КЫТАЙ ЭКОНОМИКАСЫНЫН ДЕМИСТИФИКАЦИЯСЫ

  Жастин Йифу Лин - кытай экономисти, экономикалык реформалардын Кытай борборунун түзүүчүсү жана биринчи директору, Пекин университети менен Гонконг илим жана технологиялар унивеситетинде окутуучу болуп иштеген. 2008-2012-жылдары Дүйнөлүк Банктын башкы экономисти жана ага вице-президенти болуп кызмат өтөйт.

   Жастин Йифу Лин “Кытай экономикасынын демистификациясы” китебинде экономикалык талдоого жана экономикалык саясат боюнча талкууларга катышуудагы жеке тажрыйбасына таянып азыркы доордо Кытай эмне үчүн алдыңкы катарга чыкты, кандай себептерден улам 200 жүз жыл бою артта калган, базар экономикасына кайсы жол менен барган, кийинки динамикалык өсүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар жана мыкты иштеген, алдыңкы базар экономикасына өтүү доорун жыйынтыкташ үчүн дагы кандай реформаларды жүргүзүүсү керектиги  тууралуу баяндайт. XVIII кылымга чейин Кытай дүйнөдөгү эң ири жана экономикалык жактан алдыдагы өлкө болгон, бирок XIX кылымдын акырында ыкчамдык менен эң кедей өлкөнүн деңгээлине түшкөн. Атуулдук маанайы күчтүү интеллектуалдардын бир тобу жана саясатчылар улуттук кайра жаралуу кыймылын киргизүүгө катуу аракет жасашкан. Өлкө тагдыры кыйчалышка түшкөн, бул кырдаалды Кытай 1979-жылы базар реформасын баштагандан тартып оңдоого мүмкүн болгон. Ушул мезгилден тартып Кытай дүйнөдөгү эң ыкчам өнүккөн экономикасы бар өлкөгө айлана баштаган жана 2030-жылга карата “дүйнөдөгү эң ири экономика” деген наамын кайра кайтарып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Экономикалык серепке жана экономикалык саясат тууралуу талкууларга жеке катышуусундагы тажрыйбасына таянып, Жастин Лин эмне үчүн Кытай азыркы доорго чейин алдыңкы катарда болгонун, кандай себептерден улам эки жүз жыл бою артка кете баштаганын, базар экономикасына кандай жолдор менен барганын жана мыкты аракеттеги, алдыңкы базар экономикасына өтүүнү жыйынтыкташы үчүн дагы кандай реформаларды жүргүзүү керектигин түшүндүрөт.

улутту сактап калуу үчүн коомдун элитасынын өкүлдөрү да, жөнөкөй элден чыккан мекенчилдер да үзгүлтүксүз иш-аракеттерди жасашкан. Бирок, 1949-жылы КЭР түзүлгөнгө чейин, тагыраагы, 1978-жылдын акырына чейин бул курулай аракеттер болгон. Мына ошол мезгилден баштап Кытай кырдаалды жокко чыгарып, кедейчиликтин жана артта калуучулуктун жолунан кайта баштаган.

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнө жүзү боюнча улуттук кыймылдар активдешип, ал эми экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Африка, Азия жана Латын Америкасынын мурдагы колониялары биринин артынан бири көз карандысыздыкка жетишкен. Кытай сыяктуу эле революционерлердин биринчи мууну башкарган, жаңы түзүлгөн көз карандысыз мамлекеттер ал кездеги үстөмдүк кылган теорияларга таянып өнүгүүгө умтулушкан. Алар өзүнүн айыл чарба тармагынын алкагында капитал сыйымдуу тармактарды курууга үмүт артышкан. Бирок, келечектүү тармактар ал өлкөлөргө салыштырмалуу артыкчылык бере албай тескерисинче болгон. Келечектүү тармактардын өнүгүүсү бул өлкөлөрдүн салыштырмалуу артыкчылыктарына карам-каршы келген жана атаандаштык рыногунда алар жөндөмсүз болгон. Бул өлкөлөрдө аталган тармактарды түзүү жана алардын иштеп кетишин колдоо рынок системасындагы ар кандай бурмалоолорго алып келген коргонуу жана субсидияга (жардамга берилүүчү акча – ред.) тянган. Бир эмес, эки муундун тынымсыз аракеттерине карабай экономика артта калып, саясий жана социалдык каатчылыктар болуп, киши башына тиешелүү киреше боюнча өнүккөн өлкөлөрдөн алда канча айырма кала берген. 1970-жылдардын аягында эки гана чыгышазиялык экономикалар өнүккөн өлкөлөрдү кубалап жеткен.

