Чек арасыз Конфуций Кытай окумуштуусу Кыргызстанда

   7-9-сентябрь күндөрү Бишкектин маданий турмушунда олуттуу жаңылык болуп өттү. Бишкек шаарына “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясынын чакыруусу менен кытайлык окумуштуу жана жазуучу, журналист, Пекин университетинин профессору Юй Дан келип кетти. Аэропорттон түз эле Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин жыйындар залына келип кирген профессор Конфуций институтунун студенттери жана жалпы эле кытай маданиятына кызыгып, изилдегендер менен учурашып, “Талкуулар жана маектер” сабагы” деп аталган дарс окуду. Бир сааттык дарс кытай тилинде окулуп, окумуштууга дарс аягында суроолор берилди.


Юй Дань айым 1965-жылы 28-июнда Пекин шаарында жарык дүйнөгө келген. Кытай мамлекетинин азыркы замандагы белгилүү маданият таануучусу, Пекин педагогикалык университетинин профессору, докторанттардын илимий жетекчиси, Пекин педагогикалык университетинин Маданияттагы инновация жана таратууну изилдөө институтунун директору, Пекин педагогикалык университетинин Көркөм өнөр жана Массалык маалымат каражаттары институтунун партиялык комитетинин катчысы, проректор, Борбордук маданияттагы инновация жана маданий байланышты изилдөө жана иштеп чыгуу институтунда директор кызматтарын аркалап келет. Кытай Коммунисттик Партиясынын мүчөсү, Пекин шаарындагы элге кеңеш берүү мекемесинде мүчө, Кытай Коммунисттик Партиясынын XVIII съездинин өкүлү болгон. Белгилүү телеберүүнүн долбоорлоочусу, кытай телевидениесиндеги «насаатчы» катары да белгилүү. Ошол эле маалда ал байыркы маданиятты кеңири жайылтуучулардын бири. Борбордук телевизиондук станцияда (ССТV) “Баардык адистердин форуму”, “Маданий көз караш” жана башка программаларды, “Лунь Юйдун (Ойлор жана маектер) жыйынтыктары”, “Лунь Юйду (Ойлор жана маектер) жүрөгү менен сезүү” жана башка бир катар дарстар аркылуу салттуу маданиятты кеңири тараткан. Канондук китептердеги кытай элине таандык рухий генди кыймылга келтирип, өлкө ичиндеги жана чет өлкөдөгү маданият, билим берүү чөйрөлөрүнө кеңири таасир тийгизген. Биздин өлкөнүн ичиндеги аймактарда, Гонконг жана Тайвань, ошондой эле АКШ, Франция, Улуу Британия, Германия, Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Малайзия, Бразилия, Жаңы Зеландия, Австралия жана башка мамлекеттердин аймактарында миңден ашык салттуу маданият берүүлөрүн өткөрүп, көптөгөн жакшы деген пикирлерге жетишкен.


Юй Дан айым 9-сентябрь күнү “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясынын алдындагы “Шанс” кыргыз-кытай китеп дүкөнүндө окурмандар менен жолугушуп, ал жерде өзүнүн илимий изилдөөлөрү, асыресе адамзаттын акылманы Конфуцийдин ойлорун кандайча азыркы заманга ылайык чечмелегени тууралуу кеңири маек курду. Жолугушууга тарыхчы Баяс Турал, Эл акыны Кеңеш Жусупов, жазуучу жана журналист Дүйшөн Керимов, журналисттер жана башка интеллигенция өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун акырында окумуштуу айымга суроолор берилип, китебине кол тамга койдуруп алышты.

Байланышта болуңуз