Жүз жылдык кийим баяны

XX кылым – Кытайдын тарыхында эски менен жаңынын, Чыгыш менен Батыш маданиятынын кагылышуусу жүргөн коомдук толкундоолордун кылымы болду. Бул доордо Чиң династиясынын кулашы, Кытай Республикасынын кайра 1949-жылы Кытай Эл Республикасы болуп түзүлүшү өңдүү мамлекеттин тагдыры үчүн ири окуялар болуп өткөн.

 “Шанс” басма компаниясы тарабынан түп нускадан кыргыз тилине которулуп, басмадан чыккан “Жүз жылдык кийим баяны: XX кылымдагы Кытайдагы кийим-кечек маданиятынын өзгөрүү абалы” аталышындагы китепте өткөн кылымдагы Кытай мамлекетиндеги тарыхый, саясий жана социалдык ири окуяларды кийим-кечектин өзгөрүү тенденциясы аркылуу эң сонун чагылдырылган. Эмгекте “кийим-кечек – коомдук өзгөрүүлөрдүн эң башкы көрсөткүчү” катары көрсөтүлөт, тактап айтканда, өлкөдөгү коомдук-саясий өзгөрүүлөргө карата элдин психологиялык абалынын өзгөрүүсү кийип турган кийими аркылуу талданган. Окурман китепти окуп жатып, кадимки кийип турган кийимдин коомдук абалга, адамдын психологиясына ушунчалык таасири чоң экендигин таасын аңдай алат. Ошондой эле эски менен жаңы адат, салттардын, маданияттардын кагылуушусу, тарыхтын ачуу чындыктары сүрөттүү далилдер менен берилген. 

Профессор Сыртбай Мусаев: “Коомдогу ири окуяларды, элдин социалдык абалын кийим-кечектин өзгөрүүсү аркылуу көргөзүп берүү – китептин авторлорунун эң чоң өзгөчөлүгү”, – деп жогору баа берген. Авторлор эмгектин ичиндеги камтылган тарыхый окуяларды жатык тилде жана ушунчалык жандуу берип, кытай элинин эскичилдик менен күрөшүп жаңыны кабыл алуусу, мамлекеттин келечеги үчүн түйшөлүүсү, күжүрмөн эмгеги тууралуу кызыктуу маалыматтарды жалпы окурмандарга жеткире алды.

Бул китеп тарых, саясат, чыгыш таанууга кызыккандарга жана окурмандардын калың катмарына арналат.

Байланышта болуңуз