КИЙИМДИН ТАРЫХЫ

КИЙИМДИН ТАРЫХЫ

Автору Ваң Юлей

     “Адамдын көркү – чүпүрөк” дегендей, жарашыктуу кийим адамдын көркүнө көрк кошуп, анын жагымдуу көрүнүшүн камсыз кылат. Ошондой эле аны көргөн адамдарга да жагымдуу маанай тартуу кылат. Кийинүү маданияты учурда болуп көрбөгөндөй өнүгүп, ошого жараша адамдардын кийимге болгон эстетикалык мамилеси, этикалык маданияты күн санап өзгөрүүдө.

     Ооба, кийим адамзат маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет. Кийим – бул адамдын жеке табитин, жаш курагын, социалдык абалын, коомдогу статусун чагылдырып туруучу күзгү. Демек, кийинүү маданиятынын адамзаттын улуу жолунда өзүнчө тарыхы, пайда болуу муктаждыктары, өнүгүү динамикасы, мыйзам ченемдүүлүктөрү да бар. Алгачкы общиналык коомдогу адамдар бак-дарактын жалбырактарын жамынып, жашоо муктаждыктарынан улам суук жыл мезгилдеринде жаныбарлардын терилеринен кийим жасоого аргасыз болгондондуктан жана жаныбарлардын терисин жамынып аң улоого чыгуу бир канча артыкчылыктарды жараткандыктан, кийим даярдоо искусствосу пайда боло баштаган. Ошол мезгилден тартып азыркы күнгө чейинки кийим маданиятынын өнүгүп-өөрчүү мыйзам ченемдүүлүктөрүнө, өзгөрүү кыймылына көңүл бурууда көптөгөн кызыктуу маалыматтарга күбө болобуз. Белгилүү болгондой, миңдеген жылдарды басып өткөн адамзат жашоосундагы кийим тарыхы тууралуу так маалыматтарды табуу оңойго турбайт.

     5000 жылдык тарыхы бар Кытай элинин кийим тарыхын изилдеген улуу илимпоз Ваң Юлейдин «Кытай баалуулуктары» сериясынан “КИЙИМДЕРДИН ТАРЫХЫ” аттуу изилдөөсүн окуп чыгууңуздарды сунуш кылабыз. Албетте, ар бир улуттун жеке маданияты – бүткүл адамзат маданиятынын бир бөлүгү. Тактап айтканда, бир улуттун маданияты башка улуттардын маданияттары менен болгон окшоштуктарга, жалпылыктарга ээ. Адамзат тарыхындагы маданияттын баскан жолун, өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн, өнүгүүдөгү диалектикалык карама-каршылыктарын, ар бир өзгөрүүнүн келип чыгуу себептерин чагылдыра алат. Андан сырткары ар бир элдин маданияты алардын улуттук жеке өзгөчөлүктөрүн, башкалардан айырмаланып турган дүйнөгө көз карашын, жашоо манерасын чагылдырып турарын да белгилей кетебиз.

     Ваң Юлейдин кийимдердин тарыхы аттуу эмгеги “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы тарабынан кытай тилинен кыргыз тилине түз которулуп, басмадан чыкты. Китеп жалпысынан 117 беттен туруп, кытай кийиминин тарыхы 10 бөлүмгө камтылган. Бул чакан эмгекте алгачкы общиналык коомдон тартып азыркы күнгө чейинки кытай элинин кийим тарыхынын урунттуу учурлары баяндалган. Кийинки сөз ушул багытта болсун.

     Биринчи бөлүмдө алгачкы коомдо жашаган адамдардын кийимдери, алардын түзүлүшү жана кытай салттуу кийимдеринин келип чыгышы тууралуу маалымат берилет. Маалыматка ылайык, алгачкы коомдогу адамдарда кийим-кечек, аны тигип даярдоо боюнча түшүнүк деле болгон эмес. Алар жөн гана бак-дарактардын жалбырактарын жамынып жүрүшкөн. Жылдын суук мезгилдеринде зарылдыктан улам жаныбарлардын терисинен кийим даярдоого аргасыз болушкан. Андан сырткары жаныбарлардын терисин жамынуу аңчылыкка чыгууда да бир топ артыкчылыктарды жараткан. Алсак, айбандардын өзүлөрүнө окшош терини жамынып, аларга жакындаганда коркуп качып кеткен эмес.

