Маданият достугу – эл достугу

Сентябрь айынын жетисинде Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынан «Чыгыш адабияты жана искусствосу» Басма компаниясынын чакыруусу менен Пекин университетинин профессору, жазуучу жана журналист, Конфуций изилдөөчү, маданият таануучу Юй Дан айым келди. окумуштуу айым аэропорттон туура эле Ж. Баласагын атындагы улуттук университеттин жыйындар залына келип Конфуций институтунун студенттери менен жолушугуп, аларга дарс окуду. Бир сааттан ашуун убакытка созулган дарс абдан кызыктуу болуп студенттер окумуштууга суроолорду берип, китептерин автордун кол тамгасын койдуруп алып жатышты. Юй Дан тууралуу маалымат бере кетсек: бул айым Кытайдын байыркы маданиятын, асыресе анын ичинде дүйнөгө даңкы тараган Конфуцийдин эмгектерин азыркы заманга ылайыктап түшүндүрүп бере алганы менен атагы чыккан. Окумуштуулук, жазуучулук жумушунан тышкары Юй Дан борбордук телевидениеде өзүнүн телеберүүсү менен белгилүү.


Кытайдын салттуу маданияты кынтыксыз жана кемчилиги жок, ошондуктан да суктанууга татыктуу. Салттуу классикалык чыгармалардын бүгүнкү күндө окулбаганы жана үйрөтүлбөгөнү азыркы адамдардын эң чоң кемчилиги. Белгилүү философ, “Лунь Юйдун бүгүнкү күндөгү окулушу” аттуу чыгарманын автору Ли Цзэхоу Юй Дандын (1965-жылы туулган) жалпы классикалык чыгармалардын кайрадан жандануусуна кошкон салымы жөнүндө “Юй Дан үстүңкү катмардагы даражалуу жана төмөнкү катмардагы жөнөкөй адамдардын ортосундагы көпүрө” деп айтышат. Юй Дан классикалык чыгармаларды азыркы адабий тилде жазып чыгып, көптөгөн Кытай тарыхын, адабиятын, тилин изилдөөчүлөрдүн кыялын орундатты десек болот. Муну менен бирге классикалык чыгармаларды азыркы адабиятка киргизди.


Профессор Юй Дан философиялык көз караштарды терең түшүнгөн, бул байыркы маданияттын ичинде камтылган жөнөкөй чындык аркылуу азыркы адамдардын сезимин ойготуп, жүрөгүн козгой алган. Жаш муундун мүнөзүн, адамдык сапатын жакшыртууга, коомдо достуктун жана ынтымактын түзүлүшүнө өз салымын кошкон. Анын “Юй Дандын (Лунь Юй) сабактары” аттуу белгилүү чыгармасы дүйнө жүзүндө көп өлкөлөрдө басылып чыккан. Бул китеп 2012-жылга чейин 28 тилде, 34 нускада жарык көргөн. 21 тилде, 31 нускада басылып чыккан китептердин жалпы соодасы 340 миңге жеткен. Англис (Азия-Тынч океан аймагы), япон, француз, голландия, италия тилдеринде чыккан китептер жакшы сатылган, француз тилинде чыккан китептер жалпысынан 200 миң даанадан ашкан, убагында Францияда башка тилден которулган китептердин соода көрсөткүчү боюнча 25 жума бою алдыңкы орундардан түшкөн эмес. Мындан тышкары, француз тилиндеги нускасынын жөнөкөй мукабалуу китеби, MP3 диски, электрондук китеби чыккан жана радио аркылуу берилген. Китептин ар кандай форматта чыгышы окурмандарга чоң мүмкүнчүлүк түзүп, Кытайдын салттуу маданиятынын кеңири таралышына өбөлгө болгон.

Байланышта болуңуз