“Панда тууралуу повесть”
Автору Лиу Сиенпиң
Сиздердин китеп текчеңиздерге сунушталып жаткан бул чыгарманын өзөгүн түзгөн панда – кытай өлкөсүнүн баа жеткис байлыгы, кытай элинин улуттук сыймыгы.
Лиу Сиенпиңдин “Панда тууралуу повесть” китеби “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясы тарабынан кытай тилинен кыргыз тилине которулуп (кытай тилинен которгон Айзада Малабекова), жалпы окурмандарга тартууланат.
Чыгарманын темасы актуалдуу, мазмуну кызыктуу жана мааниси терең. Ошондуктан китеп чоңдорго да, балдарга да, жалпы эле окурмандардын кеңири катмарына арналат.
Китепте панданын экологиялык апааттан улам жок болуп кетүү коркунучу, Кытай мамлекетинин аны сактап калуу үчүн иштеп чыккан пландары, жөнөкөй жарандардын дагы кайдыгер карабастан мамлекетке жардам бергени кеңири чагылдырылат. Керек болсо өспүрүм балдардын да өз өмүрүн тобокелге салган эрдиктери окурмандарды терең ойго салат. Автор панданын жашоо образын илимий көз караштар менен далилдегенге аракет кылса, аны менен бирге эле мифологиялык маалыматтар менен да кеңири түшүндүрө алган. Андан тышкары адамзаттын табият менен тыгыз байланышы, табияттын сырдуулуугун өздөштүрө алуусу, мергенчилик, андагы жазылбаган мыйзамдар тууралуу да кызыктуу окуяларды камтый алган. Андан тышкары бамбук өсүмдүгүнүн 7-8 жылда бир жолу гүл ачкан маалында пандалар кырылууга дуушар болуп, панданын терисин сатуу үчүн кыра баштаган брокенерлерге каршы күрөштү жаш бадардын сезими, алардын тили, мамилеси менен бергенге аракет кылган.
Эми ушундай кызыктуу эмгекти жазган китептин автору тууралуу азын оолак айтып өтсөк, Лиу Сиенпиңдин жыйырмадан ашык мазмундуу чыгармасы басылып, жапайы жаныбарлар дүйнөсүн изилдөөнү баяндаган «Булуттар деңизинде керемет көрүнүштү издөө» романы, «Панда тууралуу повесть», «Тоо-таш жана түздүктөрдө кызыктарды издөө», «Лиу Сиенпиңдин жаратылыш тууралуу бир катар илимий изилдөөлөрү», «Илимий изилдөө романдарынын эстетикалык өзгөчөлүктөрү» китептери окурмандарга тартууланып, бир катар сыйлыктарга татыган. Бир катар чыгармалары чет тилдерине которулуп, көп өлкөлөрдө жарык көргөн. Автор Франция, Англия, Австралия, Канада, АКШ, Түштүк Африка, Норвегия жана башка мамлекеттердин чакыруусу менен лекцияларды окуган.
Мына ушундай жаратылыштын керемет дүйнөсүн чагылдырып, окурмандарды өзүнө тарта алган белгилүү кытай жазуучусунун эмгеги кытай тилинен (түп нускадан) кыргыз тилине дагы которулуп, кыргыз окурмандарына тартууланып жатканы биздин компания үчүн чоң сыймык.
Эми китептеги сюжеттерге бир аз токтоло кетсек, “Мөңгүлүү тоолордун ажайып көрүнүшү деген” бөлүмдө автор: “Панда – мамлекеттин кенчи. Бамбук – анын негизги тамагы. Бийик тоолордогу балдак бамбуктар гүлдөп, урук чачып, анан толугу менен куурап, пандалар тамак-ашсыз калышууда. Ачкалык пандаларды өлүмгө жеткирип, натыйжада мамлекеттин кенчи жок болуп барат...”, – дейт. Автор Лың Сиужүн аттуу селкинин көз карашы аркылуу бүтүндөй Кытай мамлекетинин кенчи катары саналган пандаларга болгон адамдардын мамилесин, коргоосун билдирген.
Андан ары кызыктуу сюжеттер менен чыгарма уланып отуруп, акыры Гуо Шан аттуу эр жүрөк бала менен карындашы Сиао Чиңдин панданы издеп, алыс жолго аттануусу, жалгыз көздүү желмогуз, гүлдүү арал, Ыарсыму бермети, чоң сакал каракчы тууралуу кызыктуу окуялар баяндалат.
