Кыргыз жана кытай маданий байланышы - Кытай адабияты кыргыз тилинде

Китеп ар качан адамдын жан дүйнөсүнүн азыгы болуп келген. Китеп окуу адамдын дүйнө таанымын кеңейтип, руханий көрөңгөсүн байытат. Убакытты китеп окуу менен өткөрүү пайдалуу экендигин бардыгыбыз эле билебиз. Кичинебизден ата – энебиз жомок окуп берип, мектеп жашына келгенден баштап китеп окууну адатка айлантып, китеп дүйнөсүнө сүңгүп кирип, саякатка баргандар арабызда аз эмес. Ушундай китеп сүйүүчүлөрү үчүн мыкты жаңылык! 2016 – жылдын 30 – октябрынан баштап кыргыз жергесинде кытай жазуучуларынын китептери кыргыз тилине которулуп, жарыкка чыга баштады. Бул китептер аркылуу кытай элин, маданиятын, философиясын, каада – салтын жакындан таанууга бардык шарттар түзүлдү. Бүгүн биздин гезит кыргыз окурмандарына ушундай мүмкүнчүлүк берип жаткан “Чыгыш адабияты жана искусствосу” компаниясынын аткаруучу директору Наргиза Узакбаева менен маектешти.

- Наргиза сиздерге, кытай китептерин кыргыз тилине которуп, ушул багытта иш алып баруу идеясы кайдан келди?
- Бул боюнча негизинен мурунтан эле изилдеп келгенбиз. Бир Болот аттуу досум бар. Ал өзү Москвадан окуусун аяктап келген. Кытайчасы абдан мыкты.Анан ал, Москвада ушундай компания бар. Кытай китептерин орусчага которушат экен. Абдан кызыктуу китептер бар экен. Биз дагы ушундай багытта иштеп, кытайчадан кыргызчага которуп китептерди чыгарсакбы деген оюн айткан эле. Биздин башкы директорубуз, уюштуруучубуз өзү кытай жараны. Ал дагы мурун Кыргызстанга мурун бир жылдай жашап, журналистика тармагында иштеп кеткен экен. Ага кайрылып сүйлөшсөк бул идея абдан жагып, кызыгуусу пайда болгон, жыйынтыгында анын колдоосу аркылуу иштей баштадык.

- “Чыгыш адабияты жана искусствосу” компаниясы тууралуу айтып берсеңиз?
- Негизи башкы өнөктөшүбүз болгон “Шанс” компаниясы Москвада жайгашкан. Ал жакта редакциянын абдан чоң, заманбап жасалгаланган китеп дүкөнү бар. Ал китеп дүкөнү Арбатта жайгашкан. Өзүм да жаңы жылдын алдында ал жерге барып, көрүп абдан таасирленип келдим. Кырк кишидей иштейт экен. Кытай китептерин, көбүнчө адабият жанрындагы китептерди орус тилине которулат экен. “Шанстын” Татарстанда да филиалы бар экен. Алар менен өз ара түздөн – түз байланышыбыз бар. Алар которгон китептери дагы биз которобуз, бирок биз орусчадан эмес, кытайчадан кыргызчага которобуз. Жаңыдан кызматташуу башталып, алдыда дагы аткарылчу иштерибиз абдан көп, пландарыбызды түзүп жатабыз.

- Москва компаниясынын өнөктөшүбуз деп калдыңыз, анда каржылоо маселесин кандай чечесиздер?
- Биздин офистин каржы жагынан аларга эч кандай көз карандылыгы жок. Учурда, уюштуруучубуз тарабынан каржыланып келет.

