УЛУУ КЫТАЙ ДУБАЛЫНЫН ТАРЫХЫ
Автору Хы Чаңлиң
“Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы тарабынан кытай тилинен кыргыз тилине которулуп (которгон Алтынай Темиркан кызы), окурмандардын назарына сунушталып жаткан бул «Кытай баалуулуктары» сериясынан “УЛУУ КЫТАЙ ДУБАЛЫНЫН ТАРЫХЫ” аттуу китеп тууралуу кыскача баяндап берели. Бул китептен дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон Улуу Кытай дубалы тууралуу кенен маалымат аласыздар.
Улуу Кытай дубалы – кытай элинин күжүрмөн эмгекчилдигинин жана даанышмандыгынын символу, ошол эле учурда Египет пирамидалары сыяктуу дүйнө архитектурасынын тарыхындагы кереметтүү көрүнүш, кытай улутунун сыймыгы болуп саналат. Б.з.ч. 221-жылы Чин Шихуаң өлкөнү бириктирүү максатында Кытай тарыхындагы алгачкы феодалдык династияны түзөт. Чин Шихуаң түндүктөн басып келаткан сиоңнуларды (хун, сун, гун сыяктуу көчмөн уруулар – ред.) кууп чыгуу үчүн ал жакка улуу аскер башчы Мэн Тянды жиберет. Ошондой эле, Ян, Жао, Чин сыяктуу үч өлкө чоң эмгек жумшап, материалдык ресурстарды коротуп курган дубалдын негизинде батышы Линтао үйөзүнө, чыгышы Лиаодоң аймагына чейин созулган Улуу Кытай дубалынын пайдубалын түзүшөт.
Дубалды куруу иштери б.з.ч. VII кылымдын ортосунда кайра жанданган. Ошол убактагы Чу мамлекети душмандардан коргонуу үчүн узундугу 100 лиге (1 ли – 0,5 км) жеткен дубал курат, адамдар аны адегенде «төрт чарчы дубал» деп аташкан. Кийин Чи, Вей, Чин, Жао, Жоңшан жана Ян өлкөлөрү душмандардан коргонуу максатында чек араларына дубал курушат. Бул архитектуралык эстеликтин пайдубалынын курулушу б.з.ч. 3-кылымда же император Чин Шихуанди (Чин династиясы) башкарып турган мезгилде башталып, курулуш иштери 2100 жылга созулган.
Хан доорунда Улуу Кытай дубалы батыштан Хыси аймагынан өтүп, Синжиаң автономдук аймагына чейин жеткен, ал эми Гансу провинциясынын Дунхуаң шаарына Йүемынгуан жана Яңгуан деген эки сепил курушкан. Ушул учурдан тартып дүйнө жүзүнө белгилүү Улуу Жибек жолундагы алака өркүндөп, Кытай менен Батыштын ортосундагы байланыш бекемделет, мындан тышкары, чек арага жакын аймактарда жашаган аз сандуу улуттар менен ички аймактардын ортосундагы байланыш да бекемделет.
Улуу Кытай дубалынын пайда болушу
Кытай кул ээлөөчүлүк доорго киргенден кийин, кул ээсинин пейил-наркы бузулуп, алар башкаруучулардан өзүнүн жана байлыгынын коопсуздугу үчүн шаарды тегерете дубал менен курчоону талап кылышкан. Ву падыша Ди Синди жеңип Жоу падышачылыгын кургандан кийин, жерлер менен кулдарды падышанын уул-кыздарына жана эмгеги сиңген мамлекеттик ишмерлерге бөлүп бере баштаган. Алар өздөрүнүн түшүмдөрүн жана жерин коргоо максатында шаардын сыртына дубалдарды курдура башташкан. Ошол эле учурда түндүктө мал чарбачылыгы менен алектенген элдин күтүүсүз кол салуусунан коргонуу үчүн чек арага катары менен «Чек арадагы чеп» деп аталган коргондорду курушат.
Эл арасында «Көп жыл ынтымакта жашаган империя бөлүнөт, көп жыл чачыранды болуп жашаган империя биригет» деген сөз бар. Феодалдардын ортосунда бийлик үчүн күрөш башталып, падышачылык күчүн жоготуп, абдан бакубат деп эсептелген Жоу падышачылыгы да мындан кача албай, кул ээлөөчүлүк коому феодалдык коомго орун бошотот. Жаңы жана эски коомдун кармашынан феодалдык коом жеңип чыгып, борборлоштурулган бийлик түзүлөт. Чунчиу жана Жоолашкан падышалыктар убагында бат-баттан болуп турган ырайымсыз согуштар элди оор абалга дуушар кылат. Бирок ошол мезгилдеги көз каранды мамлекеттердин куралдары согуш талаптарына жооп берген эмес, ошондуктан белги берүүчү мунараларды, шаарды тегеректеген дубалдарды, дарыя-өзөндөрдү, жарларды, казылган аңдарды, жолдорду жана башкаларды бириктирүү сунушу пайда болуп, мунун жыйынтыгында чек арага чоң масштабдагы сепил-дубалдар курула баштайт. Бул коргонуу системасынын коргондордон айырмасы ал чакан шаарды же бир гана аймакты коргобостон, чоң аймакты өзүнө камтыган. Ал узун тилке сыяктуу курулуш болгондуктан, «Улуу Кытай дубалы» деп аталып калган.
