байыркысы менен азыркысын жөнөкөй тил менен баяндайт, анын абалын жандуу түрдө сүрөттөп берет, ошондой эле көп кырдуу, миң сырдуу дүйнөлүк экономикадагы юандын эл аралык валютага айлануу келечегине  көз чаптырат.

     Бул китеп чет өлкөлүк жана ата мекендик окурманга кытайдын акча-валюта түзүмүнүн тарыхый негиздерин түшүнүүгө жардам берип гана тим болбостон анын тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөлүк экономика менен ааламдык цивилизацияга салып бара жаткан айкын жолун чагылдырып, өнүгүү көсөткүчүн  тастыктап бере алат.

Байланышта болуңуз