«МАДАНИЯТТАР ДИАЛОГУ» УЛАНА БЕРСИН

      Күркүрөгөн күз айы «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясы үчүн күрдөөлдүү башталып, зор ийгиликтер менен уланды. Анткени сентябрь айынын башында Москва шаарында болуп өткөн китеп сынагында биздин басма компаниядан даярдалып чыккан эмгек байгелүү орунга ээ болду. 2004-жылдан тартып жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин «Китеп искусствосу» деп аталган эл аралык конкурска КМШ өлкөлөрүнүн: Армения, Белоруссия, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан Республикалары, Россия Федерациясы тарабынан жалпы 75 эмгек 10 номинация боюнча катышууга жолдомо алган. Конкурстун максаты – Шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн китеп басып чыгаруу тармагындагы көрүнүктүү иштерди колдоого алуу, китеп басып чыгаруу маданиятын өркүндөтүү жана КМШнын жалпы маданий мейкиндигин колдоого алуу болуп саналат.

      Бул эл аралык конкурска Кыргыз Республикасынын атынан «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясы тарабынан кыргыз тилине которулган кытай жазуучусу Фен Ишунун «Кыл калем учундагы Жибек жолу» китеби (китепти которгон Н.Акматова, редактору Н.Осмонова) катышып, «МАДАНИЯТТАР ДИАЛОГУ» номинациясы боюнча 3-орунга ээ болуп олтурат. Лауреаттарга сыйлык тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө 33-Москва эл аралык китеп жарманкесинде 4-сентябрда Москва шаарында болуп өттү.

     Бул – биздин өлкө, жалпы китеп күйөрмандары жана биздин компания үчүн абдан чоң сыймык. Биз бул конкурстун уюштуруучуларына, КР Мамлекеттик китеп палатасына терең ыраазычылык билдиребиз жана жалпы катышуучуларга ийгиликтерди каалайбыз.

     «Кыл калем учундагы Жибек жолу» китеби эмнелерди баяндайт?

     XX кылым – дүйнө мамлекеттери өзгөрүүгө бет алган улуу идеялардын, ар түркүн маданияттардын өз ара жуурулушуп, бири-биринен таасирленген, бири-биринен сабак алган кызыктуу жана орошон тарыхынын кылымы. Мына ушундай күрдөөлдүү мезгилде Кытай мамлекети демилгелеген «Бир алкак – бир жол», «Жаңы жибек жолу» долбоорлору, Шанхай кызматташтык уюму демилгелеген жана ишке ашырып жаткан бир топ маанилүү иш-чаралардын аткарар милдети оор да, сыймыктуу да. Колуңуздардагы «Кыл калем учундагы Жибек жолу» эмгеги  мына ушул ири эл аралык долбоорлор, алар алдыга койгон максаттар менен бирге Кытайдын жана башка чет мамлекеттердин маданияты тууралуу кызыктуу маалыматтарга бай. Мисалга алсак, китепте Кытайдын 4 мыкты ойлоп табуусунун үчөө: компас, кагаз жана мылтык ок-дарысын өнүктүрүү технологиясынын мекени болгон Хенань провинциясы тууралуу, көрүнүктүү түрк акыны жана ойчулу Жусуп Баласагын, фарсы-тажик акыны Рудаки, бээжиндиктер Москвада уюштурган кытай маданиятынын фестивалы, Кыргызстандын борбор шаары Бишкектеги Дэн Сяопин, Казакстандын маданий борбору болгон Алматыдагы Сянь Синхай атындагы көчөлөр, 2008-жылы болуп өткөн жайкы Олимпиада оюндары (Бээжин) тууралуу жана башка кызыктуу маалыматтар баяндалат.

     Жибек Жолу – чынында эле, цивилизациялык долбоор катары Чыгыш менен Батыш цивилизациясын бириктирген жол жана «Кытай кыялынын» кыймылдаткыч күчү.

     Китептеги баяндоонун географиялык алкагы – бул Азия-Европада салынган жаңы континенталдык көпүрөсүнүн багыттары аркылуу өткөн өлкөлөрдү, ШКУга мүчө мамлекеттер жигердүү кызматташкан эбегейсиз зор мейкиндикти, Арктикадан Индия океанына чейин жана Тынч океандан Балтикага чейинки аймактарды камтыйт. Китепте Кытай менен Борбордук Азиянын ортосундагы достук мамилелердин миң жылдык тарыхы айтылып, «Бир алкак - бир жол» түшүнүгүнүн негизинде жаткан маданий көз караштарды, өз ара ишенимди, тең үзүрлүү пайда көрүүнү, тең укуктуулукту, өз ара кеңешүүнү, маданияттын көп түрдүүлүгүн сыйлоону ачып берген жана бирге өнүгүүгө умтулуучулук менен мүнөздөлгөн «Шанхай Рухун» түзүүнүн тарыхый зарылдыгы ишенимдүү көрсөтүлөт.

     Кытай маданиятында «ар түркүн ой-пикирлер аркылуу макулдашууга келүү» деген осуят жана башка маданияттарды үйрөнүүгө жөндөмдүүлүгүн, жигердүүлүгүн сактоого жардам берген. Евразия  континентинин жүрөгүндө жайгашкан Борбордук Азия, байыртадан бери эле Чыгыш менен Батыштын ортосундагы маданий алмашуу жүргүзүлүп турган көпүрө болуп калды.

     Китеп түстүү сүрөттөр менен кооздолуп, окурманга жагымдуу таасир калтырат жана бизди миң жылдык тарыхы бар Кытай өлкөсү, кытай маданияты менен тааныштырат.

«Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясы

Байланышта болуңуз