Кыл калем учундагы Жибек жолу

 

Тарыхтагы дипломатиялык, маданий мамилелер тууралуу билүү өтө манилүү жана абдан кызыктуу. Анткени дал ошол тарыхый мамиленин пайдубалы келечектеги мамилени бекемдейт, өнүгүүгө багыттайт, жол салат.

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы тарабынан кыргыз тилине которулуп, басылып чыкан кытайлык белгилүү жазуучу, котормочу Фэн Ишунун “Кыл калем учундагы Жибек жолу” китебинде Кытай мамлекети менен Орто Азия мамлекеттеринин ортосундагы дипломатиялык, маданий кызматташтыктар, тарыхый маалыматтар мыкты чагылдырылган.

 

Аталган китепте Улуу Жибек жолунун Орто Азия мамлекеттеринин ортосундагы болуп өткөн жана келечектеги алакасына тийгизген жана тийгизе турган таасири тууралуу айтылат. Учурда бул эмгек коомчулук тарабынан,  өзгөчө студенттер жана тарых, эл аралык мамилелер жаатындагы кесипкөй адистер арасында жогору бааланууда. Эмесе аталган баалуу эмгек боюнча окурман, адистердин пикирлерине кайрылып көрсөк:

Белгилүү профессор Жамгырбек Бөкөшов Жибек жолу цивилизациялык жол катары жалпы Орто Азия мамлекеттерине тийгизген таасири тууралуу айтып келип, эмгектеги кытай философиясы тууралуу: “Кытай философиясынын негизи шайкештикке, гармонияга негизделип, жаратылыш мыйзамдарын сактап, табиятка туура мамиле жасоо болуп саналат. Лаозынын философиясы философиялык маселе, түшүнүктөргө багытталса, Коңфузынын окуусу коомдогу гармонияны, мамлекеттин бүтүндүгү, адам менен адамдын ортосундагы мамилеге багытталган. Эмгектен кытай философиясы, анын коомго, эл аралык мамилеге тийгизген таасири тууралуу керектүү маалыматтарды алууга болот”, – деген көз карашын билдирген.

 Ал эми кытай таануучу Дастан Насиров: “Кыл калем учундагы Жибек жолу” китеби – кытай таануучулар үчүн, өзгөчө кыргыз синологиясын жаратуучулар үчүн абдан маанилүү китеп. Эмгекте Жибек жолу аркылуу Кытай мамлекети менен Орто Азиянын, анын ичинде Кыргызстан менен болгон тарыхый дипломатиялык, маданий алакасы тууралуу,  Талас согушунан тартып, белгилүү ойчулубуз Жусуп Баласагын тууралуу, Ысык-Көл, кытайдын атактуу акыны Ли Байдын туулуп өскөн жери Токмок шаары тууралуу да бир топ баалуу, тарыхый маалыматтар камтылган. Ошону менен бирге Кытайдагы кагаз, мылтыктын кара дарысы өңдүү улуу ойлоп табуулар, Хан жана Тан доорлорундагы эл аралык мамилеге тийиштүү кызыктуу маалыматтар да бар. Китеп тарых, өзгөчө кытай таанууга кызыккандар үчүн эң сонун жол көрсөткүч болуп берерине толук ишенем”, – деп белгилеп өттү.

 Илимий жактан алып караганда “Кыл калем учундагы Жибек жолу” китеби абдан чоң мааниге ээ. Бул эмгек кыргыз-кытай элинин илимий, маданий кызматташтыгын бекемдөөгө чоң салымын кошот деген ишеничтебиз.

Байланышта болуңуз