Конфуцийдин таржымалы
Автор Ли Чанжи
Урматтуу окурман, бүгүн биз өзгөчө китеп менен тааныштыралы деп отурабыз. Дүйнө элине таанымал, кытай элинин улуу даанышман ойчулу Конфуцийдин өмүрү жолу, анын окуулары, бийлик менен болгон мамилеси, башынан өткөн окуялары жана асыл ойлору тууралуу кытай тилинен түз кыргыз тилине которулган “Конфуцийдин таржымалы” деген китебибизге бир көз жүгүртүп койсоңуз сизди кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.
Жашап өткөнүнөн бери 2500 жылдай убакыт өтсө да, Конфуцийдей улуу адамдын учкул сөздөрү менен акылман ойлору өз күчүн жогото элек. Тескерисинче, алар бизге белгилүү болгон сайын жан дүйнөбүзгө жакындап, кеменгерлик элеси түн коюуланган сайын өңүнө чыккан жылдыздай жаркыроодо. Адамзат генийинин ушундай убакытка баш ийбестигине анын акылынын улуулугу, адамгерчилигинин күчтүүлүгү жана учкул ойлорунун эскирбестиги себеп. Колуңуздардагы китепте Конфуцийдин кул ээлөөчүлүк түзүлүштөн феодалдык доорго өтүп жаткан катаал доордогу карапайым жашоосу, кыйынчылыктарда акылын курчутканы, караңгы адамдарды алдыга баштоо менен бийлик кысымында такшалганы, сергек акылы менен өз заманынан озуп, артына айтып бүткүс рухий мурас калтырганы жана өзүнөн калышпаган көптөгөн шакирттерди тарбиялаган устаттыгы баяндалды.
Конфуций жарык дүйнөгө келген учурда (б.з.ч. 551-ж.) кытай эли тарыхта Жаз жана күз деп аталып калган доордо жашап жаткан эле. Бул учурда кытай коомунда социалдык жана өндүрүштүк жактан бир катар өнүгүүлөр башталган болчу. Мисалы, темир жана чоюн эритүү иштери кыйла жогорку деңгээлге жетип калган. Биздин заманга чейинки 513-жылы Цзинь падышалыгында эритилген чоюн тактага жазылган мыйзамдар буга ачык далил болуп бере алат. Бул учурда өлкө боюнча айыл чарбасында жана кол өнөрчүлүктө темир шаймандардын тегиз колдонулушу өндүрүштүн саны менен сапатын жана ылдамдыгын арттырган.
Албетте, Конфуций ойчул эле болбостон көп жаштарга устат да болгон, башкача айтканда, мугалимдик кылган, ошондой эле конфуций окуусун негиздеп кеткен. Анын эс-акылды өнүктүрүү аркылуу ойдон чыгарылган, жетишээрлик түрдө калыптандырылган өз ой-пикирлери жана саясий көз карашы бар. Конфуций окуусунун алтын өзөгүн «адамды сүйүүчүлүк же гумандуулук» түзөт. Анын окуусу дал ошол кулчулук жаңыдан жоюлуп бараткан кездеги коомдун чыныгы жүзүн чагылдырат жана ал убактагы кечилдердин руханий өсүшүн билдирет. Конфуций баарынан мурун адамдарга маданий билимди жайылткысы келген, дал ушул изги тилек менен ак ниет аракет анын бийик адамгерчилигин билдирет, асыл рухунун дааналыгын айгинелейт. Бул Конфуций окуусунун алга жылышындагы негизги багыттардын бири болуп калган.
Конфуций ошондой эле элдик ырым-жырымдарды колдоно билүү керектигин да айткан. Белгилүү бир деңгээлдеги эрежелер ал айткандай: «Падыша падышадай болгусу келерин, министр да министрдей болууну кааларын айгинелейт, ал эми уул атасына окшогусу келерин бышыктайт. Ошондуктан гумандуулук – бул адамдарды сүйүү болуп саналат». Бул жагдайда Конфуций таптык чектөөлөрдү толугу менен бузган эмес, эски идеологиялык тыюулар менен тарыхый чектөөлөрдү да аттап өтпөгөн, анткени коом дагы деле өткөөл доордун башталыш баскычында турган. Азыркы менен андагы саясий байланыштарды салыштырып көрсөк, учурда деле ошондогудай абал орун алган. Конфуций дүйнөнүн тынч жол менен биригүүсүн каалаган, бул ошол убактагы эле эмес, бүткүл адамзатынын каалоо-тилектерине шайкеш келет, ал ошондой эле Кытайды тарыхый талаптарга жооп берген чоң феодалдык өлкө болсо деп кыялданган. Ал бирден-бир коргогусу келген асылдык – бул коомдун биримдиги эле. Мындай ынтымак ал кезде Чжоу Тяньзи башында турган эски ак сөөк коомдун колунда болчу. Бул кез жаңы факторлорду камтыса да, анын акыркы жыйынтыгы боюнча ошол мезгилдин реалдуу социалдык өзгөрүүлөрүнө карама-каршы келген, мына ошол себептүү Конфуций ал убактын мындай дубалын буза алган эмес. Саясий ишмердин ийгиликке жетүүсүнүн негизги себеби – өнүгүүнүн жана артта калуунун, оңдоо менен бузулуунун себептерин жакшы билгени эле. Конфуций мунун баарын аңдай алчу. Бул Конфуций менен ошол мезгилдин негизги карама-каршылыгы болчу. Ага карабастан, Конфуций «адамды сүйүүчүлүк» идеясын бийик көтөрүп чыга алган, ошондой эле маданий баалуулуктарды жайылта билген, эл агартуу процессине, жөнөкөй айтканда, билим тармагына абдан чоң салым кошкон, анын өнүгүү талаптары азыр деле жашообуздагы эң башкы бийик мүдөө бойдон калып келет. Конфуций узак мөөнөттүү кытай маданиятынын эң эрте кездегиси тургай, азыркы учурдун дагы абдан маанилүү кыймылдаткычы жана кармап турган кыр аркасы болуп саналат.