     Археологиялык изилдөөлөрдө табылган айрым буюмдар кийим тарыхы боюнча көптөгөн баалуу маалыматтарды берет. Алсак, болжол менен мындан19 миң жыл мурун жасалган укмуштуудай курч сөөк ийне, жылмаланган таштар жаныбарлардын кургатылган терисинен кийим даярдоо үчүн колдонулганын белгилешет. Ошол мезгилде башталган териден кийим даярдоо өнөрү азыркы күнгө чейин өз баркын жоготпой, замандын өнүгүшү менен бул өнөр да улам байытылып, улам көркөмдөлүп келе жатат.              Кийинчерээк жер иштетүү, мал багуу иштерин өздөштүрө баштаганда, жип ийрүүчү ийиктерди колдоно баштаганы белгилүү болгон. Бул, албетте, кийим өнөрүнүн өнүгүүсүнүн маанилүү бир баскычы десек жаңылышпайбыз. Изилдөөлөрдөн улам, байыркы таш доорунда кийим тигүү аракеттеринин натыйжасында азыркы кийимдердин негизи келип чыккандыгы белгилүү болгон.

     Неолит дооруна тиешелүү урандылардан археологдор түрдүү шурулар тагылган баш кийимдерди, териден тигилген өтүктү, чач кооздуктарын, чачка тагылган сөөктөн жасалган шуруларды, таштан жасалган куралдарды, ошондой эле нефрит жана башка асыл заттардан жасалган буюмдарды табышкан. Неолит доорундагы мындай ар түрдүү кийимдер жана жасалгалоочу буюмдар ошол кезде кеңири таралып, чоң мааниге ээ болуу менен, кытай улутунун кийим маданиятынын негизги өзөгүн түзүп, азыркы өнүгүүсүнө башат болгон.

     Кийим адамзат маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгондуктан, адамзат кандай коомдук баскычтардын басып өтсө, кийим өнөрү да ар бир коомдук баскычка ылайык өзгөрүп, байып жүрүп отурган. Маселен, кул ээлөөчүлүк замандын тушунда Кытайда таажы баш болгон падышалык кийимдер пайда болгондугун, падышачылыктардын алмашып турушу менен бул кийимдер улам жакшыртылып, кийинчерээк каадага ылайык жасала баштагандыгын белгилешет.

     Таажы өкүмдардын жогорку бийлигин жана анын адамдык сапаты бийик экенин билдирген. Падышалардын салтанаттуу кечелерде кийген баш кийимдери алардын коомдогу жогорку макамын айгинелеп турган. Алардын жеке эле таажысы гана эмес, башка кийимдерине түшүрүлгөн оймолор, саймалар, башкача түстөрү, өзгөчө саркеч түрдө тигилиши башкалардан айырмалаган.

     Бул мезгилдеги дагы бир белгилей кетүүчү жагдай – бул жибек кездемелеринин колдонула баштагандыгы. Археологиялык табылгалардын негизинде бул мезгилдеги кытай эли жибек куртун багып, жибектен кийимдерди жасай баштагандыгы белгилүү болгон. Коом бай-кедейге бөлүнгөн бул учурда колунан келгенине жараша жана мансап-даражасына ылайык  кийине баштагандыгы белгилүү болгон. Бул да болсо кийим өнөрүнүн дагы бир баскычка көтөрүлгөндүгүн айгинелеп турат. Жибек иштетүүнүн улам өнүгө башташы, аны менен кийим тигүү өнөрүнүн тез өөрчүшү эмгекте конкреттүү фактылардын негизинде ынанымдуу берилген.

