«ТУРУКТУУ СИСТЕМА – ӨНҮККӨН ӨЛКӨ»

       

  2019-жылдын 29-мартында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясы тарабынан кытай тилинен кыргыз тилине которулган (которгон Дастан Насиров, редактору Кубаныч Аркабаев) кытай окумуштуулары Ван Шаогуан жана Ян Илундун «КЫТАЙДЫ ӨНҮКТҮРГӨН БЕШ ЖЫЛДЫК ПЛАН» китебинин бет ачары болуп өттү. Аталган китеп Кытайдын экономикалык түзүлүшүн, дүйнөлүк экономиканы  окуп-үйрөнүп жаткан атайын адистерге жана студенттерге арналат.

 

        Бул иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиев, Кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Мундузбек Абдужапар уулу, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Муратбек Иманалиев, экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев, экономика жана котормо багытындагы студенттер ж.б. катышты. 

        Келген коноктор жылуу пикирлерин билдирип, компаниянын ишине ийгилик каалап өтүштү.  Котормо жаатындагы алгылыктуу иштерди жасап, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө чоң салым кошкондугу үчүн «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясы жана компаниянын котормочусу Д.Насиров КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Ардак грамотасы” менен сыйланды. 

 

Байланышта болуңуз