“Бөрү эненин кыялы” Кыргыз радиосунда

КТРКнын Кыргыз радиосунда “Китепкөй” уктуруусунда кытай элинин “Жан-жаныбар баяндарынын падышасы” деген ат менен таанымал болгон балдар жазуучусу Шен Шысинин “Бөрү эненин кыялы” аттуу чыгармасы тууралуу маек болду.

Анда “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясынын башкы редактору Назгүл Асанакунова, редакторлору: белгилүү жазуучу жана журналист, “Бөрү эненин кыялы” китебинин редактору Капар Токтошов; билгилүү акын жана котормочу Назгүл Осмонова конокто болуп, кызыктуу маек куруп беришти. 

 Бул чыгарма – бөлтүрүктөрүнүн бирин үйүр башчысы кылып тарбиялоо үчүн жазмыш менен жан аянбай кармашкан бөрү эне тууралуу баян. Зылаң эне өз тукумунан учу-кыйырсыз Гамаэр талаасындагы бардык бөрүлөрдүн жол башчысы чыкса деген кыялын орундатыш максатында жан чыдагыс сыноолорго тушугуп, улам бир бөлтүрүгүнөн айрылып, бирок үмүтүн үзбөйт. Жеке жашоосунан да баш тартып, мүңкүрөп отуруп калбай, акырында болочок урпактары үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалат.

Чыгармада берилген сюжет менен коомдогу энелердин орду, жалпы адамзат коомундагы ар кандай социалдык ж.б. маселелер кеңири чагылдырылып, бөрүлөр жашоосу менен салыштырып берүү жазуучунун мыкты чеберчилиги экендигин айгинелеп турат.

Кыргыз радиосунун жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз радиосу – жан дүйнөнүн азыгы.

 

Байланышта болуңуз