     Чин империясынын бийлиги учурунда Кытайда феодалдык жашоо мыйзамы орноп, империянын бийлиги астында Кытайдагы падышачылыктар биригип, мамлекет бир бүтүндүккө ээ болгон. Феодалдык мамлекеттердин биригиши күндөн-күнгө күч алып, ага жараша экономикасы өнүгүү менен, кийим кийүү процессинде жөнөкөйлүк жана ыңгайлуулук акырындык менен модага айланган. Чин доорунун кийимдери Хан дооруна мурас болуп өтүп, тигүү өндүрүшү бир кыйла алдыга жылды. Жоолашкан падышачылыктар заманында пайда болгон жип ийрүүчү ийик, аркан эшүүчү станок, кайчы, токуу станоктору дагы да өнүктүрүлүп, бул жаңычыл тигүү жабдыктары аймактарга кеңири таралган. Буга байланыштуу текстиль өндүрүшү өнүккөн, анын чыгарган кездемелери менен кийим-кечелеринин көлөмү күндөн-күнгө көбөйө баштаган. Айта кетчү нерсе, археологиялык табылгалардын сандык көрсөткүчүнө таянып, окумуштуулар бул мезгилде кездеме даярдоочу станоктордун өтө көп колдонулгандыгын баса белгилешет.

     Бул кездеги мамлекеттик саясат дыйканчылыкты өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасагандыктан, соода-сатык иштерине анча көңүл бурулган эмес. Антсе да кийим соодасын жүргүзгөн сатуучуларга эч кандай кысым көрсөтүшкөн эмес жана ар кандай чектөөлөрдүн кийим сатуучуларга тиешеси болгон эмес. Бул да болсо коомдо кандай кыйынчылыктар болсо да, кийим тигүү жана аны сатуу өнөрү адамзат маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары өз баасын жоготпостугунун бир далили.

     Биздин замандын 220-581-жылдары кытай жергесинин төрт тарабында тең тынымсыз согуштар жүрүп турган. Ушуга байланыштуу Кытайдын түштүгүн мекендеген тургундар түндүккө көчүп башташкан. Ошондуктан Янжиан (Янцзы) дарыясынын боюнда экономика менен маданият үзгүлтүксүз өнүккөн. Мындан тышкары аз сандагы улуттардын түштүк тарапка көчүп келип отурукташуусу экономиканын жана маданияттын өнүгүүсүнө кенен жол ачкан. Албетте, бул кырдаал, шарт адамдардын күндөлүк кийинүү маданиятына да кыйла таасир берген.

     Ал кезде өзүн маданияттуу эсептеген адамдардын көпчүлүгү кенен тигилген кийимдерди кийүүнү туура көрүшкөн. Себеби замандын өзгөрүүсү, түшүнүктөрдүн алмашуусу менен адамдардын сырдуу күчтөргө ишенүүсү солгундаган, замандын оңолушу аларды жыргалдуу жашоого умтултуп, аземдүү кийинүүгө түрткү берген.

     Эмнеси болсо да, бай маданий мураска эгедер кытай элинин тарыхы канчалык көп кырлуу, канчалык татаал болсо, алардын кийим маданияты да миңдеген жылдарды камтыган татаал тарыхы менен биргеликте өмүр сүрүп, ар бир доордо ар түрдүү өзгөрүүлөргө учурап, байып жүрүп отуруп узак тарыхка, бай маданиятка ээ болду, өзүнө терең маанини камтыды.

     Ваң Юлейдин “КИЙИМДЕРДИН ТАРЫХЫ” эмгегинде ар бир доордогу кийимдер, аларга коомдук факторлордун тийгизген таасири, натыйжада пайда болгон өзгөрүүлөр, анын келип чыгуу себептери, чечмелениши тыкыр изилденип, бай материалдардын негизинде талдоого алынган. Китеп илимий жактан терең изилдөөнүн, археологиялык бай материалдардын негизинде даярдалса да, жатык тил менен жазылган. Ошондуктан аны ар бир адам окуп, жеңил түшүнө алат. Анын үстүндө кызыктуу маалыматтардын көптүгү да окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ишеничтебиз.

 

НАЗГҮЛ АСАНАКУНОВА

“Чыгыш адабияты жана искусствосу”

басма компаниясынын башкы редактору

 

 

Байланышта болуңуз