Биз Цзинь Цаньжундун кыргыз тилине которулган “Улуу дөөлөттүн жоопкерчилиги” аттуу китебинин баш сөзүнүн 2-бөлүгүн окурмандарга тааныштыруу иретинде сунуш кылабыз
(Башталышы мурдагы санында)
ЖЫЙНАКТАЛГАН БИРИНЧИ ИШ-ЧАРА
Бул ички жана тышкы иштердин ортосундагы тең салмакты кармоо. Улуу дөөлөттүн жоопкерчилиги өзүнө эки жакты камтыйт: Эл аралык жоопкерчилик жана ички мамлекеттик жоопкерчилик. Мунун бирине көңүл буруп, экинчисин эстен чыгарса, анда акыры баарынан ажырайт.
Тышкы байланыштар менен салыштырганда адамдар ар качан өздөрүнүн көз алдында пайда болгон жеке кызыкчылыгын, өз ишин, көз карашын ойлошкон. Жашаган жери, жумушка орношуусу, медициналык камсыздоо, коррупцияга каршы күрөшүү жана башка элдердин материалдык жашоосундагы маселелер, ички мамлекеттик социалдык жана экономикалык өнүгүүнүн тармагындагы көйгөйлөр, акыйкаттык, чындык элдик массанын көңүлүн жеңил өзүнө бурат.
“Кытай өзү кедей, бирок эл аралык мамиле ишинде өзүнүн байлыгын жана айкөлдүгүн көрсөтөт”, “Кытай үчүн башкаларга жардам берүү өзүнө жардам бергенге караганда маанилүү” деп эсептеген кээ бир адамдар бар. Алар Кытайдын эл аралык аренада көрсөткөн айкөлдүгүн жана чын дили менен көрсөткөн жардамын толугу менен түшүнө алышпайт. Алар Кытайдын жигердүү кийлигишүүсү менен талап кылган иштерди тийиштүү деңгээлде рационалдуу түшүнө алышпайт.
Ошентип, ички мамлекеттик менен эл аралык мамилелердин ортосундагы назик байланышты бир багытка салуу, кытай элинин эл аралык дүйнө таанымын тарбиялоо, чет элдик кызыкчылыкты терең түшүнүү жана кеңири колдоно алуу Кытай үчүн өзгөчө маанилүү учур болууда. Алар Кытайга эл аралык милдеттерди аткарууда кыймылдаткыч күчтү жана жоопкерчиликтүү мамлекеттин образын иш жүзүнө ашырууну камсыз кылышы мүмкүн.
ЖЫЙНАКТАЛГАН ЭКИНЧИ ИШ-ЧАРА
Бул өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин балансы. Кытай өзүн бекем турган жана туруктуу өнүгүп келе жаткан мамлекет катары көрсөтөт, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин кызыкчылыгын колдойт, маанилүү көй1гөйлөр жана маселелер боюнча көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен чогуу бирдей позицияны колдойт. Ошол эле учурда Кытай жана өнүккөн мамлекеттер өз ара кызматташтык мамилелердин жана кызыкчылыктардын кеңири мейкиндигине ээ. Алардын өзгөчө соодо – экономика чөйрөсүндөгү глобалдуу маселелерге, ошондой эле эл аралык мамилелердин механизминин өнүгүшүндө бүгүн пайда болгон көйгөйлөргө жооп берүүдө жалпы кызыкчылыгы бар. Алар бүткүл дүйнөдө туруктуулуктун, тынчтыктын орношун жана аймактык чыр-чатакты чечүүдө бирдей фундаменталдык позицияны карманышат. Кытай өз позициясын бекитүү менен өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин тең салмагын сактоого көңүл бурат жана карама-каршы жактын болуусун четке какпайт. Кытай өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ортосунда диалог куруп чөйрө менен мамилеш болууда, бирок, аны менен биригип кетпейт. Ал айрым айырмачылыктар биригүүнү камсыз кылганды сактоого умтулат, байланышты байланыштыруучу болуп калат.
(Уландысы бар).
Цзинь Цаньжун,
окумуштуу, саясатчы, жазуучу.