“Бир алкак, бир жол” демилгеси

       

     Эч бир мамлекет өз алдынча өнүгө албайт, өз казанында кайнай бергендердин дарамети чектелет. Андыктан иши жүрүшүп, ити чөп жеп турган кайсы мамлекет болбосун экономикалык жана маданий кызматташууларга, ошондой эле башкаларга жардам берүү, ал тургай жардам алуу сыяктуу алакалашууларга барбай коё албайт. Бул ааламдык мыйзамдардын бири болсо керек.

    Улуу коңшубуз Кытай дагы Евразия континенти менен өз аймагын качандыр бир байланыштырып турган Улуу Жибек жолун жана Деңиздеги Улуу Жибек жолун кайрадан жандандыруу жакшы тилеги менен, ошондой эле экономикалык кызматташтыкты, маданий алакалашууларды алгалатуу максатында “Бир алкак, бир жол” долбоорун дүйнөгө сунуштап жатат. Биздин редакция тарабынан Кытайдын ушул экономикалык саясатына арналган “Бир алкак, бир жол окуу китеби” аталышындагы эмгек жарыкка чыгарылганы турат. Төмөндө биз бул китептин мазмуну менен аз-маз тааныштыруу максатында андан үзүндү бере кетмекчибиз.

 

К. Аркабаев.

 

2-Бап. Негизги ынанымдар

 

           БУУнун уставынын негизги максаттарын жана ынанымдарын бек кармоо зарыл, эч качан бузбоо керек. Тынчтыкта жанаша жашоонун беш негизин кармануу кажет, тактап айтканда, бардык өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтап сыйлоо,  өз ара кол салышпоо, бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө, тынчтыкта жанаша жашап, теңдик менен өз ара пайда көрүү керек.  (“Келечек жана иш жүзүндөгү аракеттер”. 2-Бап. Куруунун жалпы негиздери.)

Миңдеген жылдардан бери “Тынчтык жана кызматташтык, ачык-айкындык жана сабырдуулук, биргелешип түшүнүшүү жана өздөштүрүү, өз ара тең үзүрлүү пайда көрүү” сыяктуу Улуу Жибек жолунун бийик руху, асыл баалуулуктары муундан муунга өтүп, адамзат цивилизациясынын туура жолго кадам ташташына өбөлгө түзүп келет. Ал Чыгыш менен Батыштын ортосундагы  байланыш менен кызматташуунун анык жана бийик символу, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдүн тарыхый,  маданий мурасы. Жаңы тарыхый мезгилде биргеликте “Бир алкак, бир жол” долбоорун жайылтып курууда Кытай Байыркы Улуу Жибек жолунун асыл баалуулуктарын, бийик рухун сыйлоону улантуу менен БУУнун уставындагы негизги максаттарга жана ынанымдарга баш ийет, тынчтыкта жанаша жашоонун беш негизин карманат жана биргелешип талкуулоо, өз ара кеңешүү, чогуу-чаран куруу, бирге пайдалануу ынанымдарынын негизинде “Бир алкак, бир жол” долбоорун турмушка ашырат, “Бир тагдырлуу коом” саясатын жүргүзөт. “Бир алкак, бир жол” долбоорунун курулушу учурда жүргүзүлүп жаткан кызматташтык жөрөлгөлөрүн жана демилгелерин алмаштырбайт, тетирисинче алкактагы өлкөлөрдүн өндүрүшүнө өзү сунуштаган өнүгүү стратегиясын  айкалыштырып, бири-бирин толуктоо менен кошумча артыкчылыктар менен ийгиликтерге бирге жетишүү үчүн шарт түзөт. “Бир алкак, бир жолу” долбоорун ишке ашырууда ар дайым ачык-айкындык жана сабырдуулук, өз ара тең үзүрлүү пайда көрүү идеясын кармануу керек. Бул бир гана Кытайдын аткаруусундагы “ыр” болбостон, алкактагы өлкөлөрдүн жалпысынын “хору” болушу зарыл.

           Маалымдуулук жана кызматташтык үчүн ачык эшиктер күнүн уюштурууга колдоо көрсөтүү. “Бир алкак, бир жолго” тиешелүү өлкөлөр байыркы Улуу Жибек жолунун аймагы менен чектелип калбайт. Буга каалоосу бар бүт мамлекеттер, кайсы эл аралык жана аймактык уюм болбосун эч бир чектөөсүз катыша алышат. Анткени  биргелешип аракет кылуулар менен чогуу баштаган курулуштардын натыйжалары бүткүл жер жүзүнө пайда алып келет  (“Келечек жана иш- жүзүндөгү аракеттер”. 2- Бап. Биргелешип жаратуунун жалпы негиздери).

Эл аралык кызматташтыктын демилгеси катары “Бир алкак, бир жол” каржы каатчылыгы доорун жакшы жагына алмаштырат.  Дүйнөлүк экономикалык өсүштүн кубаттуу кыймылдаткыч күчүнө айланган Кытай өзүнүн өндүрүш артыкчылыктарын, технологиялык жана фондулук мүмкүнчүлүктөрүн, каржылык кубаттулугун, рыноктогу жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен өнүгүүсүн,   кызматташтык артыкчылыктарын, ар тараптуу ачыктык саясатын алдыга жылдыра алганын жана башка ушул сыяктуу жараяндарда топтогон тажрыйбаларын аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн колдонууну ниет кылат. “Бир алкак, бир жол” долбоору өзүнүн негизги өнөктөштөрү катары байыркы Улуу Жибек жолунун боюндагы жана Деңиздеги Улуу Жибек жолуна кирген өлкөлөрдү көрөт.  Анткен менен ал өзүнүн кызматташтык чек араларын кеңейтип, бөлөк көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү жана өнүккөн мамлекеттерди өз экономикалык алакалашуусуна камтууну көздөйт. “Бир алкак, бир -жол” - бул ачык, сабырдуу жана ар тараптуу экономикалык кызматташтыктын демилгеси. Ал өлкөлөрдүн чен-өлчөмүн, саясий түзүлүштөрүн  чектебейт. Бул өз алдынча  түзүм эмес, жабык түрдө иш алып барбайт. Кызыгуу арттырган өлкөлөрдүн жана экономикалык түзүмдөрдүн баары ага эркин түрдө  кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өнөктөш катары кирген өлкөлөрдүн баары  “Бир алкак, бир жолдун” колдоочулары, куруучулары жана пайда көрүүчүлөрү катары саналат. Соода-сатыкты либералдаштырууга, инвестиция алууну жөнөкөйлөштүрүүгө биргеликте аракеттер жасалат, маалыматтарды автоматтык түрдө иргеп чыгып, кетирилип жаткан ар кандай кемчиликтер менен алга кадам таштаткан  артыкчылыктарга чогуу-чаран байкоо жүргүзүлөт.  Кытайдан сырткаркы аймактар менен чет өлкөлөрдүн баары “Бир алкак, бир жол” долбооруна бекем жармашып, ал түзгөн мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, анын артыкчылыктарын көбөйтүүгө жана кемчиликтерди азайтууга башка өнөктөштөрү менен биргеликте умтулуп, түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай, пайдалуу кызматташтыктан колдонуп калуулары керек...

Байланышта болуңуз