- Жаңыдан гана иш башталып жатыптыр, алдыда кандай пландар бар?
- Негизи, биз 30 – октябрда ачылып, иштей баштадык. Ошондон бери аз – аздан жумуштарыбыз илгерилеп жатат. Бул жерде жеке гана кыргыз тилине китептер которулбастан, казак тилинде дагы китептер даярдалып, редакторлор тарабынан иштетилип жатат Бул да болсо, келечекте Казакстан рыногуна чыгууга дагы мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Жаңы гана жумуш башталып жатат .баары алдыда. Мындан сырткары атайын китеп дукөндөрүн ачсакбы деген ойлорубуз бар. Кардарларыбызга бардык шарттарды түзүү менен бирге, заманбап талаптарга ылайыкталып жасалгаланган китеп дүкөндөрү болмокчу. Өзүбуз которгон китептерден баштап, Москвадан алынып келинген китептер, бизде жаңы чыккан китептердин баарын сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Китептер негизинен, кытай тилин үйрөнүүдөгү окуу куралдарын, адабий жана атайын балдар үчүн арналып чыгарылган китептердин, Кытайдын экономикасы, саясатына байланыштуу жана кытай тарыхы жана маданияты тууралуу багытындагы китептер которулат. 
Китеп маданиятынан сырткары кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери дагы борборлорубузда сатыкка коюлат. Кыргыз жаратылышы, табияты тууралуу сүрөттөргө өзгөчө басым жасалат. Себеби биздин уюштуруучубуз дагы кыргыз жаратылышына абдан суктанып, сүрөтчүлөрүбүздүн чеберчилигине зор баа бергенин байкадык. Чындыгын айтсак табиятыбыз ушундай кооз, сырттан келген ар бир туристтин көңүл чордонунда. Туризм, маданият тармактарын өнүктүрүүгө дагы өз салымыбызды кошсок деген жакшы тилектерибиз бар. Буюрса,алдыда аткарылчу иштер көп.

“Китептер кыргыз менталитетине, дүйнө таанымына жараша ылайыкталып даярдалат.” 
- Кытай тилинен китеп которуу дагы жеңил эмес. Котормочулар менен кандай иштешесиңер?
Кызматкерлерибиз тууралуу айтсак котормочулар бул жакта отурушбайт. Алар менен келишим түзүлүп, ошонун негизинде иштер жүргүзүлөт. Котормонун үстүнөн редакторлорубуз бир сыйра иштеп чыгышат. Уюм ачылгандан бери беш китеп которуп, сатыкка чыгардык. Бул иштин жаңы гана башталышы. Аз күндө компаниянын презентациясы болот. Анда дагы кылып жаткан иштерибизге күбө болуп кете аласыздар. Азыркы тапта, он тогуз китеп которулуп жатат.

- Сөз соңунда кыргыз – кытай алакасы тууралуу өз оюңузду айта кетсеңиз?
Кыргыз – кытай кызматташуусу акыркы жылдары абдан бекемделип, ар тармактан өнүгүүлөр болуп жатат. Ишкерлер чөйрөсүндө, билим берүү, маданият, медицина тармагында дагы көптөгөн проекттер ишке ашып, жаштар арасында дагы кытай тилине болгон кызыгуу өөрчүүдө. Кытай тилин жогорку деңгээлде билген кыргыз жаштары арабызда абдан көп. Эң эле жөнөкөй мисал,биздин башкы уюштуруучубуз, кайсы мамлекетке келсе дагы жеке гана жергиликтүү калктын жарандарын жумушка алат экен. Бул биздин жаштар үчүн дагы эң мыкты колдоо деп эсептейм. Мындай котормолор менен кыргыз тилинин өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо алабыз. Мисалы үчүн экономика багытындагы которулган китептерибиз биздин экономисттер, саясий чөйрө үчун дагы абдан пайдалуу. Акыркы жылдары Кытай экономикасынын динамикалуу өнүгүшү бардыгыбызга белгилүү. Эми албетте, китептерди дагы биздин менталитетке, кыргыздардын дүйнө таанымына жараша илгеп, чыгарып, кытай элинен кайсы тармактарда сабак алсак болот, пайдалуу эмнени үйрөнө алабыз деген суроолорго жооп берүү башкы максатыбыз. Ушул иш – чаралардын бардыгы эле кыргыз – кытай мамилесин бекемдөөгө, бир – бирин ичтен таанууга мүмкүнчүлүк түзүп берет деген ишенимдемин.