Көз каранды мамлекеттердин дээрлик бардыгы чек араларынын өздөрү керектүү деп эсептеген жерлерине коргон курушкан. Алардын кээ бирлери Чу, Чи, Чин, Жао сыяктуу душман өлкөлөрдүн мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүсүнөн коргонуу үчүн курулса, Чин жана Жао өлкөлөрүнүн түндүк тарабында курулган дубалдар сиоңну (сун, гун, хун) көчмөн урууларынан коргонуу максатында курулган. Арасынан Чи жана Чу өлкөлөрүнүн чегиндеги дубалдар мурунураак, ал эми Чин жана Жао дубалдары кийин курулган.
Чу мамлекетинин (б.з.ч. 704-ж.) дубалы «Төрт чарчы дубал» деп дагы аталат. «Ханшу. Географиялык түшүндүрмө» китебинде: «Йеде Төрт чарчы деп аталган Улуу дубал бар, ал Чудагы Йегоңдун душманы» деп жазылган. Хан доорунда Төрт чарчы дубал «Узун» дубал деп аталып калган. Хан доорундагы «Хуайнандык баланын философиясы» аттуу китепте «ийри-буйру төрт чарчы дубал куруу» деген сөз бар, демек, Төрт чарчы дубал узун жана ийри-буйру болгон. Түндүк жана Түштүк падышачылыктар доорунда жашаган Ли Даоюандын «Суу жолунда жүрүүнүн эрежелери» аттуу китебинде да Төрт чарчы дубал ийри-буйру тоолордун үстүндө үзгүлтүксүз созулуп, бир канча жүз лиден ашкандыгы жазылган, аны кээде «Төрт чарчы дубал», кээде «Узун дубал» деп жазышкан. Төрт чарчы дубал – бир канча жүз ли узундукка созулган узун дубал, ошондуктан алгачкы дубал «Улуу Кытай дубалы» деген атка конгон. Көз жоосун алган Улуу Кытай дубалында дүйнөгө белгилүү Бадалиң, Сыматай, Мутиеню, Жүйоңгуан ж.б. дубалдары жайгашкан. Алардын ар бири өзгөчөлүккө жана өзүнчө тарыхка ээ.
1987-жылы ЮНЕСКО тарабынан «Дүйнөнүн маданий мурастарынын» тизмесине кирген Бадалиң дубалы – Миң доорундагы Улуу Кытай дубалынын эң керемет бөлүгү. Маанилүү стратегиялык аймакта жайгашкан Бадалиң дубалы өлкө ичинде жана дүйнө жүзүнө кеңири белгилүү. Бул жер 1961-жылы Мамлекеттик Кеңеш тарабынан «Өлкөдөгү алдынкы жана маанилүү корголуучу маданий мурас» деп бекитилген, 1990-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан «Дүйнөнүн маданий мурасы» деген тастыктама алган. Ал Бээжин шаарынын түндүк-батыш тарабынан 60 км аралыктагы Янчиң үйөзүнүн чегинде жайгашкан. Бадалиң тозоту – Жүнду тоосундагы дубалдын борбору. Ал Миңжы мезгилинин 17-жылы (1504-жылы) Миң династиясынын аскер башчысы Чи Жигуаң жана анын кол алдындагы аскерлер тарабынан курулган. Ванли мезгилинин 10-жылы (1582-жылы) Жигуаң кайра куруп чыккан. Улуу Кытай дубалынын маанилүү бөлүгү жана Жүйоңгуан тозотунун олуттуу калканчы болуп саналат. Дубал чоң-чоң кыштардан абдан бийик жана бекем болуп курулган, анын ылдый жагы гранит таманташ менен, ал эми үстүнкү бөлүгү төрт чарчы жылмакай кыш менен тургузулган. Бүгүнкү күндө биз көрүп турган дубалдын бийиктиги 8.5 метр, кеңдиги 6.5 метр.
Урматтуу окурман, Улуу Кытай дубалынын тарыхы тууралуу кеңири билгим келет десеңиз, “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы тарабынан кытай тилинен кыргыз тилине которулуп чыгарылган «Кытай баалуулуктары» сериясынан “УЛУУ КЫТАЙ ДУБАЛЫНЫН ТАРЫХЫ” аттуу китепти “Шанс” интернет-дүкөнүнөн онлайн буйрутма берип, сатып алсаңыздар болот.
НАЗГҮЛ АСАНАКУНОВА
“Чыгыш адабияты жана искусствосу”
басма компаниясынын башкы редактору