Чыгарма панда тууралуу болуп жаткандан кийин, албетте, панданы сактап калуу аракетинин айланасындагы окуялардын жүрүшүндө “Эне панда жаңы гана баралына толгон көрүнөт, 8-9 жаш чамасы. Ал өтө катаал кыш мезгилин гана баштан өткөрбөстөн, буга кошумча, тамак-аштардын жаңы аймактарына ооп келди. Эгерде адаттан тыш нерселер болбосо, алар мындан ары жашап кете алышат. Бамбуктун гүл ачышы – бул жаратылыштын кайталанма көрүнүшү. Гүл ачып, урук таштап, жаңы бамбуктар өсүп баштаганга чейин көбүнчө 7-8 жыл керектелет. Анын көз карашында археологиялык жактан изилденген кээ бир материалдарда пандалар эт жеген жаныбарлар болгону далилденген. Ошол убакта алар кеңири жайылып жүрүшкөн. Бээжин шаарындагы Жоукоудиен аймагындагы маймыл кишинин калдыктарын казып алуу учурунда «Бээжин адамын» коштоп жүргөн көптөгөн жаныбарлардын сөөктөрүн (зоолит) табышкан. Бул жаныбарлардын калдыктары ошол убактарда мекени болгон түндүк тарапта пандалар абдан кеңири таралганын тастыктап, ал жана мастодонт үстөмдүк кылган жаныбарлардын тобун түзүшкөн. Климаттын, географиялык абалдын, адамзаттын өнүгүүсү сыяктуу ар түрдүү факторлордон улам, панда акырындык менен Сычуан, Шенси, Гансу провинциялары тараптардагы чектелген аймактарга сүрүлүп, ичкенжегендери да акырындык менен өзгөрүп, бамбук менен тамактанууга өтүшкөн. Тамактануунун өзгөрүшү дагы алардын күндөн күнгө азайышынын себебине айланган. Бирок панда акыр-аягы жок болуп кетпей, сакталып калды. Бул эне-бала панданын Сиарда пайда болушу бардык жерде бамбуктардын гүлдөгөнүн далилдеп турат. Пандалар жапырт өлүп, жок болуп жаткан убакта бир бөлүгүн өз убагында жаңы тамак-аш базасына көчүрүү керектелет. Бул пандаларды сактап кала алышса, эне-бала панданын, буга кошумча, илимий изилдөөгө да олуттуу мааниси болмокчу. Тек, алар басып өткөн жол маршрутун чийүү да маанилүү материал болуп берет. Тамак-ашка келсек, ар башка жерлердеги пандалар тарыхый себептерден улам, кайсы бир түрдөгү бамбукка ылайыкташкан. Кээ бирлери түстүү бамбукту, кээ бирлери жебе бамбукту же болбосо чарчы бамбукту жегенди жакшы көрүшөт. Мындай аймактарда ар түрдүү бамбуктардын ар башка убакта гүл ачышынын байланышы жок. Түшүмсүз жыл (кургакчылык жана суу каптоо), негизинен, бир гана түрдөгү бамбук өскөн жерлерде пайда болгон. Бул эне-бала панданын жампаларындагы анализдерден алар жебе бамбугун жана чарчы бамбугун жээрин билишип, алардын жашап кетүү мүмкүндүгүнө кепилдик берилген. Сиарда түстүү бамбуктун анда-санда жерде болушу тууралуу айтсак, пандалардын алар менен тамактанганы байкалган эмес. Балким, ал тараптагы түстүү бамбуктар гүл ачканы жаткандар. Гүл ачар алдындагы бамбуктардын аш болумдуулугу өзгөрүүгө учурайт”, – деген кызыктуу маалыматтар берилет.
“Тоо өтмөгүндөгү өрт” деген бөлүмдө автор “...пандалар тукум курут болуп бара жаткан жаныбарлардын катарына кирет. Тарыхтын өнүгүүсү муну түшүндүрүп койду. Ху Шужин жогорудагы катында качандыр бир кездерде биздин өлкөнүн түндүк тарабындагы жаныбарлар коомунда эдификатор болгонун, түштүктөгү Мьянмада (Бирма) анын калдыктарын табышканын эскерип өткөн эле. Биздин мамлекеттеги эң алгачкы ырлар жыйнагы болгон «Ырлар канонунда» (Шыжиң) акындын ага болгон мактоолору жазылып калган. Алар ээлеген кеңири аймактар тарыхтын чаңына басылып, эң акыры ушул кууш жана узун аймак гана калган. Биологиялык көз караштан алып айтканда, кайсы бир жаныбардын он чактысы калганын жокко чыгарып, таптакыр өлүп жок болду деп айта албайбыз. Анткени алардын экологиялык чөйрөсүндөгү көндүмдөргө негизделүүсүнөн улам билинбеген коркунучтардын, кооптуулуктардын чектери бар. Бул чектерди ашып өткөндө гана аларды кайра калыбына келтирүүгө, санын көбөйтүүгө мүмкүндүк жок болуп, жашоо үчүн гана күрөшүп калат. Пандалардын негизги тамак-ашы бамбук болгондуктан, ошондой эле улам арбып бараткан кыйынчылыктардан, токойдун кеңири аянттарынын жок болушунан жана башкалардан алар жашаган аймактар тынымсыз кичирейүүдө. Ымейшан тоосундагы пандалардын жок болушу жакынкы 20-30 жыл аралыгындагы эле окуя болчу. Бул коңгуроо эмеспи?! Ушул дүйнөдө сейрек кездешүүчү баалуулуктар, чындыгында эле, биздин муундагы адамдардын колунан тукум курут болору ыраспы?” – деп суроо салат.
Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкүдөй жаратылыш байлыктарын сактоого, экологияга орчундуу көңүл бурулуп жаткан убакта, адамдардын руханий дүйнөсү бөксөрүп, жер байлыктары, жаратылыш байлыктары коргоого муктаж болуп турганда мындай чыгармаларды окуп турса ашыкча болбойт деген пикирдебиз. Автордун бир эле панданын тегерегинде көп көйгөйлөрдү, адамзаттын жашоо-турмушу, адеп-ахлагына байланыштуу маселелерди чагылдырып бериши кайсыл гана мамлекет же кайсыл гана улут, же коомчулук болбосун талкууга ала турган темаларды ортого салат. Демек, ал – бардык жерде талкууга алына турган маселе, көйгөй.
Жаратылыш менен таттуу, тыгыз мамиледе болуп, жаратылыш байлыктарын сактай билели!
НАЗГҮЛ АСАНАКУНОВА
“Чыгыш адабияты жана искусствосу”
басма компаниясынын башкы редактору