“Чексиз билимдин казынасы”
Шанс басмасы – Москвадагы эң алгачкы орусча – кытайча адистештирилген басма болуп эсептелет. Кытай тилинен илимий белгилүү жана адабият жанрындагы чыгармаларды которушат. Тарых, маданият жана философия боюнча дагы көптөгөн котормолорду орус тилинде басып чыгарышкан. Москванын маданий борбору болгон Арбатта “Шанс Боку” аттуу китеп дүкөнү жайгашкан. “Шанс” сөзү орус тилиндеги мааниси “ийгиликке түзүлгөн шарт” болсо, ал эми “Боку” сөзү кытай тилинен которулганда “чексиз билимдин казынасы” деген маанини берет. Бул дүкөн жеке гана кытай китеп дүкөнү болбостон, кытай маданиятынын борбору болуп, ал жакта кардарлар кытай кинолорун көрүп, кытай музыкасына сүңгүп кире алышат.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА
Сүрөттөр Н. Узакбаеваныкы.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

Сүрөттөр Н. Узакбаеваныкы.

(ЛИД)

“Китептер кыргыз менталитетине, дүйнө таанымына жараша ылайыкталып даярдалат.” (подзаголовок)

-         Кытай тилинен китеп которуу дагы жеңил эмес. Котормочулар менен кандай иштешесиңер?

Кызматкерлерибиз тууралуу айтсак котормочулар бул жакта отурушбайт. Алар менен келишим түзүлүп, ошонун негизинде иштер жүргүзүлөт. Котормонун үстүнөн редакторлорубуз бир сыйра иштеп чыгышат. Уюм ачылгандан бери беш китеп которуп, сатыкка чыгардык. Бул иштин жаңы гана башталышы. Аз күндө компаниянын презентациясы болот. Анда дагы кылып жаткан иштерибизге күбө болуп кете аласыздар. Азыркы тапта, он тогуз китеп которулуп жатат.

-         Сөз соңунда кыргыз – кытай алакасы тууралуу өз оюңузду айта кетсеңиз?

Кыргыз – кытай кызматташуусу акыркы жылдары абдан бекемделип, ар тармактан өнүгүүлөр болуп жатат. Ишкерлер чөйрөсүндө, билим берүү, маданият, медицина тармагында дагы көптөгөн проекттер ишке ашып, жаштар арасында дагы кытай тилине болгон кызыгуу өөрчүүдө. Кытай тилин жогорку деңгээлде билген кыргыз жаштары арабызда абдан көп. Эң эле жөнөкөй мисал,биздин башкы уюштуруучубуз, кайсы мамлекетке келсе дагы жеке гана жергиликтүү калктын жарандарын жумушка алат экен. Бул биздин жаштар үчүн дагы эң мыкты колдоо деп эсептейм. Мындай котормолор менен кыргыз тилинин өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо алабыз. Мисалы үчүн экономика багытындагы которулган китептерибиз биздин экономисттер, саясий чөйрө үчун дагы абдан пайдалуу. Акыркы жылдары Кытай экономикасынын динамикалуу өнүгүшү бардыгыбызга белгилүү. Эми албетте, китептерди дагы биздин менталитетке, кыргыздардын дүйнө таанымына жараша илгеп, чыгарып, кытай элинен кайсы тармактарда сабак алсак болот, пайдалуу эмнени үйрөнө алабыз деген суроолорго жооп берүү башкы максатыбыз. Ушул иш – чаралардын бардыгы эле кыргыз – кытай мамилесин бекемдөөгө, бир – бирин ичтен таанууга мүмкүнчүлүк түзүп берет деген ишенимдемин.

“Чексиз билимдин казынасы” (бокс – врезка)

Шанс басмасы – Москвадагы эң алгачкы орусча – кытайча адистештирилген басма болуп эсептелет. Кытай тилинен илимий белгилүү жана адабият жанрындагы чыгармаларды которушат. Тарых, маданият жана философия боюнча дагы көптөгөн котормолорду орус тилинде басып чыгарышкан. Москванын маданий борбору болгон Арбатта “Шанс Боку” аттуу китеп дүкөнү жайгашкан. “Шанс” сөзү орус тилиндеги мааниси “ийгиликке түзүлгөн шарт” болсо, ал эми “Боку” сөзү кытай тилинен которулганда “чексиз билимдин казынасы” деген маанини берет. Бул дүкөн жеке гана кытай китеп дүкөнү болбостон, кытай маданиятынын борбору болуп, ал жакта кардарлар кытай кинолорун көрүп, кытай музыкасына сүңгүп кире алышат.

Байланышта болуңуз