Конфуций ар дайым тарыхый инсандарга сын айтуу, баа берүү аркылуу гана шакирттерине билим берип эле тим болбогон. Ал өзү дагы тарыхты изилдеген, андыктан ал Кытай мамлекетинин эң алгачкы тарыхчыларынын бири болуп саналат.
Ал тарыхка, өзгөчө маданияттын тарыхына өтө терең кызыккан. Ал улгайып калган кезинде Лу падышачылыгынын тарых китебин жазып баштаган, анда башка мамлекеттердин тарыхый окуяларына дагы маалымат үчүн көп кайрылган. Бул эң бир баалуу тарыхый эмгек Лу падышачылыгынын бирден бир тарыхын чагылдырган китеп «Жаз жана күз» деп аталат.
«Менин бул китебим чыгармачылыкка кирбейт, укмуштай эмгек деп да мактана албайм, мен тек гана мурунку окуяларды кийинкилерге айтып берүүчүмүн. Мен байыркы нерселерди жакшы көрөм, анын үстүнө элге түшүндүрүү иштерин жасоого дилгирмин», – дечү аталган эмгеги тууралуу ал.
Жаштарга билим берүүдөгү Конфуцийдин окутуу ыкмасына кайрыла турган болсок, анын эң чоң өзгөчөлүгү – адамга кайсы бир өнөрдү өздөштүрүүгө түрткү берүүгө басым жасагандыгы. Конфуций ар бир шакиртинин мүнөзүнө, негизги артыкчылыктары менен кемчиликтерине жараша билим берүүгө аракет кылган.
Ошентип, Конфуцийдин даңктуу жана үлгүлүү жашоосунун эӊ акыркы жылы келген. Бул убак биздин заманга чейинки 479-жыл болчу, Лу падышасы Ай-гун 60 жашка толгон. Ошол жылдын жаз айларында Конфуций ооруп калат.
Бир күнү таӊга маал Цзы-гун Конфуцийди көргөнү келет. Ал Конфуцийдин боюн түз кармап, колун аркасына алып, колуна таягын алып, эшиктин алдында турганын көрөт. Ал бирөөнү күтүп жаткан сыяктуу эле. Конфуций Цзы-гунду көрөрү менен: «Эх, сен эмнеге мынча кеч келдиӊ?» - деп сурайт. Цзы-гун ооз ачып жооп бергиче Конфуцийдин мындай деген ыры угулат:
«Улуу устун сынганы турат,
Тайшань тоосу ураганы калды.
Акылман адам чөп сымал,
Күзү келип, куураганы калды!»
Бул Конфуцийдин эӊ акыркы ыры эле. Ырдагы «акылман адам» бул Конфуцийдин өзүнө берген эӊ алгачкы жана эң акыркы мүнөздөмөсү жана мактанычы болгон. Ал ырдап жатканында, эки көзүнөн жаш шорголоп агып турган. Цзы-гун ошондо гана анын оорусу күчөп кеткенин байкаган. Конфуций ушул күндөн баштап төшөк тартып жатып калат. Жыгылганына жетинчи күн болгондо ал шакирттерин азапка салып, бул дүйнө менен кош айтышкан.
“Конфуцийдин таржымалы” китебинде дүйнөлүк даанышмандардын жана ойчулдардын бири Конфуцийдин өмүр таржымалы кеңири берилип, адамгерчилик, айкөлдүк, бийлик, салт-санаа, нарк-насил, илим-билим, достук, милдет, маданият, тарых тууралуу айткан накыл кептери камтылган.
«Чыгыш адабияты жана искусствосу»
басма компаниясынын башкы редактору
Назгүл Асанакунова
Урматтуу окурман, аталган кызыктуу китепти окуп, акыл казынаңызды байытып, жаштарга улуу инсандар тууралуу бир ооз кеп айта жүрүңүз...