Сабаттуулукка саякат

Бишкекте филология илимдеринин доктору, профессор Үмүт Култаеванын кыргыз тилинде сабаттуу жазуу, туура сүйлөө боюнча түзүлгөн “Тил билги” автордук жогорку мектебинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул иш-чарага окумуштуулар, журналисттер, акын-жазуучулар, мамлекеттик кызматкерлер келип катышып, куттуктоо сөз сүйлөштү.

 

 
 

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясынын кызматкерлери профессордон “Кыргыз тилинде сабаттуу жазуунун теориялык жана практикалык маселелери” боюнча сабак алып, алгачкы бүтүрүүчүлөр катары сертификаттарга ээ болушту.

Биздин компаниянын кызматкерлери үчүн кытай адабиятын которууда кээ бир кыйынчылыктар болуп келсе, Үмүт Култаеванын сабактарынан кийин, котормочуларыбыз тил казынасын байытып, чеберчиликтери мындан да жакшырды.

Аталган мектеп кыргыз тилинде туура жазууга, туура сүйлөөгө жол ачат деп ишенебиз.

 

Байланышта болуңуз