1950-60-жылдарда эл аралык илимий коомчулук Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн рыноктук экспортко багытталган өнүгүү стратегиясын сындаган.  1970-жылдардын аягында Кытай өз реформаларын баштаганда дал ушундай кырдаал болгон. Өзгөртүү жана ачыктык боюнча программа акырындап өзгөрүүнүн эки баскычтуу жолуна негизделген. Бир жагынан, мамлекет салттуу келечектүү тармактардагы мамлекеттик ишканаларга тиешелүү колдоолорду көрсөтүүнү уланткан. Экинчи жагынан, жаңы жана көп эмгекти талап кылган секторлорго, жеке ишканалардын киришине жеңилдик берип, Кытайдын салыштырмалуу артыкчылыктарына толук макулдашылган. Эл аралык илимий чөйрөдө мындай саясат биринчи күндөн баштап эле ишенбөөчүлүктү жараткан. Бирок, 30 жыл тынымсыз өнүгүү – “кытай кереметин” дүйнөгө таанытып, кытай экономикасы биринин артынан бири келген укмуштуудай жетишкендиктери менен ал сындарга жооп берген.

1970-жылдардын аягында Кытай өз реформаларын баштаганда Вашингтон консенсусунун (ымаласынын – ред.) идеяларына негизделген жана үстөмдүк кылынган социалисттик да, капиталисттик да багытта өнүгүп жаткан башка өлкөлөр бир катар реформаларды жүргүзгөн. Маанилүү аракеттерге карабастан, бул экономикалардын өнүгүүсүнүн ылдамдыгы реформага чейинки доорго караганда төмөн болгон. Көпчүлүк өлкөлөрдө реформалар экономикалык кыйроого жана узакка созулган токтолууга алып келген.

Бул мамлекеттердин тажрыйбасы экономикалык, социалдык, маданий жана саясий өнүгүүсү бар, жаңылануу жолуна түшкөн ылдам жана толук өнүккөн өлкөлөр жана өткөөл экономикасы бар өлкөлөр таяна турган күчтүү теориянын жок экендигин күбөлөндүргөн. Мунун себеби эмнеде?

Коомдук тармактагы окумуштуулар сунуш кылган теориялар адатта ошол  окумуштуулар чыккан өлкөлөрдүн көрүнүштөрүнө таянат. Экономика илимдерин алалы. Азыркы экономикалык илимдерге негиз салып, 1776-жылы Адам Смит “Элдин байлыгы” деген чыгармасын жарыкка чыгаргандан баштап, өнүккөн өлкөлөрдүн экономисттери тарабынан кеңири жайылтылган ошол өнүккөн өлкөлөрдүн көрүнүштөрүнө талдоо жүргүзгөнгө жана маселелерин чечкенге экономикалык теориялар сунуш кылынган. Бирок, өнүккөн өлкөлөр туш болгон  мүмкүнчүлүктөр жана көйгөйлөр өнүгүү жолундагы өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрүнөн айырмаланып турат. Ошол себептен биринчи өлкөлөргө пайдаланылган теориялар экинчи өлкөлөргө ылайык келбеши мүмкүн. Мындан сырткары, өнүккөн өлкөлөрдө социоэкономикалык шарттар дайыма өзгөрүп, үстөмдүк кылган теориялар да өзгөрүүлөргө дуушар болот. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдүн теориясын курал катары алып, өнүгүү жолундагы өлкөлөр кыйынчылыкка дуушар болушат. Демек, кайсынысын тандоо керек? Эгерде болбой эле иш-аракетке кайсы бир теорияны ала турган болсо, ал жергиликтүү чындыкка колдонууга толук жарабай калышы мүмкүн.

Коомдук илимдер өзүнүн жаратылышы жагынан себептердин жана жыйынтыктардын жөнөкөй логикалык системи. Кайсы бир өлкөгө конкреттүү теорияны пайдалануу ошол өлкөнүн социоэкономикалык реалийлерине теориянын негизги жыйынтыктары дал келгенине байланыштуу. Адатта ошол өлкөнүн окумуштуулары гана өлкөнүн тарыхы, маданияты жана реалийлери тууралуу билишет жана социоэкономикалык шарттардын негизги көрсөткүчтөрүн бөлүп ала алышат. Алардын негизинде жергиликтүү шарттарга жараша тигил же бул аракеттердин натыйжаларын алдын ала айтып жана себептерин түшүндүрүп берүү үчүн жөнөкөй логикалык система түзүлөт.

Ошондуктан, Кытай жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөнүн интеллектуалдары өз өлкөлөрүн бардык аспектилерден экономикалык, саясий жана башка социалдык көрсөткүчтөр боюнча терең түшүнүүгө умтулуусу зарыл. Ушул билимдерге ээ болгондо гана окумуштуулар өз өлкөлөрүндөгү жаратылыш, көйгөйлөр жана жаңылануу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу теориялык кыр арка чогулта алат. Бул эмгек - аталган багытка карай кадам. Кытайлыктардын жетишкендиктери менен утулууларына байланыштуу уламыштарды жокко чыгаруу менен, бул китеп өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жана Кытайдын келечегин түшүнүүгө жардам берет деген үмүттөмүн.

 

Жастин Йифу Лин