Маданият – эл достугунун көпүрөсү

        Үстүбүздөгү жылдын 12-июнь күнү “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясынын алдында ачылган “Шанс” китеп дүкөнүндө басмаканада которулуп, редакцияланган жана жарык көргөн үч китептин бет ачар аземи болуп өттү. Бул китептер төмөнкүлөр: “Си Цзиньпин тарыхты баяндайт”, “Ойлор жана маектер”, “Коңфузы мектебиндеги баяндарга түшүндүрмө”. Китептер 13-14-июнда болуучу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин саммитине карата жарык көрүп, бет ачары өткөрүлүп жатканы да жакшы жышаан. Иш-чарага Кыргызстандан жана Кытайдан келген коноктор жана журналисттер катышышты. Атап айтсак, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун директору Кендирбаева Догдуркүл, КР экс-премьер-министри Ж.К.Оторбаев, юридика илимдеринин доктору, профессор Б.И. Борубашов, философия илимдеринин доктору, профессор А Бекбоев, Кыргыз-индия дипломатиялык фондунун президенти, КР ТИМ К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын профессору Н.К.Кемелбаев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н. Калыбеков, Эл аралык “Шанс” корпорациясынын директору Му Пин мырза, Шандоң провинциясындагы жоопкерчилиги чектелген "Чилу" басма компаниясынын башкы директору Зан Лиаң мырза, Шандоң провинциясындагы “Йоуи” (“Достук”) басма компаниясынын башкы редактору Жаң Жихоң айым жана башкалар. Бет ачарды “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясынын аткаруучу директору Узакбаева Наргиза Талантбековна ачты жана кытай-кыргыз достугу, жогорудагы үч китеп тууралуу мазмундуу сөз сүйлөгөндөн кийин, сөздү Кытайдан келген конокторго узатты. Коноктордон кийин сөз алышкан КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Садык Шер-Нияз жана Каныбек Иманалиевдер кытай жана кыргыз элдеринин көөнө жана азыркы маданиятынан кеп салып, адабият, маданият жана искусство гана алыс, жакындагы элдерди бириктирерин, адабияттын максаты – дүйнөдө тынчтык жашоону даңазалоо, изгиликке жетүү экенин абдан жеткиликтүү кылып айтып беришти. 

Белгилей кетсек, “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы 2016-жылы ачылган жана бул күнгө чейин 80ге жакын кытай адабиятын (кытай тарыхы, маданияты, адабияты ж.б.) кыргыз тилине кытай жана орус тилдеринен которуп, редакциялап жана китеп кылып чыгарды. Басма компаниянын алдындагы “Шанс” китеп дүкөнү 2017-жылы ачылган жана дүкөндө кытай адабияты менен бирге дүйнөлүк адабият, кыргыз акын-жазуучуларынын китептерин таба аласыздар.

 

 

 

 

 

 

 

 

Байланышта болуңуз